Издание книг за счет автора: очень дешево!
Кыргызская Советская Энциклопедия
  
WebMoney
Z189154646502
R429713653063
E189812731763
   Здесь находится аттестат нашего WM идентификатора 114912175470
www.megastock.ru
Самое дешевое издание книги за счет автора!  •  Китепти эң арзан чыгарабыз!
ggle_h

Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
oh_kaptal
• Интернет-китептер:
Кыргыз-китеп >>

КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

АКШ, к. Америка Кошмо Штаттары.

АКШдагы ГРАЖДАНДЫК СОГУШ (1861-65) Ж-А ТҮШТҮКТҮ ЖАҢЫЛАП КУРУУ (1865-77). Бул согуш капит. Түндүк м-н кул ээлөөчүлүк Түштүктүн ортосундагы экон. ж-а саясий кайчылаштыктын курчушунан келип чыккан. Түштүктөгү кулчулук АКШда капитализмдин өнүгүшүнө тоскоол болгон. 19-к-дын ортосуна жакын Түн. штаттарда кулчулукту жоюу үчүн кыймыл башталат (к. Аболиционизм). Өлкөдө Респ. партиянын таасири күчөйт. Анын кандидаты А. Линкольн 1860-ж-дагы шайлоодо президент болот. Бул окуя Штаттар союзунун кул ээлөөчүлүгү бар Түштүктүн каршы чыгуусуна сигнал болду. 1861-ж. февралда кул ээлөөчүлүгү бар штаттардын Конфедерациясы түзүлүп (буга 34 штаттык 11 штаты бириккен), гражд. согушка даярдык көрүлөт. Апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоң чыгарып, курал-жарактар топтолгон жерлерди ээлеп алып, Түндүктө кулчулукту орнотууну көздөшкөн. Ал кезде 22 млн калкы бар Түндүк ө. ж. продукциясынын 75% берген, т. ж. тармагынын 2/3 бөлүгүн ээлеген. Түш. тарапта 9 млн. калк болгон (булардын 4 млн-го жакыны негр кулдар эле). Күчү көп ' болсо да, Түндүктүн согушка даярдыгы аз болучу. Ошон үчүн согуштун 1-этабында (1861-62) Түндүк жеңилип, согуш создугуп кетет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси, К. Маркс алдын ала айткандай, согушту рев-ячыл жол м-н жүргүзүү чараларын көрө баштайт: Гомстедакт ж-дөгү закон кабыл алынат. Түш. штаттардагы негр кулдар жер албастан азаттыкка чыгарылат. Козголоңчулардын мүлкүн бекер алып коюу ж-дө ж-а АКШга чыккынчылык кылгандарга өлүм жазасын колдонуу ж-дө закон жарыяланат. 1863-ж-дан тартып согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миң негр кошулат, булардын 72% козголоңчу штаттардан келет; 250 миң негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Жумушчулар полктору көбөйөт. Козголоңчуларга каршы чабуул жаңы план б-ча жүргүзүлдү: аскерлер Миссисипи д-сын бойлоп аракеттенип, Көнфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштады. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, кол өнөрчүлөр кошулушту. Түндүктүн жеңишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алар чалгындоо жүргүзүүнүн, козголоңчулардын аскерлерине тылдан кол салып турушкан. 1865-ж. 3апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору Ричмонду алды. Бир нече убакыттан кийин козголоңчулардын аскерлери багынууга аргасыз болду. Гражд. согушта Түндүктөгүлөргө ар түрдүү улуттагы жумушчулар ж-а Европадан эмиграцияга барган революционерлер катышышкан. Англиянын жумушчулары өз өлкөсүнүн өкмөтүнүн козголоңчуларга жардамдашуусуна каршы турушкан. Англия м-н Францияга жоо болуп турган биримдиктүү Кошмо Штаттардын турушун каалаган Россия 1863-ж. 2 эскадра жиберүү м-н Линкопъндун өкмөтүнө жардам көрсөткөн. АКШдагы бурж.-демокр. ревянын 1-этабы болгон гражд. согуштун бүтүшү м-н негрлерге жер ж-а ак адамдар катары укук берүү максатындагы кыймыл күчөгөн. Тарыхта бул Түштүктү жаңылап КУРУУНУН башаты ж-а 1865-77ж-дагы бурж.-демокр. рев-янын 2-этабы деп аталат. Бирок буржуазиянын чыккынчылыгынын натыйжасында негрлер укуксуз бойдон калтырылды. Түштүктөгү пгааттарда мурдагы кул ээлөөчулөр бийликти кайрадан ээледи. Плантаторлор негрлер үчүн катаал тартип орнотту. Түштүктү кайра куруу мезгилинин аякташы Америкадагы экинчи рев-янын басаңдоо этабы болгону м-н, мында кулчулукту түбөлүккө сактоо планы ойрондолду, капитализмдин өнүгүшүнө жол ачылды.

АКШнын ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ (АДП) - АКШнын монополисттик капиталынын негизги эки партиясынын бири. 1828-ж. түзүлгөн, Адегенде Түштүктүн кул ээлөөчү плантаторлорун, алар м-н байланышкан Түндүктүн буржуазиясынын айрым бөлүгүн, фермерлердин бир кыйла тобун ж-а майда буржуазияны бириктирип турган. 1828-ж-дан 1861ж-га чейин АДП башкаруучу партия болгон. 1861-65-ж-дагы гражд. согуштан кийин АДП м-н Респ. партиянын ортосундагы айырма тездик м-н жоюлуп, импер. доордо бул экөө тең монополисттик капиталдын саясий уюму болуп калган. 1861-1969жылдар ичинде 44 жыл бийликте болду. АДПнын туруктуу мүчөсү болбойт. Чындыгында партияны штаттарда, шаарларда ж-а графтыктарда иштеп жаткан ар түрдүү рангадагы жетекчи адамдардан турган партиялык аппарат гана түзөт. Съезди 4 жылда бир болуп, президенттикке ж-а вице-президенттикке кандидатураларды көрсөтөт, партиянын платформасын кабыл алат, бирок бул партиянын мүчөлөрүн эч нерсеге милдеттендирбейт. Президент (партия бийликте болсо) же мурдагы президент, же ага кандидат (ал оппозицияда болсо) партиянын лидери болуп калат.

АКШнын КОММУНИСТТИК ПАРТИЯСЫ (АКП) 1919-ш. сент. Чикагодо негизделген. 1-5-сентябрда Американын Компартиясынын уюштуруу съезди болуп өткөн. Аны Соц. партиядан бөлүнүп чыккан Рутенберг башкарган солчулдар тобу чакырган. Ошол эле жылы 31-августтан 5-сентябрга чейин Американын Коммунисттик жумушчу партиясынын уюштуруу съезди болуп, аны Дж. Pud башкарган солчулдардын дагы бир тобу чакырган. 1920-ж. эки топ өз ара мамилеге келип, 192Гж. май айында Американын Бириккен компартиясына баш кошкон. 1921-ж. уюштурулган Американын легалдуу Жумушчу партиясына Американын Ъщяыжен. компарт&яъъг да тжрген.. 1923-ж-дын аягынан партия Американын Жумушчу (Коммунисттик) партиясы, 1930-ж. июнунан АКШнын Компартиясы деп атала баштаган. Ал троцкизмге, ревизионизмге, сектантчылыкка каршы күрөшүп, 1929-ж. өз ичиндеги ревизионисттик группировкадан арылган. 1929-33-ж. жумушсуздардын, жакырданган фермерлердин мүдөөсү үчүн демонстрацпялар уюштурган. Анын демилгеси б-ча Негрлердин укуктарын коргоо лигасы түзүлгөн. Өлкөнү фашисттештирүү аракеттерине каршы курөшкөн. 2-дүйн. согуштан кийин АКИ оңчул оппортун. элементтерге, ликвидаторлорго каршы күрөшүп, ишин жашырын жүргүздү. Амер. империализмдин агрессивдүү саясатын ашкерелеп, тынчтыкты жактады. АКПнын 21съезди (1975-ж., июнь) саясий рез-я кабыл алып, анда марксизм-ленинизм позициясында азыркы эл аралык абалды, капитализмдин жалпы кризисин, анын АКШдагы бөтөнчөлүктөрүн анаяиздеди; партиянын, профсоюз, жаштар ж. б. коомдук уюмдардын милдеттерин белгиледи. Анын делегациясы Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын 1957-ж-дагы (Москва) кеңешмесинин документтерин кубаттады. Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын (1960, 1969, Москва) эл аралык кеңешмелерине катышты, алардын документтерин жактырган. Партиянын иши демокр. централизм принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Партиянын жогорку органы - съезд. Борб. органы - "Дейли уорлд", теориялык органы - "Политикал афферс" журналы.

АКШнын РЕСПУБЛИКАЛЫК ПАРТИЯСЫ (АРП) - АКШнын монополисттик капиталынын негизги эки саясий партиясынын бири. 1854-ж. буржуазия өкүлдөрү негиздешкен. АРП 1860-ж. бийликке келип, президенттикке А. Линкольн шайланган. АКШдагы гражд. согуштан кийин АРП ири капиталдын, импер. доордо монополисттик капиталдын негизги партиясы болгон. Демагогиялык ураандарды көтөрүп, алдоо, шайлоочуларды сатып алуу жолу м-н көп жылдар бою бийликте турган. 1968-ж. шайлоодо АРП кайрадан бийликке келди. Биринчи ж-а экинчи дүйнөлүк согуштун убагында АРПнын лидерлери реакциячыл позицияны ээлешкен. Улуттук-боштондук кыймылынын ашынган душманы АРП эң ири монополисттик чөйрөлөр м-н тыгыз байланышта турат. Алар партияга каражат жагынан колдоо көрсөтүп, анын саясатына багыт берет. АРПнын уюмдаштыруу структурасы АКШнын демокр. партиясыныкына окшош: туруктуу мүчөлөрү болбойт, съезддери президенттикке ж-а вицепрезиденттикке кандидаттарды көрсөтүш үчүн гана чакырылат. Партиядан ким президенттикке шайланса, ал анын лидери болот. Съезддердин аралыгында улутту комитет иштейт.

АКШАК - ар түрдүү өсүмдүктөрдүн майдаланган же майдаланбаган данынан даярдалган тамак-аш азыктарынын бир түрү. А. таруу, кара күрүч, күрүч, жүгөрү, арпа, сулу, буудай ж-а буурчактай алынат. А-тын составында углевод, белок ж-а май көп. Сов. Союзунда А-тын ЗОдан ашык түрү жасалып, сапаты жалпы союздук стандарт м-н белгиленет. Негизги көрсөткүчтөрү: өңү, даамы, жыты, нымдуузгүгу (И-14°|0тев. көп эмес4), дайынын бир түрдүүлүгү, составы. А. тартууда төмөнкү негизги технол. процесстер аткарылат: 1) даярдоо (данды сепаратордо, триерде, сорттоочу ж-а таш терүүчү машинада тазалоо); 2) гидротермияльгк процесс (бууландыруу ж-а кургатуу); 3) негизги процесс (дандын кабыгын ар ТҮРДҮҮ машиналарда аарчуу, элөө, сапыруу ж-а сорттоо); 4) кошумча процесс (жылмалоо, жалтыратуу, сапатын текшерүү ж-а таразага тартуу).

АКШАК ЭГИНИ - акшак алынуучу өсүмдүктөр. А. э-не негизинен гречиха, күрүч, таруу, сорго, полба кирет. Арпа, сулу, жүгөрү, буудайдан да акшак тартылат. Өтө баалуу акшак өсүмдүктөрүнүн бири-гречиха. Анын акшагы азыктуулугу, даамы ж-а сиңимдүүлүгү б-ча жогору бааланат. Составында 10% белок, 3% май, 82% крахмал, 2% клетчатка ж-а 0,3% кант болот. Гречихада Bi, Вг витаминдери көп. Күрүч акшагы да негизги азык катарына кирип, сапаттуу ж-а жеңил сиңүучү азык заттарына бай келет. Таруу акшагында белок м-н май арбын. Күрүч, гречиха ж-а таруунун түпкү мекени - Азия өлкөлөрү; соргонуку - Экватордук Африка. СССРде таруу Волга боюнда, Казакстанда, Украинада, РСФСРдин борб. кара топурактуу обл-тарында; гречиха болсо УССР, БССР ж. б. жерлерде; күрүч О. Азияда, Казакстанда, Закавказьеде, Приморье крайында, Түн. Кавказда, Түш. Украинада, Волга, Дондун төмөнкү жээктеринде эгилет.

АК-ШАР - Ош обл-нын Араван р-нундагы Төө-Моюн сельсоветине караштуу кыштак. "Пахтачы" с-зунун аймагында. Райондун борбору Аравандан 45 км бат. тарапта, Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 21 км. Калкы 600 (1974). Китепкана, орто мектеп, оорукана бар.

АК-ШЫЙРАК - Жети-Өгүз р-нунун (Ысык-Көл обл.) сыртындагы суу, Сары-Жаз суусунун оң куймасы. Уз. 98 км, алабынын аянты 2290 км2. Борколдой кырка тоосунун чыгышындагы мөңгүлөрдөн (Чолок-Капчыгай) башталып, Кайчы суусу м-н кошулганда, А.-Ш. деп аталат. Негизги куймалары: Бикиртик, Коёнду, Боз-Жалпак, Кайчы, Жангарт ж. б. Суу топтоочу аянтынын деңиз деңг. орточо бийикт. 3800 м. Чаты 2000 м бийиктикте. Кар, мөңгү сууларынан куралат. Жай айларында ташкындап, күзүндө тартылат. Жылдык орточо чыгымы 13 мг1сек, эң көбү 101 мъ]сек, эң азы 0,78 мъ\сек. А.-Ш-тын боюнан Ак-Шыйрак кыштагы орун алган. АК-ШЫЙРАК - Ысык-Көл обл-нын Жети-Өгүз р-нундагы Ак-Шыйрак сельсоветине караштуу кыштак. Ички Тянь-Шандагы Ак-Шыйрак суусунун боюнда. Райондун борбору Покровкадан 248 км. түш.-чыг. тарапта, Рыбачье т. ж. станциясынан 446 км. Калкы 669 (1974). Башталгыч мектеп, китепкана, оорукана бар.

АК-ШЫЙРАК КАЛАЙ КЕНДҮҮ РАЙОН - Туш. Тянь-Шань зонасындагы калай кендери жаткан аймак. Ага Ак-Шыйрак м-н Көөлүү кырка тоолорунун түш. капталы, Какшаал кырка тоосунун ортоңку бөлүгүнүн түн. капталдары кирет. Түндүгүнөн Ат-ВашыЭңилчек терен жаракасы аркылуу Ортоңку Тянь-Шань зонасынан бөлүнөт. Райондо Үч-Кошкон, Сары-Булак, Таштар-Ата, "Лагерный" сыяктуу ондон ашык калайдын кени орун алган. Райондун геол. түзүлүшүндө негизинен карбон мезгилинин ортосу м-н аягында пайда болгон кумдун, алевролит, аки таш теги ж-а чополуу сланең сыяктуу чөкмө тоо тектер бар. Аларды карбондун аягы м-н перМь мезгилиндеги габброид, гранодиорит, биотиттүту ж-а лейкократтуу гранит пнтрузиялары м-н гранит-порфир, кварцтуу порфир ж-а майда кристаялдуу граниттердин дайкалары ж-а штоктору жиреп чыккан. Тоо аралык ойдуңдарда, өрөөпдөрдө палеоген-неогендин ж-а антропогендин чөкмөлөрү жатат. Тоо тектер герциндин аягындагы бүктөлүүлөргө учурап, түн.чыг. тарапка багытталган структураны түзүп, тектоникалык жаракалар м-н тилкеленген. Райондогу рудалардын негизгиси - калай. Кендердин пайда болушу граниттер, гжрьгкча алардын кичине интрузиялары м-н байланыштуу. Калай кендериждч негизги типтери турмаЯиндүү ж-i галенпт-сфалериттүү болуп, рогоамк-екарндуу, касеитерит-силикаттуу ж-а касситерит-сульфиддүү формаLZ -. -;г-;ан турат. Рудалар жалпысыш кварп. турмалин, флюорит ж-а касежтернттен же галенит, сфалерит, иссжтерпттен түзүлгөн тарамчалар ж-а ар түрдүү түспөлдөгү скарндар Т|'р"'юө болот. Алардан башка халькопирит, арсенопирит, пирит ж-а пирротин сыяктуу минералдар да бар. Рудалуу тарамдардын калыңд. 10- 12 м ге жетет. Райондогу калай кендери негизинен герцин металлогениялык доордо гидротерм-метасоматикалык жол м-н пайда болгон. Аймактагы калай кендеринин айрымдарын казып алуу иши пландаштырылууда.

АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ - Борб. ж-а Ички Тянь-Шандагы кырка тоо. Сары-Жаз суусунун алабы м-н Нарын д-нын башталышынын ортосунда түш.-батыштан түн.-чыгышка созулуп жатат. Уз. 50 км,, орточо бийикт. 4400-4800 м, эң бийик жери 5126 м, туурасы 30-34 км. Негизинен протерозой, силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринин чөкмө ж-а эффузив тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуңдарда, суу өзөндөрундө палеоген-неогендик кызыл түстүү чөкмө тектери ж-а антроногендик аллювий, мөңгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиепит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит ж-а турмалиндүү граниттер арбын. Пайдалуу кен байлыктарынан калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Коргошун жана курулуш материалдарынын кендери да белгилүү. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сары-Чат, Ээр-Таш, МайТөр), ортоңку (Кызыл-Эшме), түндүк (Үч-Көл), булардын чыг. жагы биригип кетет. Кырларын (4500-5000 м) ж-а өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000-4500 м) мөңгүлөр ээлейт. 3500- 4000 м бийиктикке альпы ландшафты мүнөздүү, о. эле тоо муздары сүрүп таштаган шагылдар көп. Түн. ж-а түш. этектери аркылуу тектоникалык жаракалар өтөт. А.-Ш. к. т-да аянты 432 км2те жеткен 131 мөңгү (Петров, Лысый, Давыдов, СНК, Кум-Төр ж. б.) бар. Эң ириси - Петров, мындан Нарын д-сы башталат. Өрөэн мөңгүлөpүнүн уз. 10--20 км ге жетет.

АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ, Ч аа р-Таш Фергана тоо тизмегинин борб. бөлүгүнүн чыг. тарабында. Түндүгүнөн Тогуз-Торо, чыгышынан Орто Нарын өрөөпдөрү м-н чектешст. Түш.батыштан чыгышты карай 70 км ге созулат, туурасы 6-10 км. Батышта Кылдоонун Бели (Ой-Кайыңды) аркылуу Фергана тоосуна кошулат. ОйКайыңды суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнун пайда кылган. Орточо бийикт. 3400-3600 м, эң бийик жери 3896 м. Гранит ж-а аки таш тоо тектеринен түзүлгөн. Чыгышында (Ала-Бука суусунун чатында) неогендик чополуу текке "чөгүп" кетет. Борб. бөлүгү бийик, түн. бети тик ж-а аскалуу. Үстү ж-а түш. капталы Жылмаланган, жайдак. А.-Ш. к. т. структурасы б-ча-горст-антиклиналъ. Ландшафт тилкелери көп еөрчүтөн эмес, чыг. ж-а бат. тараптары кургак талаа (2400-3400 м), түн. бети (Кул, Беш-Көл) карагайлуу. ОйКайыңды ж-а Оорук-Там тулаң бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, ит мурун, табылгы), түш. жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500- 2800 м).

АК-ШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ Борб. ТяньШандагы Сары-Жаз суусунун алабында. Түндүгүнөн Эшек-Арт, туштүгунөн Кайчы ж-а Кара-Зоо (ЖаңыАрт) тоолору курчап турат. Аянты 150-170 км2, уз. 30-35 км, туурасы 4-8 км. Орточо бийикт. 2800-3400 м. Рельефи ар түрдүү; чыгышы түзөң, батышы бийик, адырлуу, түн. ж-а түтн. жагы торпу белесчелүү. Неотектоникалык тиби - грабен-синклинорий. Жеринин бети кумдак, кызыл чополуу. Жер бетине гранит массивдери чыгып жатат. Климаты кескин континенттик, кышы суук (-30°- 40°С), жайы салкын, жылдык жаанчачын 150-200 мм. Кыртышы (ЖаңыАрт тоосунун түн. бетинде) коңур топурактуу, тескей ж-а күңгөй жактарында ачык-күрөң, ал эми суу жээктери саз топурактуу. Өсүмдүктөрдөн - бетеге, шыбак, ат кулак, шыралжын, уу коргошун ж. б. өсөт. Жаныбарлары: аюу, илбирс, карышкыр, аркар, тоо эчки ж. б. Кызыл-Капчыгай ж-а Үч-Кошкон капчыгайлары ушул өрөөндө. Үч-Кошкон капчыгайы аркылуу Ак-Шыйрак суусу агып, Сары-Жаз суусуна куят. А.-Ш. ө. мал кыштатууга ж-а жайлатууга ыңгайлуу (кышы суук, бирок кар аз гкаайт). Өрөөндө Ак-Шыйрак маданият борбору, метеостанция, радио байланыш түйундөрү бар.

АКЫЕВ Калык (1883-1953) - кыргыз эл ырчыларынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти, к. Калык Акиев.

АКЫЙКАТ - объективдүү дүйнөнүн аң-сезимде туура чагылышы: түшүнүктүн, пикир жүргүзүүнүн, ой корутундусунун, теориянын коомдук практика м-н тажрыйбада текшерилип, аныктала турган объективдүү мазмуну. А.- диалек. логиканын негизги маселелеринин бири. Маркска чейинки материалисттер А-ты эч убакта өзгөрбөй турган билим деп түшүнүп, аны билбестик м-н адашуучулукка Карама-каршы коюп келишкен. Метафизик материалисттер А-тын абс. критерийин издеп, мындай критерий туюунун абс. талашсыздыгында десе, кээ бири аны акыл-эстен издеген. Француз материалисттери А-тын критерийин адамдын "таламдары" м-н байланыштырса, Фейербах А-тын критерийи практика деген түшүнүккө жакындаткан. 19-к-дын 2-жарымындагы орустун демократ ойчулдары бул маселени туура чечүүгө далалат кылышкап. Чернышевский А-тын критерийи практика деп таанып, саясий иш-аракеттерди да практика м-н байланышта караган. 19-к-дын аягында бурж. философияда А-тын тааныпбилүүдөгү ролу төмөндөтүлүн, А. түшүнүгүн талдоодо иррационалисттик багыт еөрчүгөн. Ф. Энгельстин "Анти-Дюринг", В. И. Лениндин "Материадизм жана эмпириокритицизм" деген эмгегинде А. ж-дө ар түрдүү субъективдүү идеалисттик концепциялар сынга алынып, азыркы кездеги ал ж-дөгү түзүлгөн "эң жаңы" идеалисттик теориялардын негизсиздигин толук ашкереле өгө мүмкүндүк берди. Тарыхый өнүгүүнүн ар бир учурунда А. объектини, анын өзгөчө мамилелерин белгилүү чекте, тармакта чагылдырат да, ушул шарттардын дайыма өзгөрүп турушуна байланыштуу өзү да салыштырмалуу болуп, ооъектинин бардык мазмунун бүтүндөй камтый албайт. Ошондуктан А. толук эмес, болжолдуу болот. Диалек. материализм "биздин билимдерибиздин баары относителдик деп эсептеп, эсептегенде да: объективдик акыйкатты тануу маанисинде эмес, биздин билимдерибиз ушул акыйкатка жакындап бара жаткандагы чектер тарыхый шарттарга жараша болот деген мааниде эсептейт" (Ленин В. И., Чыг., кырг. 1-бас, 14-т., 147-6.). Салыштырмалуу А-ты абсолютташтырып, түбөлүк деп таануу адашуучулукка, догматизмге алып келет. Адамзаттын таанып-билишинин алга карай өнүгүшүнө байланыштуу А-тын салыштырма касиети бара-бара азая берет. Ар бир салыштырмалуу А. объективдүү болгондуктан, анда абс. билимдин "бөлүкчөлөрү" болот. Ошондуктан диалек. материализм салыштырмалуу А-ты адамдын табиятына мүнөздүү деп түшүндүрө турган релятивизмге каршы чыгат. "Адамдын ойлоосу,- деп жазат В. И. Ленин,- өзүнүн жаратылышы б-ча бизге относителдик акыйкаттардын еуммасынан түзүлүүчү абсолюттук акыйкатты берүүгө жөндөмдүү жана берет. Илимдин өнүгүшүндөгү ар бир баскыч ушул абсолюттук акыйкат суммасына жаңы кыпындарды кошуп алат, бирок ар бир илимий жобонун акыйкат чектери относителдик болот, билимдин илгери карай өсүшүндө бирде кеңип, бирде тарып турат" (Ошондо, 144-6.). Билимдин акыйкаттуулугуна алдын ала чек коюу мүмкүн эмес, анткени тарыхый шарттын өзгөрүшүнө байланыштуу А-туулуктун чеги да өзгөрүп турат. Материалисттик диалектика б-ча, А-тын критерийин субъектинин аң-сезиминен же объектинин өзүнөн издеп табууга болбойт. А. субъектинин объектиге карата мамилесинин туюнтулушуна байланыштуу, анын критерийи да таанып-билүү мамилелерин чагылдырууга тийиш. Коомдук практика дал ушундай мамилелерди туюнта турган А-тын критерийи болуп саналат. А. практикада ар түрдүү жолдор м-н текшерилет. Практиканын ар бир конкреттүү формасы көбүроөк жетилген формасы м-н алмашылып турат. Ошондуктан диалек. материализм практикага зор маани берүү м-н бирге практиканы абсолютташтырбайт. Коомдук теориялардын А-туулугу эл массасынын, таптардын өндүрүштүк, экон. ж-а саясий иш-аракеттериндө иш жүзүнө ашырылышы м-н далилденет.

Ав.: Марко К., К критике политической экономии, Маркс К., Энгельс Ф., Соч., 2 изд., т. la; Энгельс Ф., Антидюринг, Фр., 1964; Ленин В. И., Материализм жана эмпириокритицизм, Чыг., кырг. бас, 14-т; ошонуку, Философиялык дептерлер, Чыг., кырг. бас, 38-т.

АКЫЙНЕК, акый - кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү; кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү жаш кыздардын айтышы. Кыргыздар уруулук-феод. доордо жашаган учурда А. айтышкан кыздар тууган-уругуна, айыл-конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак чукуп, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигпн, баатырдык м-н коркоктугун ж. б. сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. А. муз. аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. А. жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган.

Текст: Айтыштар, 1 т., Фр., 1972.

Ад. Ирисов П., Балдарга арналган элдик оозеки чыгармалардын үлгүлерүнөн, Фр., 1972.

АКЫЛ КАРАЧАЧ - акылмандык ж-а чечендик жагынан элдик идеалды туюндурган фольклордук каарман. Уламыш б-ча, Жаныбек хандын доорунда жашаган Жээренче Чечендин келини. Ошондуктан көпчүлүк окуяларда экөөңүн ысмы катар жүрөт. Эл Карачачты кара кылды как жарган калыс, даанышман, Жээренче Чеченден да акылдуу ж-а сөзмөр кылып сүрөттөйт. Жээренче Чечен, кара өзгөй хан кыйыктаганда, келининин айла-амалы, акылы аркасында гана кутулат. Акылга сергек, сөзгө чебер А. К. ала көөдөн, акылсыз ханды сөзгө жыгып, өз башынын эркиндигин коргоп калат. Акыл Карачачтын образы элдин таза, нукура көз карашын, келечек идеалын чагылдыргандыгы м-н баалуу.

АКЫЛ ТАРБИЯСЫ - коммунисттик тарбиянын негизги бир бөлүгү. А. т. адамдын аң-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, билимин, түшүнүктөрүн, сүйлөө маданиятын калыптандыруу, тарбиялоо, өстүрүү маселелерин камтыйт. А. т. адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. А. т-н жүргүзүүдө мектептин, окуу жайларынын ролу зор. Сов. мектептерде жаштарга жалпы билим берүү А. т-нын негизин түзүп, политех, окуу, эмгек, нравалык, эстет, ж-а дене тарбиясы м-н тыгыз байланышып, алардын бардык жактан "өсүшүнө түздөнтүз таасир кылат. А. т. мектептен тышкаркы убактарда ж-а коомдук, үйбүлө шартында да ишке ашырылат.

АКЫЛ ЭМГЕГИ - адам эмгегинин бир түрү. Адамдын жашашы үчүн жаратылышта даяр нерсе жок, ошон үчүн ал өзүнө керектүүнүн баарын өндүрүүгө аргасыз болот. Алгачкы учурда адам кара күч м-н жан баккан. Бара-бара кара күч эмгеги өндүрүштүн талабын алымсындыра албай калган. Коомдук өндүрүштүн өнүгүшү м-н акыл эмгеги бөлүнүп чыгып, илим, техника, маданият, иск-во тармактарын өнүктүрөт. А. э. коомдо үстөмдүк кыла баштагандан тартып, анын ролу өзгөчө бааланат. Коомдун ж-а өндүрүштүн талабын эсепке албастан эле бардык жасалган иштерди, цивилизациянын тез өнүгүшүн адамдар толугу м-н акылга таандык кылышкан. Бара-бара бардык нерсенин негизинде акыл (идея) жатат деген идеалисттик көз караш пайда болгон. Мындай түшүнүк б-ча коомдук өнүгүш башкаруучунун акылына жараша болот, тарых дегенибиз алдын ала коюлган максаттын гана жүзөгө ашырылышы имиш. Ушул түшүнүктүн негизинде "тарыхты акылмандар, баатырлар жасайт" деген идеалисттик теория келип чыккан. К. Маркстан мурдагы окумуштуулар акылдын тубасалыгына ишенишкен. Тарыхта 1-болуп бул маселени К. Маркс м-н Ф. Энгельс гана туура түшүндүрүшкөн. Алар өндүрүштүн талабы адамдардын алдына эмнени өндүрүш керек ж-а кантип өндүрүш керек деген суроолорду кое тургандыгын, ушул суроолорго жооп болуп, тышкы дүйнөнүн мээге чагылышы катарында акыл келин чыгаарын, демек акыл тубаса эмес экендигин аныкташкан. Анткени адам акыл м-н иштеш үчүн акылга ээ болуш керек. Мына ошонун өзү окуу, илим үйрөнүү, адистикке ээ болуу болуп саналат.

АКЫЛ ЭМГЕГИ МЕНЕН КҮЧ ЭМГЕГИНИН ОРТОСУНДАГЫ КАРАМАКАРШЫЛЫК - адамзат тарыхындагы эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн негизги түрү. Анын келип чыгышы эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн ж-а өнүгүшүнүн негизги шарты болгон. "Эмгектин бөлүнүшү,- дейт К. Маркс ж-а Ф. Энгельс,-материалдык ж-а акыл эмгегинин бөлүнүшү пайда болгон учурдан баштап гана чыныгы бөлүнүү болуп эсептелет" (Маркс К. и Энгельс Ф., Соч., т. 3, стр. 30). Жеке менчиктин ж-а антагонисттик таптардын пайда болушу А. э. м. к. э. о. к-ка алып келген. К. Маркс белгилегендей, табигатта баш м-н кол бир эле адамга тиешелүү болгондой, эмгек процесси да акыл эмгеги м-н күч эмгегин камтып турат. "Акырында,- дейт К. Маркс,- алар ажыратат ж-а кастык карама-каршылыкка өсүп жетет" (Маркс К. и Энгельс Ф., Соч., т. 23, стр. 516). Бул антагонисттик каршылыктан күчөшү адамдардын ар тараптан өнүгүүсүнө жолтоо кылып, бир жактуу, бир багытта өнүгүшүнө шарт түздү. Мына ушундай карама-каршылыктар социализмге чейинки бардык таптык коомдорго тиешелүү. Бирок бул карама-каршылыктын мазмуну бардык таптык коомдордо бирдей деп айтууга болбойт. Алсак, кул ээлөөчүлүк доордо эзүүчү таптар эмгектеп оолактатып, эзилүүчү таптын өкүлдөрүнөн илимпоздорду, врачтарды, артисттерди ж. б-ды даярдашкан. Феодализм тушунда бул айырманын еөрчүшү шаар м-н айыл ортосундагы карама-каршылыктын тереңдигине байланыштуу эле. Бул учурда акыл эмгеги феодалдар м-н дин кызматкерлеринин толук монополиясына айланган. Капит. коомдо А. э. м. к. э. о. к.-к. апогеясына жетет. Анткени өндүрүш процессинде акыл эмгеги күч эмгегинен акыр-аягына чейин ажырап, эмгекчилер билимин жогорулатуу, кесибин өнүктүрүү, өндүрүштү ж-а коомду башкаруудан четтетилет. Соң. өндүрүш мамилелеринин түзүлүшү, жеке менчиктин жоюлушу адамдар ортосунда эмгектин коомдук бөлүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. Коомдук менчиктин үстөмдүгү жумушчу, дыйкан ж-а интеллигенттер ортосунда достук, кызматташтык мамилени орнотту. Бул учурда эмгекчилердин бардык катмарларынын билим алуусуна, маданий деңгээлинин жогорулашына кеңири жол ачылды. Бирок бул социализм доорунда А. э. м. к. э. о. к.-к. толук жоюлду дегендикке жатпайт. Али да болсо эмгектин мүнөзүнүн ар түрлүү болушу, эмгекчилердин ар ТҮРДҮҮ катмарынын маданий-тех. билим деңгээли, эмгек акысынын өлчөмү бирдей эместиги. Бул эки эмгектин арасында белгилүү айырма барын көрсөтөт. Демек мындай социалдык айырмалардын жоюлушу - татаал ж-а узак процесс. Бул үчүн сов. окумуштуулар белгилегендей, төмөнкү квалификациялуу күч эмгегин жоюу, акыл эмгеги м-н күч эмгегин тыгыз айкалыштыруу, эмгекчилердин маданий-тех. билимин жогорулатуу, алардын эмгек ж-а турмуш-тиричилик шарттарын жогорулатуу зарыл. АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсыдыкович (15. 3. 1914, Калинин р-ну, Кум-Арык кыш.-15. 4. 1968,

Фрунзе)- кыргыз совет сүрөтчүсү. Кырг. ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1958). 1961-ж-дан КПССтин мүчөсү. Жалал-Абад пед. окуу жайында (1928- 32), Москвадагы 1905-жылдын эстелиги атн. сүрөтчүлөр техникумунда (1936-39) окуган. Адегенде С. А. Чуйковдон ж-а В. В. 06разцовдон, кийин белгилүү орус совет художниктери Н. П. Крымов м-н П. И. Петровичтен таалим алган. Пед. окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932-1934), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1956-61) ж-а директор (1961-1965) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы - "Колхоздун короо кою" (1939) деген картинасында А. сүрөтчүлүккө жөндөмдүүлүгүн даана көрсөтө алган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз исквосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлат. А. кыргыз сүрөт өнөрүнө чебер пейзажист ж-а портретист катары кирген. Буга анын "Чүй өрөөнүндө", "Алыскы жайлоодо", "Колхоз корукчусу", "С. Момунованын портрети" деген сүрөттөрү күбө. 1952-ж. кыргыз сүрөтчүлөрү м-н бирге Кыргызстан мамл. Ленин ордендүү академиялык опера ж-а балет театрын кооздоого катышат. "Кыргызстан талааларында" (1954) деген сүрөтү А-дун этаптык чыгармасы болуп калды. Бул чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгеги техника м-н алмашканын чебер көрсөткөн. 1960-ж-дар А-дун чыгармачылыгы кемелине жетип, ал "97-чакырымда" (1960), "Кыргызстандын түштүгүндө" (1964), "Шаардын бир бурчу" (1964), "Туулган жерде" (1965) ж. б. белгилүү пейзаждык чыгармаларын жаратты. Өмүрүнүн акыркы жылдарында А. респ-кабыздын дүркүрөп өскөн индустриясын

чагылдырган "Завод" (1965), "Заводдук трасса" (1966) аттуу картиналарын тартты. А. Эмгек Кызыл Туу ж-а "Ардак Белгиси" ордендери, медаль м-н сыйланган.

Чыг.: С. Акылбеков, Каталог, Фр., 1971.

Ад.: Прытко в а Л. А., Сабырбек Акылбеков, Фр., 1968.

АКЫЛ-ЭС - чындыкты таанып-билүүнүн, аны ар тараптан изилдеп, маанисин ачуу м-н жете түшүнүүнүн эң жогорку илимий-теориялык баскычы. Акыл жаратылыштагы ж-а коомдогу кубулуштардын себептери м-н маңызын табууга, аларды ар тараптан караштырууга, карама-каршылыктардын биримдигин ачууга болгон жөндөм болсо, эс - туура ой жүгүртүүгө, ой корутундусун чыгарууга, өзүнүн пикирин ырааттуу баяндоого, бир нерсени ойдо көпкө тутууга болгон жөндөм. А.-эстин илимий тааныпбилуүдөгү жөндөмдүүлүгү коом м-н табияттын көрүнүштөрүндөгү татаал процесстердин закон ченемдүүлүктөрүн аныктоодон байкалып, адамдын ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн чыгармачылык дараметин мүнөздөйт. К. Маркстын аныктамасы б-ча, А.-эс дегенибиз - ар кандай нерсени анын маанисине ылайык чагылдырылыгяы. Байыркы замандын матер, философтору А. эстин күчү м-н жөндөмдүүлүгүнүн булагын аң-сезимден издебей, объективдүү дүйнөнүн жалпы өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүнөн издешкен. Табият ж-дөгү ж-а матем. илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында акыл түшүнүгү 17-к-дын философиясында таанып-билүүнүн негизги маселесине айланган. Жаңы заманда рационализм акыйкаттын негизи акылдын өзүндө деген корутундуга келген. Таанып-билүү теот риясындагы ушул идеяларды Декарт, Спиноза, Лейбниц ж. б-лар өнүктүрүшкөн. Акыл м-н эстин концепциясын 1-жолу Кант түзгөн. Бирок Кант адамдын акылынын таанып-билүү жөндөмдүүлүгү белгилүү чектен аша албайт деген агностикалык түшүнүккө таянып, адамдын акылынын мүмкүндүгүн кемиткен, аны эстин чегинде калтырган. Канттын таанып-билүү теориясы ж-дө В. И. Ленин мындай дейт: "Кант акыл-эстин күчүн кемсинтет", "Гегелдин Кантка каршы чыгышы, чыныгы маанисинде, абдан туура. Ойлоо конкреттүү нерседен абстракттуу нерсеге бет алганда, эгерде ал туура ойлоо болсо,... акыйкаттан алыстабайт, кайра ага жакындайт" (Ленин В. И., Чыг., кырг, 1-бас, 38-т., 178-6.). Гегель абстракттуу жалпылыкты, абстракттуу оарабардыкты, абстракттуу чексиздикти, каршылыктардын категориясын субъективдештирүүпү, тийиштүүлүк м-н маанилүүлүгүн дуализмин ж. б. эске таандык мүнөздөрдү терең талдоо аркылуу акыл түшүнүгү үчүн жол тазалаган. Акыл маселесин адамзат маданиятынын .өнүгүшүнүн объективдүү логикасына алып келүү аркылуу акылдын диалек. жалпы маанисин туура баамдаган. Бирок акылдын нерседен, адамдын иш-аракетинен, керт башынан обочолонгон түрүн бүткүл дүйнөгө үстөмдүгүн жүргүзүүчү кудуреттүү күч деп тааныган. Акыл маселеси ж-дө азыркы кездеги бурж. философияда иррационализм ж-а рационализм деген эки багыт бар. Марксизм А.-э. маселелерин чечүүдө адамдын иш-аракети м-н таанып-билүүдөгү социалдык табиятын изилдөөгө таянат. Акылдын илимий мүнөзүн таанып-билүү теориясы белгилүү бир доорго, адамзаттын тажрыйбасына байланыштуу карайт. Логика акылды ой тыянагынын чындыкка ылайык келишин же келбесин түрдүү ой болжолдорун колдонуп изилдесе, психология акылды адамдын иш-аракетинин убагында түрдүү милдеттерди чечишине же чече элбашына байланыштуу талдайт. Белгилүү бир сапаттын бир адамда башка адамга караганда басымдуу болушу анын иштеген ишине байланыштуу. Адамдын акылы коомдун, өндүргүч күчтөрдүн ж-а илимий тажрыйбанын кулач жайышына карай дайыма өзгөрүп турат.

Ад.: Энгельс Ф.. Диалектика природы, Маркс К. и Энгельс Ф. Соч., 2 изд., т. 20 стр. 528; Копнин П. В., Рассудок и разум и их функции в познании, "ВФ", Л6 4, 1963.

АКЫЛ-ЭСТЕН ТАНУУ-адамдын коркуп-чочушунан ж-а күн ысыгынын организмге өтүшүнөн кыска мөөнөткө акыл-эсин жоготуу. Мында капысынан мээдеги кызыл кан тамырлардын бир нече секунд кысылышынан кан айлануу начарлап, мээнин клеткалары кычкылтектен жутап калат. Мээ кыска убакытка иштебей, адам эсинен танат. Оорунун белгилери: адамдын өңү кубарып, көзү тунарат, башы айланып, кулагы чуулдайт, кан тамырлары тез-тез согуп, демигет, айланасында эмне болуп жатканын сезбей, көңүлү айнып, эси оойт. А.-э. танган кишини чалкасынан жаткызып, таза аба м-н дем алдырып, бетине муздак суу чачуу керек, абалы жакшырбаса, кан тамырларды кеңейтчү, дем алуу борборун жөнгө салчу дарыларды берүү сунугд кылынат. Бул ооруну алдын алуу үчүн чочулоо, коркпоо, ысык күндүн табына урунбоо керек.

АКЫН - кыргыз-казакта оозеки түрдө алдын ала камынбай шыдыр ыр чыгарган адамдын наамы. "Ырчы" деген сөзгө маанилеш. Ырчылар ревяга чейин ырчылык дээрине, чеберчилигине, чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө жараша нускоочу, жомокчу, жамакчы деп бөлүнгөн. Ырчылардын чыгаандары гана А. деп аталган. "А." термининин теги ж-дө филол, илиминде эки түрдүү көз караш бар: В. В. Радлов, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолу б-ча А. "ак" деген буйрук этиштен жасалган; К. К. Юдахиндин божомолунда А. уйгурча ахунд (окумал, акылман, билимдүү маанисинде) деген сөздөн кыргыз тилине кирин, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин-серин сабаттуу ырчыларга карата айтылган ж-а кийинчерээк гана төкмө ырчыларга көчкөн. Рев-ядан кийин "А." термининин мааниси кеңейип, орусча "поэт" деген маанини альш, ыр жазган, ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. деп аталып калды. А. азыр көбүнчө ушу мааниде колдонулат.

Ад.: Юдахин К. К., О киргизском термине "акын". Сб. статей Академику Гордлевскому, М., 1953; Радлов В. В., Образцы народной литературы северных тюркских племен, ч. 5, СПБ, 1885; Ы с м а й ы л о в Е., Акындар, А., 1956.

АКЫР - малга тоют салынуучу жасалга. Ал таштан, кирпичтен, бетондон салынып, чырпыктан токулуп, көбүнчө жыгачтан малдын түрүнө, жашына ж-а тоюттандыруу ыгына ылайык жасалат. А-га салынган тоют коромжуга аз учурайт.

АКЫР ЗАМАН - адамдын аң-сезимин ууландырып келген диний үгүттөрдун бири. Бул үгүт б-ча А. з-да жер силкинип, тоолор урап, топон суу жүрүп, бүткүл дүйнө астын-үстүн түшүш, тиричилик жылас болот. А. з. ж-дөгү үгүттөр байыркы заманда эле чыккан. Байыркы еврейлердин диний китеби - тооратта, христиан дининин инжилинде А. з. ж-дө көп айтылат. Куранды кураштыруучулар бул түшүнүктү мурда чыккан диндерден алган. А. з. ж-дөгү түшүнүк кыргыз арасына ислам дини м-н бирге келген.

АКЫРЕТ (тигил дүйнө) - тигил дүйнөнүн бардыгы ж-дөгү жалган түшүнүк. А-теги бейишке молдолор - мусулмандарды, поптор - христиандарды, раввиндер еврейлерди гана чыгат дешип ишендиришет. Куран адамдын жер бетиндеги турмушу А-теги түбөлүк турмушка даярдык көрүүсү деп карайт. Куран б-ча, адам кудайдын кулу, ал жазмыштан ашпайт, түбөлүк багынычтуу болуп өтүүгө тийиш, ошондо гана бейиштей орун алып, муратына жетет. А. ж-дөгү түшүнүк - эзүүчү таптардын, молдо, сопулардын ойлоп чыгарганы, ал элдин аң-сезимин ууландырат. Марксизм-ленинизм А. ойдон чыгарылганын эчак эле далилдеген.

"АКЫРКЫ КАБАРЛАР" - өлкөбүздөгү, республикабыздагы ж-а чет өлкөлөрдөгү маанилүү окуялар ж-дө кыскача, мазмундуу ж-а тушүнүктүү кылып радиодон угузуу. "А. к-да" партиялык ж-а сов. органдар тарабынан кабыл алынган официалдуу документтер, токтомдор, чечимдер, ар ТҮРДҮҮ жаңы кампаниялар, алардын башталышы, жүрүшү ж-а бүтүшү ж-дө кабарланат ж-а комментарияланат. "А. к." респ-кабызда радио угузуулар жүргүзүлө баштаганда эле (1932), пайда болгон.

АКЫРЫНДЫК МЕНЕН БАРУУДАГЫ ҮЗГҮЛТҮК - өнугуунун мүнөзүнүн кескин өзгөрүшү, сандык өзгөрүүлөрдүн секирикке, сапаттык өзгөрүүлөргө өтүшү, к. Сандык өзгөруулөрдун сапаттык өзгөруулөргө өтушу.

АКЫСЫЗ ОКУТУУ - биздин өлкөдө элге билим берүүнүн негизги принциптеринин бири. СССРде А. о. Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан тартып ишке ашырылган. СССР Министрлер Советинин 1956-ж. 6июндагы токтомунун негизинде бардык окуу жайларында акы төлөнбөй окутулат.

АКЫСЫЗ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ - бир ишканадан (уюмдан, мекемеден) экинчи ишканага имарат, курулуш, жабдуу ж-а транспорт каражаттарын баланстан баланска өткөрүп берүү. А. ө. б. СССР Министрлер Советинин, союздук респ-калардын министрлер советинин, мин-волордун, ведомстволордун, эмгекчилер депутаттарынын советинин аткомдорунун чечимине ылайык жүргүзүлөт. А. ө. б-дө тийиштүү, мүлктүн балансалык баасы өткөрүүчү ишкананыкынан же мекеменикинен чыгарылып, алуучунукуна которулат. Ишкана бардык балансалык активи ж-а пассиви м-н өткөрүлүп бепилет.

АЛА (vitiligo; лат. vitium - так) - териге түс берүүчү заттьш (пигмент) бузулушунан денеде ар түрдүү көлөмдөгү пигментсиз ала таптардын пайда болушу. А. көбүнчө теңдеш жайгашып, бири бирине кошулуп, чоңоюуга ыңгайлуу келет. Аны көпчүлүк окумуштуулар организмге керектүү заттарды иштеп чыгарчу ички бездердин, өзгөчө богок безинин оорусунан пайда болоорун байкашкан. А", жаштарда ж-а аялдарда көбүрөөк кездешет да, көбүнчө бет, моюн, кол терилеринде болот. Дарылоо ооруга карата жүргүзүлүп, витамин ж-а кызгылт көк нурлар колдонулат.

АЛА БАКАН - тамак-аш, идиш-аяктар, кийимдер ж. б. илине турган буюм. А. б. көп бутак-ачалары бар, четинден, арчадан, кайыңдай, талдан ж-а жоон сейрек бутактуу шырыктай жасалган. Мындай А. б-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идишаяк илинүү м-н ал чыгданды тосуп да турган. Абдан катуу түз жыгачтардын ар кайсы жерине темир же жез илгичтерди (6-10) бекитип, абдан кооздоп, күмүш, калай, жездерди чөгөрүшкөн. Мындай А. б. жеке эле чыгдандын ичине коюлбастан, жүктүн эки жагына да орнотулган. Алардын эр жагындагысына эркектердин кийим-кечектери, куралдары, буюмдары, эпчи жагындагысына аялдардын сый кийим, жасалгалары, ат жабдыктары ж. б. илинген. А. б-дын нечен түрлөрү сейрек болсо да азыр деле кездешет.

АЛА ГҮЛ (Viola) - ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, айрымдары бир жылдык өсүмдүк. Сабагынын уз. 15-20 см. Суук түшкөнчө көгөрүп турат. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. Анын 500 гө жакын түрү белгилүү. СССРде 100 дөн ашык түрү учурайт. Булардын ичинен алтай, жыпар жыттуу ж-а 3 түстүү А. г. кеңири таралган. Алтай А. г. тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Тянь-Шань тоолорунда өсөт. Кыргызстандын шаарларындагы гүлзарларда көбүнчө алтай А. г өстүрүлөт. Жыпар жыттуу А. г. СССРдин Европа бөлүгүндө кездешет. Көп жылдык А. г. өсүмдүгүнөн эфир майы алынат.

АЛА ГҮЛДҮҮЛӨР (Violaceae) - эки үлүштүүлөр классындагы тукум, көп жылдык чөп, жарым бадалдар, бадалдар түрүндөгү өсүмдүктөр. Гүлү эки жыныстуу, туура же туура эмес түзүл үштүү, беш мүчөлүү. Гүлдөрү жалгыздан же топ гүлдү түзөт. Жалбырагы сабакка кезектешип, айрымдарыныкы тушташ жайланышат. Көпчүлүгү жан жалбыракчалуу, кээси тамырлаш жалбырактуу. Мөмөсү - кутуча. А. г-дүн 850 гө жакын түрү бар, алар тропиктик ж-а мелүүн алкактарда кеңири таралган. Кыргызстанда бир уруусунун 19 түрү өсөт. А. г-дүн дары-дармек катары пайдаланылуучу, гүлзарларда кооздук үчүн өстүрүлүүчү түрлөрү көп.

АЛА ЖӨРГӨМҮШ (Araneus diadematus) - жөргөмүш сымал классындагы түр. Денесинин уз. 0,7-11 мм. А. ж. баш, көкүрөк ж-а сегментсиз курсак бөлүгүнөн турат. Эки жуп жаагы ж-а 6 жуп буту бар. Биринчи жуп жаагы хелицерлер деп аталат. Уу безчелери хелицерлеринде жайгашкан. Курсак бөлүгүндөгү тутүкчөлөр аркылуу плээшкен суюктук агып турчу желе бездери бар. Жөргөмүш кыймылдаган кезинде ошол илээшкен суюктугу абада катып, желе жипчелерине айланат. А. ж. жемин (чымын, көпөлөк, аары ж. б.) желесине түшүрүп, соруп жейт. А. ж. Европада кеңири таралган. АЛА КЕСКЕК (Eremiasarquta Pall) - сойлоочулардын бир түрү. Түсү күңүрт боз, жонунда туурасынан кеткен күрөң же ак тактуу каралжын темгилдер бар. Өрөөндөрдө жашайт. А. к. май айында топуракка 7-11 жумуртка тууйт, андан июнда кичинекей кескектер чыгат. А. к. Румынияда, Жунгарияда, Кашкарда, Турцияда, Иранда, СССРде, О. Азияда, Кавказда, Казакстанда таралган. Кыргызстандын Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө кездешет. Зыянкеч курт-кумурскалардын личинкаларын жеп, а. ч-га пайда келтирет.

АЛА КИЙИЗ - түр салынып жасалган кийиз. А. к. кара койдун жүнүнөн жасалат. Сабалып, майда тытылган жүн чийдин үстүнө текши төшөлөт да, калың, жука жерлери текшиленип, чабакталат, үшмөктөп түйдөктөлгөн жүндөн түр (сайма, кеште) салынат. Түр салынган жактары буэулбасын деп улам четинен этияттык м-н түрүлүп турат. Түр салынгандан кийин төшөлгөн жүнгө ысык суу себилип, чий жүн м-н кошо оролот да, анын эки башына кап же башка нерсе кийгизилет; оролгон чий сыртынан жип м-н бекем чырмалат; ошондон кийин аласалдырып тебе башташат. Бул жумуш болжол м-н 1-1,5 саатка (жүндүн киришине жараша) созулат. Жүнү кирген кийиз чийден абай м-н чыгарылып, түрүлөт да, оңду-солду басылат. Бышырылганда гана А. к. бүттү деп эсептелет. А. к-ди көбүнчө аялдар жасайт, тебүү ж-а сүйрөө иштерине эркектер да катышат. А. к. Кыргызстандын бардык жеринен учурайт.

АЛА КУРТ (Vermipsylla) - бүргөлөр уруусундагы мите. Анын эки түрү бар: биринчиси - (Vermipsylla alacurt) уй, кой, эчки, жылкы, төө, ит ж-а тоокто болот; Кыргызстанда кеңири таралган: экинчиси- (Vermipsylla lorcadina) туяктуу жаныбарларда мителик кылат. Көбүнчө Кытайда, Монголияда кездешет. Ал пайда кылган ылаң А. к. ылаңы деп аталат, аны м-н бардык мал ылаңдап, айрыкча кой, жылкы катуу жабыр тартат. Бир курт суткасына 100 мг дан ашык малдын канын сорот. Ал малда 3 айга чейин жашайт, денесин кычыштырат. Андан тери канталап, жүн кырчылып түшөт; малдын каны азайып, арыктайт, кээде өлүмгө учурайт. Дарылоо: 10% түү хлорофос эритмеси м-н малдын денеси жуулат, териге дуст себилет. Профилактика: А. к. кездешкен жайытты тазалоо, короонун тегерегиндеги кыкты өрттөө, дезинфекциялоо.

АЛА КҮЛҮК - (Epicauta erythrocephala) - курт-кумурскалар классындагы коңуздар түркүмүндөгү жаныбар. Денесинин уз. 11-38 мм. Тула бою тайкы түкчөлөр м-н капталган, түсү жалтырак. А. к-түн арткы буту узун. Алдыңкы ж-а ортоңку бутунун таманы 5, арткы бутунун таманы 4 муунактуу болот. Жылуу нымдуу жерлерге байырлуу. Ургаачы А. к. нымдуу топуракка жумурткалайт. 20-40 күндөн кийин жумурткадан личинкалары чыгат. Личинкалары (триунгулиналары) азия чегирткенин, прусниктердин жумурткаларын жеп, тукумун азайтат. А. к-түн коңуздары август айынын 1-жарымында пайда болот да, күздө личинкалары жалган куурчакчага айланып, кышында 10- 40 см терең топурактын ичинде кыштай.

АЛА ӨПКӨ ЫЛАҢЫ (Plevropnevmonia contagiosa equorum) - жылкынын өпкөсү м-н кабыргасынын былжырлуу челинин жугуштуу сезгенме ылаңы. Мунун ылаңдаткычы - вирус. А. ө. ы. м-н жалаң гана ай туяктуу мал ж-а айбандар (жылкы, качыр, эшек) ылаңдайт. А. ө. ы., ылаңдаган мал жөткүргөндө, бышкырганда, таралат. А. ө. ы-на ургундай быштысынан үч асыйга чейинки жылкы жалакайлык кылат, карысы анча тоотпойт, кулундардын чанда бирөө гана ылаңдайт. А. ө. ы-нын клиникалык жышааналарынын нёгизгилери: мал оттобой, шылкыйып, шайы бошоңдон, денесинин темп-расы 40-41° га чейин көтөрүлүп, 6-9 күнгө чейин ошол калыбында турат; тамыры лакылдап ылдам кагат. Оозу, мурдунун ичи, көзү саргыч тартып, ылдам дем алат, кээде мурдунан сары суу же шүйшүн агат. Ылаңдын 5-6 күнү кооптуу, оңуна алса, темп-расы төмөндөп, айыгуу жышааналары башталат да, 15-20 күндөн кийин мал айыгат. Ылаңдан малдын өпкөсү сезгенин, түсү өзгөрөт (кызыл ала, боз ала), ылаңдын аты ушуга жараша коюлган. Кабырганын ички чели да сезгенин, сары сууга ширелип килкилдеп, өпкөгө жабышып калат. Ылаңдуу мал бөлүнүп, чарбага карантин коюлат. Дары катарында новарсенол, камфора, кофеин колдонулат. Аткана ар бир 10 күндө 4-5% түү хлорлуу аки таш м-н дезинфекцияланат. Ветеринария чараларын ийгиликтүү жүргүзүүнүн натыйжасында бул ылаң Кыргызстанда .көп жылдан бери кезикпейт.

АЛА ТАМАК - илгери кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган асем буюм. Маржан мончоктордон куралган торчо түрүндө жасалган. Бермет, седеп м-н да кооздолгон. Асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болгон. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынышчу. 19-к-да кыргыздардын бардык жеринде болуп, 20-к-дын башында жоголо баштаган.

АЛА ЧЫЙЫРЧЫК - таранчы сымалдар түркүмүндөгү келгин канаттуу, к. Чыйырчыктар.

АЛА ЧЫЧКАН-кемирүүчүлөр түркүм үн үн тыйын дар тукумундагы жаныбар. А. ч. жалпы көрүнүшү б-ча кадимки тыйын чычканга окшоп, андан бир аз кичине. Денеси жүн м-н капталган. Денесинин уз. 17 см ге чейин. А. ч-дын башынан жон куйругун көздөй кеткен 5 кара тилкечеси, о. эле ич жагында баштыкчалары бар. Буттары карагай, бактарга чыгууга ылайыкталган. А. ч-дард1..'л Америкада, Азияда, Европада таралган 20 га жакын түрү бар. СССРдин Европа бөлүгүнүн түн.-чыгышындагы токойлордо ж-а Азияда (Сибирде) жашоочу бир гана түрү азия А. ч-ны (Eutamios sibiricus) бар. А. ч. ийинде жашап, кышкысын чээнге кирет. Жылына бир же эки жолу 4-10 кызыл эт МөНДөЛөЙ тууйт. Жыл мезгилине байланыштуу азия А. ч-нын жеген жеми ар түрдүү болот. Алар карагайлардын ж. б. бак-дарактардын

уруктарын, бүчүрлөрүн, козу карындарды жейт. Аңчылыкта азия А. ч-нын териси баалуу.

АЛА ШАЛБЫРТ - эрте жаздагы кар эрип, жер ала-телек болгон мезгил. Бул учурда түш. тараптан тропиктик жылуу аба массалары келип, абанын темп-расын кескин өйдөлөтөт; жер кыртышындагы тоң кете элек болгондуктан, кар катмары текши эмес, алателек болуп эрийт.

АЛА ЭТТҮҮ ЫЛАҢ, дабдыраң - жаш мал организминдеги зат алмашуу бузулушунан, булчуң эттин бышарып кетишинен, ж. б. ткандардын өзгөрүшүнөн чыккан ылаң. Ал музоо, козу, торопой, жөжөдө кездешет. Көпчүлүк окумуштуулар ылаңдын өөрчүшүнө фосфордун, белоктун, микроэлементтердин (кобальт, жез, марганец, йод) ж-а витаминдердин (каротин ж-а токоферол) Жетишсиздиги ж-а бир өңчөй тоюттандыруу түрткү болот деген пикирде. Ылайга чалдыккан төлдүн шайы кетип, жаталактайт. Тоютка көөнү чаппай, ичи өтөт, кээде денеси ысып, баскан-турганы бузулуп, деми кыстыгып, колубуту шал болуп, жабыркайт. Ылаң 3-7 күнгө созулуп, кээде өлүмгө учуратат. Дарттуу малды жакшылап багып, витаминдери, микроэлементтери мол тоюткор берүү керек. Дары катары селенит-натрийдин (0,5%) суудагы эритмеси ж-а антибиотиктер колдонулат.

АЛА-АРЧА - Кырг. ССРинин Чүй өреөнүндөгү суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 270 км2, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашка-Суу кошулган жерден тартып өрөөнгө чыгат. Ири куймалары: Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк-Суу, Жинди-Суу, Адыгине ж. б. Алабында 5 көл бар. Жазгы ж-а күзгү нөшөр жамгырда сел жүрөт. Суу май айында кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,17 мъ\сек, эң көбү 50 м31сек, эң азы 0,81 м?\сек. Кар, мөңгү ж-а булактардан куралат. Өзөнүндө жогорку ж-а төмөнкү А.-А. суу сактагычтары курулган. Сугатка кеңири пайдалангандыктан, Чүй д-на жетпейт. А.-А. суусунун боюнан Фрунзе ш., Кашка-Суу, Воронцовка, ОртоАлыш, Чоң-Арык, Орто-Сай кыштактары орун алган.

АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Фрунзе ш-нын түш. жагында (35 км). А.-А. к. түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Уз. 30 км, туурасы 7 км. Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит ж-а гранодиорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи ж-а генет. тиби б-ча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 км ге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40-45°), терең (800 м ге чейин), нугу тепши формасында. Ал антропоген мезгилиндеги мөңгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альпы, субальпы шалбаалары м-н капталган. Капчыгайдын төмөнкү бөлүгүнүн таманы (тальвеги) жайык келип (300-500 м), тик капталдуу (30-40°), тереңд. 300-400 м. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу АлаАрча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгашкан. Фрунзе ш-нан альплагерге чейин асфальт жолу курулган. Капчыгай - Фрунзе ш-нын эмгекчилеринин эс алуу жайларынын бири.

АЛА-АРЧА КЕНИ - Кыргызстандагы керамикалык чопо казып алынуучу жер. Аламүдүн р-нундагы Төмөнкү Ала-Арча кыштагынан 1,5 км түн. тарапта, Ала-Арча суусунун боюнда. Кен 1927-ж-дан белгилүү. 1933-55-ж-дын ортосунда мезгил-мезгили м-н "Средазгеолнеруд" трести тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын боз, күңүрт сары түстөгү лёсс сымал чопо ж-а анын арасындагы шагылдуу кум линзаларынан турган антропоген мезгилинин дарыя чөкмөлөрү түзөт. Чопо катмарларынын жалпы калыңд. 43 м, анын чалгындалганы 4-8 м. Чопонун гранулометриялык составында өлчөмү 0,005 мм ге чейинки бөлүкчөлөр 2,8-27,6%, 0,005-0,05 мм - 56, 1- 92%, 0,05-1 мм - 10,8-16,78%, 1- 7 мм - 0,29-11,8%- Аянты 52 га жерде кендин запасы 2,1 млн. л"3 (1955). Карьер түрүндө казылып алынган чоподон Фрунзедеги кирпич з-дунда "75-150" маркасындагы кирпич даярдала!.

АЛАБАМА - АКШнын түштүгүндөгү штат. Аянты 133,7 миң км2. Калкы 3373 миң (1970). Админ. борбору - Монтгомери ш. Ө. ж-нын негизги тармагы: кара металлургия, металл иштетүү. Таш көмүр, темир, боксит рудалары казылып алынат. Химия, кагаз жасоо ө. ж. өнүгүүдө. Ири ө. ж. борбору - Бирмингем, Гадсден, Мобил. Теннесси суусунун боюнда хим. ж-а энергет. ишканалары бар. Хантсвилл өрөөнүндө авиаракета, жардыруучу заттарды чыгаруучу з-ддор курулган. Пахта өстүрүү б-ча алдыңкы орунда турат ж-а эт багытындагы бройлер жөжөлөрү өстүрүлөт. Айдоо аянты 2,4 млн га. Жүгөрү, арахис, тоют өсүмдүктөрү эгилет.

АЛАБАТА (Atriplex) - шакардуулар тукумундагы бир же көп жылдык жалбырактуу чөп өсүмдүгү. Уругу шамал, суу аркылуу таралат. А-нын 225 түрү белгилүү, андан ЗЗү СССРде, 20дан ашыгы Кыргызстанда өсөт. Респ-када татар А., бутактуу А., жылтыр А.- көп тараган отоо чөптөр. Алар көбүнчө жол боюна, короо четине, кемерге, огородго, ээн жерге, бак арасына, пахта плантациясына чыгат. А-ны күзүндө ж-а кышында төө м-н кой жейт. Жайкысын ууктурушу мүмкүн. Каршы күрөшүү чаралары: даны ката электе чаап салуу, үрөндү тазалоо, айдоо аянтын жумшартуу.

АЛА-БАШ - Ысык-Көл обл-нын Тоң р-нундагы Ак-Терек сельсоветине караштуу кыштак. Карл Маркс атн. к-здун аймагында. Тескей Ала-Тоосунун түн. этегиндеги өрөөндө. Райондун борбору Бөкөнбаевдин 60 км чыт., Рыбачье т. ж. станциясынан 64 км түш.-чыг. тарапта. Калкынын саны 742 (1972). Сегиз жылдык мектеп, клуб, китепкана, медпункт бар.

АЛА-БЕЛ - Талас Ала-Тоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулушундагы ашуу. А.-Б. аркылуу Фрунзе- Ош автомоб. трассасы өтөт. Бийикт. 3200 м. Уз. 30 км. Жылдык орточо төмп-расы январда -18,6°, июлда 7,3°С Жылдык жаан-чачын 634 мм. Апрелде ашууда кардын калыңд. 100-110 см ге жетет. Ашуунун түш.бат. тарабынан Чычкан, түн.-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак ж-а кумдак келип, көбүнчө альпы шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу (ДЭУ) ж-а кар-көчкү станциясы бар. Талас ж-а Токтогул р-ндорунун малы А.-Б. аркылуу Суусамыр жайлоосуна ашырылат.

АЛАБУГА - Нарын обл-нын Ак-Талаа р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 км, алабынын аянты 5820 км2, анын 4% мөңгү түзөт. Арпа м-н Бычан суулары кошулгандан тартып, Алабуга аталат. Нарын өрөөнүнө чыкканда, нугу кеңейип, суусу тайыздайт. Оң куймалары: Жаман-Даван (64 км), Коңорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), КумАрык (23 км); сол куймалары: Бычан (40 км), Сөөк (45 км). Макмал (41 км), Кара-Суу, Миң-Жылкы, МынаКелди, Кырчын-Булак ж. б. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3/сек, эң көбү 124 мъ\сек, эң азы 9,70 м3\сек, А. мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. А-нын боюнда Кош-Дөбө, Коңорчок кыштактары жайгашкан.

АЛАБУГАЛАР (гр. Diptychus dybowskii) - каңылтырлар тукумуна кирүүчү балыктар. Денесинин уз. 50 см, салм. 3 кг га жакын, көпчүлүгү ала көгүш келип, кабырчыктары жок. А. Кыргызстандын Чүй, Талас сууларында, Ысык-Көлдө ж-а ага куюучу сууларда кездешет. Ысык-Көлдөгү А-дын денесинин уз. 48-50 см, салм. 3 кг га жакын. Агын суудагы А. кичине келип, чоңдорунун салм. 0,5 кг га жетет. Ысык-Көлдөгү А. апрель айынын 2-жарымыңан баштап көлгө уругун таштайт. А. көлдө өСКөН балыр, курт-кумурска, моллюска, үлүл, муунак буттуулар ж-а алардын личпнкалары м-н азыктанат. ЫсыкКөлдө А-нын эки түрчөсү жашайт. Алар бири биринен биол. өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Тоңдогу балык з-ду А-ды жасалма жол м-н көбөйтүп санын арттырууда.

АЛА-БУКА - Ош обл-дагы Ала-Бука р-нун борбору, кыштак. Ош ш-нан 350 км түн.-бат. тарапта, Наманган т. ж. станциясынан 64 км. Калкы 2894 (1971). А.-Б-да кирпич з-д, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү комбинат, автобаза, а. ч. машиналарын оңдоочу, шоссе жолдорун эксплуатациялоочу, колхоз аралык курулуш иштерин жүргүзүүчү р-ндук мекемелер, оорукана, поликлиника, клуб, кинотеатр, китепкана, эки орто мектеп бар. А.-Б-нын 5 км түш.-бат. тарабында Касан-Сай суу сактагычы курулган, ал жерде жайкысын эмгекчилер эс алышат. Кыштактын түн.чыгыщында Шах-Фазил күмбөзү (13-к.) бар.

АЛА-БУКА РАЙОНУ -Ош обл-нын батышынан орун алган админ. район. 1936-ж. Кызыл-Жар р-нунан бөлүнгөн. 1956-ж. ага Чаткал р-ну кошулган. 1963-ж. Жаңы-Жол р-ну м-н биригип, 1969-ж. кайрадан бөлүнгөн. Райондун аймагы Пскем, Талас тоолорун, Чаткал, Кызыл-Жар өрөөндөрүн ж-а Фергана өрөөнүнүн тун.-чыгышынан бир аз бөлүгүн ээлейт. Аянты 9145,6 км2. Калкы 47131 (1974). Шаар тибиндеги эки посёлок (Сумсар, Терек-Сай), 8 сельсовет, 3 совхоз, 2 колхоз бар. Борбору - Ала-Бука кыштагы. Жеринин бети (80%) тоолуу. Түш.-батыштан түн.-чыгышты карай Пскем, Чаткал кырка тоолору (бийик чокусу 4503 м) созулуп жатат. Климаты континенттик, январдын орточо темп-расы -10, -20°С июлдуку 20-30°С Жылдык жаан-чачын өлчөмү ЗОО-400 мм. А.-Б. р-нунун аймагынан Ала-Бука, Чаткал, Чанач ж-а Сай суулары агып өТөТ. Топурагы: боз, күрөң, тоолуу талаа (Чаткал өрөөнү), шалбаалуу талаа ж-а тоолуу шалбаа. Өсүмдүктөрү: арча, кайың, карагай, терек, чычырканак, ит мурун, табылгы, чыны карагат ж. б. Жаныбарлары: тоо эчки, элик, карышкыр, түлкү, суур. Калкынын көбү-кыргыз; өзбек, тажик, орус, татар, украин, белорус, казак, немең, азербайжандар да бар. 1 км2 жерге 5 киши туура келет. А.-Б. р-нунда а. ч-сы ж-а тоо-кен ө. ж. өнүккөн. Сумсарда коргошун, цинк, ТерекСайда сурьма казылып алынат да, алардын концентраты иштетилип чыгат. А. ч-на жарактуу 476,7 миң га аянттан (1970) айдоо жери 20,7 миң га ны түзөт. Калганы - жайыт, дың жер, чабылды. Айдоо аянтынын 62,2%не дан эгиндери, 6% - не тамеки, 18% көп жылдык чөп, 6,8% не силостук жүгөрү айдалат. А. ч. өсүмдүктөрү негизинен түздөгү сугат жерлерге эгилет. А. ч-ңын дүң продукциясынын 53% мал чарбасынан алынат. Райондо; 1974-ж. 190,6 миң кой-эчки, 14,0 миң-уй, 4,1 миң жылкы болгон. Токой чарбасы да өнүгүп жатат. Райондо 22 орто, 8 сегиз жылдык, 10 башталгыч мектеп, айылдык профтех, окуу жайы, 1 райондук, 16 кыштактын клуб, 30 китепкана, 8 киноустановка, 3 оорукана, 2 кургак учук диспансери, 20 медпункт ж-а райондук турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты иштейт. 1938-62-ж. "Колхоз турмушу" газетасы чыгарылчу, 1970-ж. апрелден баштап, райондук "Эмгек даңкы" аттуу газета чыгат. Тарыхый эстеликтери: Күлбөскан шаарчасы (10-12-к.), Шах-Фазил (13-к.), Идирис пайгамбардын (Чаткал өрөөнүндө), Сафид-Буленд (Мазар кыштагына жакын) күмбөздөрү. Кооз жерлери Терек-Сай, Көкташ жайлоолору ж-а Чуңкурчак (7 көлү бар) ж. б.

АЛА-БУКА СУУСУ -Касан-Сай суусунун сол куймасы. Уз. 58 км, алабынын аянты 225 км2. Чаткал тоосунун түш.-чыг. капталынан 4000- 4300 м бийиктикте жаткан мөңгүдөй башталат. Көбүнчө кар, мөңгү (58%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,75 м3/сек, эң көбү (май- июнда) 5,35-5,83 м3/сек, эң азы (февр.) 1,28 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ала-Бука кыштагы жайгашкан.

АЛАВЕРДИ-шаар (1933-ж. чейин посёлок) Арм. ССРиндеги Туманян р-нун борбору. Дебед д-нын боюнда (Куранын алабы). Ленинакап - Тбилиси т. ж. тармагындагы станция. Калкы 213 миң (1970). Арменияньщ жез ө. ж-нын борбору. Жез, күкүрт кычкылы, суперфосфат чыгаруучу ири жез-хим. комбинаты иштейт. Жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. ишканалары, индустр.-технол. техникуму бар.

АЛАГҮҮ (columba palumbus) - көгүчкөндөр тукумундагы куш. Денесинин уз. 45 см ге жакын, салм. 600-700 г. Түсү көк, баш-моюну күрөң, көкүрөгү кызгылт. А. Европада, Азияда, Африкада, СССРде Украина, Крым, Кавказ, О. Азияда ж-а Кыргызстандын Тянь-Шань, Алай тоолорундагы карагайларда, өзөн боюндагы токойлордо уялайт. Экиден жумуртка тууйт. А. курт-кумурска, мөмө, дан жейт. Токойлор көп кыйылгандан А-нүн саны азайып кеткен, ошон үчүн А. коргоого алынды.

АЛАДУНГА (Montifringilla nivalis) - мукурлар тукумундагы, таранчылар түркүмүндөгү канаттуу. Денесинин уз. 18-19 см, тамагында чоң кара тагы бар, жон жагы бозомук күрөң, боору, канат ж-а куйрук чалгындарынын көп жери ак. Түш. Европанын, Азиянын тоолорунда, СССРде Кавказ ж-а О. Азияда, Кыргызстандын 2500 м бийиктиктеги тоолорунда жашайт. Аска таштардын коңулдарына, жарлардагы жаракаларга уя жасап, 4-6. ак жумуртка тууйт. А-лар курт-кумурскалар, майда омурткасыз жаныбарлар, кышында өсүмдүктөрдүн уруктары м-н азыктанат.

АЛАЗАНИ -ГССР м-н Азербайжан СССРинин аймагындагы дарыя; кээ бир жеринде эки респ-каңын чек арасынан өтөт. Кура д-сынын, Минт гечаур суу сактагычына куят. Уз* 351 км, алабынын аянты 10800 ,кмК Чоң Кавказ дын түш. капталынанбашталып, Кахети өрөөнү аркылуу өТөТ. Кар, мөңгү сууларынан куралат. Орточо чыгымы 98 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.

АЛАЙ КАБАТТАГЫ - Алай, Фергана өрөөндөрүндө кеңири, тараган - палеоген мезгилинин чөкмө тоо. тек. катмарлары. 1947-ж. О. С Вялов тарабынан өз алдынча геологиялык кабат болуп бөлүнүп, Алай өрөөнүнүн аты м-н аталган. Алар негизинен мергель, аки таш теги, доломит, гипс,

Кызыл ж-а боз чопо, алевролит, кумдун ж-а конгломөраттардан турат. А. к-да устрица, үлүл, кээде фораминифер сыяктуу организмдердин ташка айланган көптөгөн калдыктары кезигет. А. к-нын калыңд. Фергана өрөөнүндө 12-75 м, Алай өрөөнүндө 10- 211 м ге жетет. Айрым жердеги А. к-нда нефть кендери бар.

Ад.: Геология СССР, т. 25, кн. 1, М., 1972.

АЛАЙ КОЮНУН ПОРОДАЛЫК ТОБУ-эт, май, жүн алынуучу кой. Аны Кырг. ССРинин Ош обл-дагы Алай р-нунун "Чоң-Алай" с-зунда 1973-ж. Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ил. из. ин-ту чыгарган.

Алай өрөөнүндөгү жерг. куйруктуу койлордун жүнүнүн сапатын жакшыртуу максатында тубар койлор прекос кочкорлоруна куудурулган. Алардын ар кандай муундагы ургаачы аргындарынын тобуна саража кочкору катышкан. Прекос аргындарынын арасынан чыккан куйруктуу ак кочкорлор м-н соолуктар куудурулуп, А. к. п. т. түзүлгөн. Бул кой Алай өрөөнүнүн татаал климат шартында кыштыр-жайдыр жайып багууга чыдамдуу. Кочкорлорунун орточо салм. 102-115 кг, айрымдары 145 кг, соолуктары 62-68 кг, мыктылары 85 кг. Ар 100 тубар кой 105- 107 козу берет. Козулары жүнү өскүлөң, чоң туулуп, тез жетилет да, 4-4,5 айында салм. 31-37 кг га жетет. Жетилиши жагынан белгилүү гиссар ж-а тажик койлорунан калышпайт. Бул кой бир гана жолу кыркылат да, кочкорлорунан 5,2- 8,1 кг, соолуктарынан 2,7-6,5 кг чала кылчык, жылтылдак ак жүн алынат. Таза жүндүн чыгышы 65-70%. Жүнүнүн 50-60% тыбыт, калганы кылчык, уз. 21-28 см, тыбытынын уз. 12-16 см ге жетет. Бул койлор Алай р-нунун "Чоң-Алай" с-зунда, Совет р-нунун Алай-Куу өрөөнүндө өстүрүлөт. ;

АЛАЙ КЫРКА ТООСУ -Алай-Түркстан тоо системасына кирүүчү Түш. Кыргызстандагы ири кырка тоо. Түштүгүнөн Алай өрөөнү, түндүгүнөн Фергана өрөөнүнүн адырлары, чыгышынан Көк-Суу тоосу ж-а Алай-Куу кырка тоосу, багытынан Матча тоо тоому (Түркстан кырка тоосу) м-н чектешет. Узундугу 480 км ден ашык. Басымдуу бийиктиги 3500-4000 м, эң бийик жери 5880 м (Алай чокусу). А. к. т. батышты карай бийиктейт (Айдарбек чокусу, 5126 м). Генет. тиби б-ча горст-антиклинорий. А. к. т-нун геол. түзүлүшүндө негизинен силур, девон, карбон ж-а пермь мезгилдеринде пайда болгон кумдун, конгломерат, аки таш теги, сланец, порфирит м-н туфтар сыяктуу тоо тектер бар. Аларды диорит, гранит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо аралык ойдуңдарда ж-а суу өрөөндөрүндө антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. А. к. т. герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон, кийин өзгөрүүлөргө учурап, тектоникалык жаракалар м-н тилкеленген. А. к. т-да сымап, сурьма, алтын, темир, боксит, калий, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр ж. б-лардын кендери бар. Алардын айрымдары ө. ж-лык мааниге ээ. А. к. т-да өрөөндөр, капчыгайлар өтө көп. А. к. т-нун негизги өзгөчөлүгү: Фергана өрөөнүнө караган түн. капталдары узун (80-90 км) ж-а жантайыңкы келип, этектери адырларга айланып кетет. Ал эми Алай өрөөнүнө караган түш. капталдары кыска (4-15 км), тик аскалуу. Түн. жагы жарыш жаткан (3700- 5180 м бийиктиктеги) тоолордон (Кичи-Алай, Коллектор, Курук-Сай-Кулдук, Ярунтуз, Сандал, Сангибалянд, Катраң) ж-а аларды бөлүп турган өрөөндөрдөн (Кичи-Алай, Кожо-Ашкан, Зардалы, Лаглан, Папан, Ноокат, Тактех, Охна, Хайдаркен) турат. Байыркы муз доорунун белгилери (тоо үстүндөгү түздүктөр мореналар түрүндө) Ак-Буура, Талдын, Гүлчө сууларынын алаптарында байкалат. Батышында мөңгү арбын, алардын ирилери: Ак-Төр, Киндик, Арча-Башы, Бакалах, Кульп ж. б. Климаты кескин континенттик, июлдун орточо темп-расы 10°Сден төмөн, январдыкы -20-25°С Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 400-500 мм. Ири суулары: Гүлчө, Ак-Буура, Кыргыз-Ата, Исфайрам-Сай, Абшыр-Сай ж. б. Түш. капталдарында кургак талаа (2900- 3600 м), жарым чөл, талаа (3600-

4600 м бийикте), шалбаалуу субальпы ж-а альпы (4600-4800 м), гляциалдык-нивалдык (4800 м ден жогору), түн. капталдарында токойлуу талаа (1500-3000 м), шалбаалуу субальпы ж-а альпы (3000-3900 м), гляциалдык-нивалдык (3900 м ден жогору) ландшафт алкактары жатат.

Ад.: Алиев 3., Байгуттиев С, Түштүк Кыргызстандын жаратылышы, 1972; Ильин И. А., Водные ресурсы Ферганской долины, Л., 1959; Сахарова О. Д., Ландшафты Алайской долины и её районирование для целей сельского хозяйства, Фр., 1973.

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ - Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоолуу өрөөн, жайлоо. Алай тоо тизмеги м-н ЧоңАлай (Заалай) кырка тоосунун ортосунда. Аянты 1712 км2, уз. 150 км, туурасы 25-40 км. Орточо бийикт. 3000 м, эң бийик жери чыгышында 3650 м (Тоң-Мурун бели), эң жапыз жери 2440 м (Катта-Карамык). Ортоңку бөлүгү түзөң, мында жазы кашаттар (Кызыл-Суу) ж-а байыркы морена чуцкурчактары кездешет. Бат. тарабын Алтын-Дара, Көк-Суу, Кызыл-Суу өзөндөрү ээлеп жамандыктан, кокту-колоттуу ж-а адырлуу. Өрөөн аркылуу Кызыл-Суу агып өтөт. А. ө-ндө Каман (уз. 8,1 км), Ленин атн. (9,4 км), Кызыл-Суу (13,7 км), Нура (13,9 км) ж. б. жалпы аянты 1,5 миң км2 ге жеткен мөңгүлөр бар. Чыт. жагында (3500 м бийиктикте) тоң жатат. Геол. түзүлүшүндө мезозой м-н кайнозой заманында пайда болгон кумдун, конгломерат, алевролит, филлит, гипс, аки таш тектери ж-а чополор бар. Өрөөндүн таманында ж-а тоо таянган эңкейиш түздүктөрүндө антропоген мезгилинин кум-шагылы м-н чополору кеңири таралган. А. өнүн азыркы тектоникалык структурасы - ассиметриялуу грабен-мегасинклиналь. Өрөөндүн пайдалуу кендеринен таш көмүр (Норуз-Көлж. б.), курулуш материалдары жерг. керектөөлөргө кеңири колдонулууда. Суу өзөндөрүнөн алынган шлихтерде сымап, коргошун, калай минералдары ж-а алтын кездешет. Климаты кескин континенттик. Чыг. тарабы суугураак. Жылдык орточо төмп-ра " ыгышында 3,7°G, июлдун орточо темп-расы 10°С, январдыкы - 13°С. Жааи-чачындын жылдык орточо өлчөмү 250-400 мм. Өрөөн күрөң ж-а боз топурактуу келип, негизинен ак кылкан, камгак, шимүүр, доңуз сырты, өлөң, шыбак, шыралжын д. у. с. өсөт. А. ө-нө жарым чөл (2400-3000 м), талаа (3000- 3600 м), субальпы ж-а альпы (3500- 4500 м), невал (4500-6500 м) ландшафт алкактары мүнөздүү. Жаныбарлары: суусар, суур, аркар, илбирс, карышкыр, улар, жырткыч куштар (жору, бүркүт), кескелдириктер, жылан ж. б. Өрөөндүн а. ч-сы үчүн мааниси чоң. Анда жыл бою Ош облнын, Өзб. (281,0 миң га), Таж. (68,0 мин га) ССРлеринин малы жайлайт. Малды тогот м-н камсыз кылуу максатында 3,4 миң га айдоо аянты өздөштүрүлгөн; айдоого жарамдуу 55,4 миң га дың жери бар. Чөп чабыктар 1,2 миң га аянтты ээлейт. Малчыларды тейлөө үчүн маданий борбор ж-а медпункттар уюштурулган. А. ө-но мал негизинен Ош - Памир жолу аркылуу айдалат. Өрөөндө Дараут-Коргон, Сары-Таш, Эргеш-Там ж. б. кыштактар жайгашкан. Дараут-Коргон кыштагында 18-19-к-га таандык чеп (сокмо дубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары бар.

Ав.: Корженевокий Н. Л., Алайская долина, "Тр. ГГамирск. экспед. 1928 г.", вып. 3, Л., 1930; Сахарова О. Д., Алайская долина, Фр., 1959; ошонуку, Ландшафты Алайской долины и её районирование для целей сельского хозяйства, Фр., 1973.

АЛАЙ РАЙОНУ - Кырг. ССРинин Ош обл-нын составында 1928-ж. уюштурулган админ. район. Түндүгүнөн Алай кырка тоосу аркылуу Кара-Суу, Ноокат, Фрунзе р-ндору, батышынан ж-а түштүгүнөн Таж. ССРи (ТоолууБадахшан АО), чыгышынан Совет р-ну ж-а КЭР м-н чектешет. Аянты 1244,3 км2. Калкы 41,9 миң (1972). Борбору - Гүлчө кыштагы. Ош т. ж. станциясынан 83 км түш.-чыг. тарапта. Райондун 3 совхоз, 3 колхозунда 175 кыштактан турган Н сельсовет бар. А. р-ну Гүлчө, Алай өрөөнү, ага жарыш жаткан Кичи-Алай (эң бийик чокусу Алай, 5880 м) ж-а Чоң-Алай (Ленин атн. чоку, 7134 м) кырка тоолорунун ортосунан орун алган. Райондун аянтынын 2/3 бөлүгүн тоо ээлейт. Кырка тоолордун бийикт. 5200-7000 м ге чейин (Октябрь атн. чоку, 6780 м, Дзержинский атн. чоку, 6713 м). Бул тоолордо О. Азиядагы эң ири мөңгүлөр жатат. Райондун эң жапыз жери деңиз деңг. 1560 м. Түз жерлер негизинен Чоң-Алай өрөөнүндө. Кен байлыктарынан: таш көмүр Дараут-Коргон кыштагынын түн. тарабында, Кичи-Алай тоосунда сымап, вольфрам, туз кени, курулуш материалдары (чопо, кум, шагыл таш) бар, бирок запасынын аздыгына, трансп. шартынын ыңгайсыздыгына байланыштуу бул байлыктар пайдаланыла элек. Гүлчө кыштагынын жанындагы жылуу булактын дарылык касиети бар. Климаты континенттик. Июлдун орточо темп-расы өрөөндөрдө 20-25°С, тоолордо 10-15°С, январдыкы - 4- 7°С, - 14°С. Жылдык жаан-чачын өлчөмү 400-600 мм. Мөңгүлөрү: Абрамов, Корженевокий, Корумду, Ленин атн. ж. б. Агын сууларынын ирилери: Кызыл-Суу, КөкСуу, Гүлчө ж. б. Өсүмдүктөрү: бетеге, шыбак, буудайык, өлөң, тоолордо арча, карагай, бадалдар, суу бойлорунда шалбаа өсүмдүктөрү ж. б. Жаныбарлары: илбирс, аюу, аркар, тоо эчки, карышкыр, түлкү, каман, суур, кашкулак, суусар; канаттуулары: бүркүт, кекилик ж. б. кездешет. Калкынын көбү - кыргыз (95 %); өзбек, орус ж. б. улутунан да бар. Орточо жышт. 1 км2 ге 3,3 киши. А. р-нунда негизинен мал чарбасы өнүккөн. 1973-ж. райондо 0,4 млн кой-эчки, 24 миң уй-топоз, жылкы болгон. Көпчүлүк жери (560 миң га) - жайыт. Анын жарымын Өзбекстан, Тажикстандын малчылары пайдаланышат. Өрөөндөрдүн бир аз бөлүгүндө дан эгин (21 миң га) ж-а тоют чөптөрү (13 миң га) эгилет. Бардык айдоо жери сугарылат. Райондун жерин өздөштүрүү максатында азыр Чоң-Алай өрөөнүндө МЖС уюштурулган. А. р-нда жол катнашуунун негизги түрү - автомоб. жолу. Райондун террясынан өткөн союздук маанидеги Ош - Хорог жолу, жерг. мааниси бар Сары-Таш - Дараут-Коргон - Карамык, Дараут-Коргон - Кызыл-Кыя жолдору өтөт. Булардан башка тоо капчыгайларында көч жолдору бар. А. р-нда 15 орто, 26 сегиз жылдык, 8 башталгыч мектеп, айылдык профтех, окуу жайы, 32 китепкана, 20 клуб, 4 оорукана, 4 поликлиника ж-а элдик турмуш-тиричилик жагынан тейлөөчү комбинаттын, соода ишканаларынын түйүндөрү бар. Айрым айылдарда суу жүргүч тармак курулган. 1966-ж-дан бери "Күжүрмөн эмгек" газетасы чыгат. Тарыхый эстеликтерден Дараут-Коргондогу Кербен сарайдын урандысы сакталып калган. Бул - жергиликтүү стилде курулган чеп.

АЛАЙ ЭЛДИК ТЕАТРЫ - Кыргызстандагы элдик театрлардын бири. Гүлчөнүн кыштак клубу 1946-ж. маданият үйүнө айланып, анда драмкружок уюштурулат да, К. Эшимбековдун "Кожокенин ийгилиги" деген бир көшөгөлүү пьесасы коюлат. Кырг. ССР маданият мин-восунун коллегиясынын чечими б-ча (4. 6. 1960) Алай р-ндук маданият үйүнө "Алай элдик театры" деген наам берилет. Алгачкы режиссёру - М. Жакыпов, сүрөтчүсү - С. Тобоев. Театрга М. Тойбаевдин "Шектенүү" (1960), М. Жакыповдун "Ак Мөлмөл" (1961) аттуу бир актылуу, кийин Р. Шүкүрбековдун "Жакшынын шарапаты" (1964), К. Маликовдун "Айланган тоонун бүркүтү" (1966), К; Жантөшевдин "Каныбек" (1969) ж. б. көп актылуу драмалары коюлду. А. э. т-нда иштегендердин арасынан респ-калык кароолордун бир топ лауреаттары өсүп чыкты. Театрдын коллективи колхозчуларга ж-а алыскы жайыттардагы малчыларга оюн-зоок көрсөтүп, маданий жактан тейлеп турат.

АЛАЙ-КУУ КЫРКА ТООСУ Түш. Кыргызстанда, чыгышынан Фергана тоо тизмеги (Сөөк, Үйгөн-Баш ашуулары), батышынан Көк-Суунун алабы (Ой-Бала), түн.-батышынан ЧаканТаш тоосу, түндүгүнөн Алай-Куу өрөөнү, түштүгүнөн Кара-Чал тоосу м-н чектешет. Уз. 90 км ге жакын, туурасы 25-30 км, орточо бийикт. 3800-4000 м, эң бийик жери 4500 м (Кыздар тоосунда). Негизинен палеозойдун аки таш теги ж-а сланец тектеринен түзүлгөн, гранит да бар. Рельефи татаал, тоо тармактары тектоникалык жаракалар м-н бөлүнөт. Тармактары бат. тарабында узун (15-20 км), чыгышында кыска (5- 10 км), капталдары жазы ж-а айдөөш, алардын ирилери: Эркеч, Саба-Жарды, Туюк-Кайыңды, Көл-Кайыңды, Кыздар, Кемпирдин тоосу, Айры-Таш, Боор-Албас, Үч-Казык, Манастын ээри, Тоголок-Таш, Кызыл-Агын, Кара-Тума. Тоолордун Алай-Куу (Ойтал) өрөөнүнө караган этектери бор мезгилинде ж-а палеогенде пайда болгон кызгылт кумдуктардан турган адырларга айланган. Тектоникалык түзүлүшү б-ча тоо - горст-антиклиналь. Байыркы муз каптоонун белгилери Кулун-Эмбес, Ийри-Суу, Жон, Жалгыз-Катын, Топ-Теке, Тепши, Сөөк, Саба-Жарды ж. б. тоолордон байкалат. Мөңгүлөрү анча чоң эмес (0,5-1,5 км2), ирилери: Эркеч, АкЭчки, Көл-Кайыңды, Кыздар, ЖарыкБел. Суулары: Алай-Куу, Саба-Жарды, Туюк-Кайыңды, Көл-Кайыңды, Кайыңды-Булак, Кашка-Суу, Үч-Казык, Ак-Богус ж. б. Климаты кескин континенттик, июлдун орточо темп-расы 15-20°С, январдыкы -5, -10°С, жылдык жаан-чачындын саны 400-600 мм. Ландшафттык алкактары (түн. капталдарында) чыгыштан батышка кеңеет: талаа тулаңы (2300-2700 м), токойлуу шалбаа (2700-3100 м), токой (3000-3500 м), субальпы, альпы шалбаасы (3500-3900 м), гляциялдык-нивалдык (3900 м жогору).

АЛАЙ-КУУ ӨРӨӨНҮ Ош обл-нын Совет районунда, Фергана ж-а АлайКуу кырка тоолорунун арасынан орун алган. Түндүгүнөн Кара-Кулжа өрөөнү, түштүгүнөн Алай-Куу кырка TOOJ су, чыгышынан КЭР, батышынан Гүлчө өрөөнү м-н чектешет. Аянты 1454,45 км2, уз. 78 км, туурасы 52 км. А.-К. ө. түш. тарабынан бийик тоолор (Ой-Кум, 4108 м; Сөөк, 4024 м; ТүзАшуу, 3629 м; Саба-Жарды, 4690 м; Тар-Кол, 4516 м; Кыздар, 4255 м; Эркеч, 4456 м; Алда-Кул, 3986 м; АюуТапан, 3991 м) м-н курчалган. Эң бийик жери - Мустак тоосу, 4697 м.

Тоолордун басымдуу бийикт. 3200- 3800 м. Негизинен бор ж-а юра мезгилдеринде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Жеринин бети тоолуу келип, түн.-батышты көздөй жантайьщкы. Борб. бөлүгү жайык келип, Терек, Чычырганак, Жаман-Тал, КолКайыңды өндүрлөрү , м-н тилмеленген. Климаты континенттик, июлдун орточо темп-расы 15,7°С, январдыкы -17,9°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 347 мм. Мөңгүлөрү (жалпы аянты 57,7 км2) көбүнчө Терек суусунун жогорку агымында, эн ириси - Кара-Кол (уз. 5,6 км). Суулары: Алай-Куу, Саба-Жарды, Үч-Казык, Көл-Кайыңды, Терек ж. б., булар мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Кашка-Суу, Терек, Кулун өрөөндөрүндө минералдуу суулар бар. Көлдөрү: Чоң ж-а Кичи Кулун, Дардан-Көл, Көл-Кайыңды ж. б. Топурагы ж-а өсүмдүктөрү бийиктик тилке б-ча өзгөрөт. Негизинен күрөң топурактуу. Тоолордун тескей беттеринде карагай, күнгөйүндө арча токойлору бар. Бадалдардан четин, шилби, табылгы, ит мурун, карагат, жылгын бар; чөп өсүмдүктөрүнөн бетеге, сулу чөп, шыбак, арпа чөп ж. б. өсөт. Айбанаттарга (аюу, түлкү, карышкыр, кашкулак, суур, коён, өрдөк, чулдук ж. б.) бай. А.-к. ө-дө КөкАрт, Кызыл-Жар, Ой-Тал кыштактары жайгашкан. Мында негизинен мал чарбачылык өнүккөн. Жаратылышынын кооздугунан А.-К. ө. туристтик базаларды, пионер лагерлерин уюштурууга ыңгайлуу.

АЛАЙ-ТҮРКСТАН ТАБИЯТ ОБЛАСТЫ - Кырг. ССРинин түштүгүндөгү, Фергана өрөөнүн жандап, батыштан чыгышты көздөй созулуп жаткан тоолуу табигый регион. Алай-Ысар (Гиссар) тоо системасынын (Түш. ТяньШань) составына кирет. Аянты 36,5 миң км2. Уз. 800 км (Кыргызстандын аймагында 610 км ге жакын). Бийикт. 600-6000 м ге чейин (чокулары: Тильбе 5800 м, Аскалуу 5621 м, Тамды-Көл 5540 м ж. б.). Негизинен Алай ж-а Түркстан кырка тоо тизмегин түзөт. Область герцин бүктөлүү зонасына кирет. Бийик кырка бөлүгү палеозой заманындагы чөкмө ж-а метаморфизмделген тоо тек катмарларынан (сланец, аки таш теги ж. б.) түзүлүп, гранит, диорит интрузиялары м-н жирелип чыккан. Юра, бор, палеоген ж-а антропоген мезгилдеринин түрдүү тоо тектери А.-Т. т. о-нын жапыз тоолуу түн. бөлүгүн түзөт. Бул аймакта палеозойдун аки таш тектүү массивдери (Чил-Устун, ЧилМайрам, Кан-и-Гут ж. б.) карсттык процесстерге учурап, үңкүрлөрдү, кудуктарды ж. б. пайда кылган. Тоо тизмектери ассиметриялуу: түш. капталдары кыска (10-15 км) ж-а тигирээк, түн. беттери кеңири (50-100 км) ж-а тайпак. Ири тоо тизмектерине жараша кырка тоолор, массивдер, адырлар (Кичи-Алай, КатыраңТоо, Бели-Сынык ж. б.) ж-а аларды бөлүп турган өрөөндөр (Папан, Ноокат, Хайдаркен, Рават ж. б.) жайгашкан. Негизги тизмектердин ж-а айрым тоолордун рельефи альпы тибине кирип, аска-зоокалуу чокуларын кар, мөңгү баскан. Областта 530дан ашык мөңгү бар, алардын жалпы аянты 720 км2 чамасында. Климаты континенттик, субтропиктик; жайы жылуу, кышы мелүүн. Жылдык жаанчачындын орточо өлчөмү төмөнтөн жогору карай (100-200 мм ден 400- 600 мм ге чейин) көбөйөт, ошол эле багытта абанын темп-расы тескерисинче төмөндөйт. А.-Т. т. о-нда уз. 1 км ден ашкан 3739 суу (Фергана өрөөнүндөгү агын суулардын 57%) бар. Ири суулары: Сох, Куршаб, АкБуура, Исфайрам, Исфара. Агын суулардын көпчүлүгү Сыр-Дарыяга жетпей сугатка керектелет. Тоолорунда 76 майда көл ж-а суу сактагычтар бар. Ландшафттык өзгөчөлүктөрү жагынан А.-Т. т. о. 5 бийиктик алкакка бөлүнөт: 1) тоо этектериндеги жарым чөлдүү түздүктөр ж-а адырлар; 2) лёсстуу жапыз ж-а орто бийиктиктеги тоолордун субтропик талаасы; 3) бөксө тоолордогу арча ж-а сейрек токой, талаа ж-а шалбаалуу талаа; 4) бийик тоолуу шалбаалар тилкеси; 5) түбөлүк кар, мөңгү, аска-зоокалуу гляциалдык-нивалдык зона. Область түрдүү минералдык ресурстарга (сымап, сурьма, полиметалл, нефть, таш көмүр ж. б.) бай. Агын сууларда энергет. ж-а ирригациялык комплекстер курулууда. Өрөөндөрү дыйканчылыкка (пахта, тамеки, жибек, жемиш бактары, дан эгиндери ж. б.), тоолору мал чарбачылыгына пайдаланылат. Бул область - Кырг. ССРинин экономикасы өнүккөн маанилүү бөлүгү. Ири ө. ж. ж-а маданий борборлору: Ош, Кызыл-Кыя, Сүлүктү ш-лары, к. Алай кырка тоосу, Ош областы, Түркстан кырка тоосу.

АЗ.: Алиев 3., Байгуттиев С, Түштүк Кыргызстандын жаратылышы, Фр., 1972; Природа Киргизии, Фр., 1962; Рельеф Киргизии, Фр., 1964; Ро й ч е н ко Г. И., Земельные ресурсы Южной Киргизии и их использование, Фр., 1970; Ч е д и я О. К., Юг Средней Азии в новейшую эпоху горообразования, Фр., 1971.

АЛАКАЕВКА - Куйбышев обл-нын Кинель р-нундагы кыштак. Куйбышев ш-нын 55 км түн.-чыгышында. 1889ж-дын жайында Ульяновдордун үйбүлөсү Симбирскиден Самарага көчүп келип, А. жанындагы кичине хуторду сатып алган. Ульяновдор жай айдарын ушул жерде өткөргөн. 1893-ж. күзүндө В. И. Ленин мындан Петербургга кеткен, Ульяновдордун калгандары А-дагы хуторун сатып, Москвага көчкөн. Булар турган үйдө В. И. Ленин атн. музей ж-а китепкана уюштурулган.

АЛА-КӨЛ - Каз. ССРинин Семипалатинск (Семей) ж-а Талды Коргон облтарынын аралыгында, Балкаш-АлаКөл чуңкурдугунун чыгышында деңиз деңг. 343 м бийиктикте жарым чөл зонасынан орун алган туздуу, туюк көл. Аянты 2200 км2, орточо тереңд. 22 м, уз. 104 км, туурасы 52 км. А.-К-дүн деңгээлинин жылдык өзгөрүшү 1-2 м ге барабар. Көл январдан апрелге чейин тоңот. Суу мол жылдары Уялы, Сасык-Көл ж-а Жылаңач-Көл сыяктуу майда көлдөр А.К-гө кошулуп, аймагы 55 миң км2 ге жетет. А.-К-гө Эмел суусу куят. Маринка ж-а сазан балыктары бар, кеме жүрөт.

АЛАМҮДҮН -Чүй дарыясынын сол куймасы. Уз. .78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы Аламүдүн мөңгүсүнөн башталып, жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда, нугу кеңейип, тайыздайт. Ири куймасы - Чуңкурчак (19 км). Мындан башка 33 майда куймасы ж-а алабында жалпы аянты 0,8 км2 ге жеткен 12 майда көлү бар. Май айында кире баштайт, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 6,36 мг\сек, эң көбү 31,0 м%\сек, эң азы 0,74 мъ\сек. Кар, мөңгү ж-а булактардан куралат. Тоодон чыга беришинде (Көк-Жар кыштагына жакын) Аламүдүн суу сактагычы курулган. Жээгинен Фрунзе ш., Көк-Жар, ТашМойнок, Беш-Күңгөй кыштактары орун алган.

АЛАМҮДҮН - Аламүдүн р-нун борбору, кыштак. Фрунзе ш-на туташ. Фрунзе т. ж. станциясынан 5 км аралыкта. Калкы 13 500 (1974). А-дө ремзавод, байпак ф-касы, Аламүдүн ГЭСинин каскаддары, эки орто мектеп, клуб ж. б. ишканалар бар.

АЛАМҮДҮН - Аламудун капчыгайынын башындагы ашуу. Фрунзе ш-нан 55 км түш. тарапта. Бийикт. 4032 м. Жыл бою кар жатат. Ашуу июндун башында ачылып, Чүй өрөөнүнөн Суусамырга мал ашырылат. Сентябрда ашуу жабылат.

АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ - Кыргыз Ала-Тоосунун ортолук бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 50 км, бийикт. 1000-4000 м. А. к. кууш, өтө терең (800-1000 м). Капчыгайдын баш жагы үч айрыкка бөлүнөт, алар кошулуп, антропоген мезгилиндеги муздун кеңейткен жайыгыраак (1,5 км ге чейин) төргө өтөт. А. к. улам төмөндөгөн сайын куушурулуп, туурасы 25-50 м ге жетет. Капталдары жантык, кээде тик (30-60°). Чуңкурчак өрөөнүндө алкымга айланат. Капчыгай аркылуу Аламудун суусу агат. А. к-нын баш жагына - шалбаалуу альпы ж-а субальпы, төмөнкү бөлүгүнө бадалдуу шалбаа ландшафты мүнөздүү. Нарзан тибиндеги минералдуу булактар бар. Чүй өрөөнүнө чыга бериш жеринде Аламүдүн суу сактагычы бар. А. к. негизинен жайыт ж-а туристтик жай катары пайдаланылат.

АЛАМҮДҮН КАСКАДЫ - Фрунзе ө. ж. районунун энергет. базасын кеңейтүү ж-а чыңоо максатында курулган гидроэлектр станциялар системасы. Каскад Чоң Чүй каналындагы алты ГЭСтен турат: 1-Аламүдүн ГЭСинин курулушу 1943-ж. башталып, 1945-ж. аяктаган. Мунун кубаттуулугу 2,2 миң кет. Кубаттуулугу 2,5 миң кет 2-ГЭС 1949-ж. пайдаланууга берилген, 1950-53-ж-да 3-4-ГЭСтер (ар биринин кубаттуулугу 2',14 кет) ишке киргизилген. 1954-55-ж-да 5-6-ГЭСтин (ар биринин кубаттуулугу 6,4 миң кет) курулушу башталып, 1958-ж. ишке берилди. А. к-нын жалпы кубаттуулугу 21,78 миң кет. Азыр каскад толугу м-н автоматташтырылган, телевидение аппаратурасы аркылуу бардык ГЭС текшерилет. Фрунзе ТЭЦи, Лебединовка, Быстровка ГЭСтери м-н бирге А. к. бирдиктүү энергосистемасына бириктирилген. Каскад Түш. Казакстан энергосистемасы м-н да байланышта турат.

АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ - Чүй өрөөнүндөгү дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Фрунзе ш-нан 30 км түш. тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Аламүдүн суусунун боюнда, деңиз деңг. 1700 м бийиктикте жайгашкан. Суу ж-дө алгачкы ирет Н. М. Прокопенконун (1933), В. С Григорьеванын (1938) эмгектеринде жазылган. Кийин көптөгөн изилдөөчүлөр (Р. П. Ромах, 1952; Н. И. Катаева, 1964; А. В. Белёв, 1971) геол. иштерди жүргүзүп, суунун физ.-хим. ж-а дарылык касиеттерин аныктаган. Суу Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы чыгыштан батышты карай белгиленген арашан суулары чыгуучу зонада жатат. Палеозой доорунун башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Булактардын дебити - 5-7 л/сек. Суу өзүнүн хим. составы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,4-0,8 г 1 л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций - натрийлүү терма сууларына кирет. Суунун темп-расы 20°тан 30°ка чейин. Түссүз, жытсыз ж-а даамсыз, составында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СОг (0,4-7 мг/л), H2S (0,42 мг/л), радон (2,11-8,98 эман). Суунун дарылык касиеттеринин бири - анын составында кремний к-тасынын (30-50 мг/л) болушу. Ошондуктан ал, Хабаров крайындагы Кулдур ж-а Алтайдагы Белокурихин минералдуу сууларына окшош. Сууну кыймылдоо ж-а таяныч органдарынын, нерв системаларынын, аш казан ж-а гинекология ооруларын дарылоого колдонсо болот. Жол татаал болгондуктан, азырынча сууну жерг. эл гана пайдаланат, бирок анын келечектеги мааниси чоң. Анткени кийинки учурда (1971) А. В. Белёв өзүнүн изилдөөлөрүндө бургулоо көзөнөктөрүнүн жардамы м-н суунун дебитин 10 л/сек га көбөйтүүгө ж-а темп-расы 45-50° га жеткен кремний к-тасына өтө бай минералдуу сууну алууга боло тургандыгын аныктаган. Буга суунун Фрунзе ш-на жакын турушу да көмөк болот.

Ад.: Григорьева В. С, Ала-Медынские термы, в кн.: Термы и газы ТяньШаня, М.-Л., 1938; Катаева Н. И. и др. Подземные минеральные воды Киргизской ССР, Фр., 1969; Григоренко П. Г., Б е л ё в А. В., Гидрогеологическое районирование и минеральные воды Центральной части Северного Тянь-Шаня, "Изв. АН Кирг. ССР", 1972, в. 2.

АЛАМҮДҮН РАЙОНУ -Кырг. ССРиндеги админ. район. 1940-ж. февралда уюшулуп, 1961-ж. Кант р-нуна кошулган. 1974-ж. 9-январда кайра өзүнчө район болду. Район Чүй өрөөнүнүн ортоңку бөлүгүнөн, Фрунзе ш-нын айланасынан орун алып, түндүгүнөн Каз. ССРи, түштүгүнөн Суусамыр өрөөнү, чыгышынан Кант р-ну, батышынан Сокулук р-ну м-н чектешет. Аянты 1456,7 км2, калкы 102,1 миң (1974). Райондо 2 колхоз, 8 совхоз, 14 сельсовет бар. Борбору - Аламүдүн кыштат. Жеринин көбү түзөң, түш. тарабында Кыргыз АлаТоосу (эң бийик чокусу Аламүдүн, 4875 м) жатат. Район деңиз. деңг. 700-4500 м бийиктикте. Кен байлыктарынан курулуш материалдары гана кездешет. Климаты континенттик, январдын орточо темп-расы -5, -15°С, июлдуку 22-25°С Жылдык жаанчачын өлчөмү 500-600 мм. Тоолуу бөлүгүндө Голубин, Чоң-Ала-Арча, Кургак-Төр, Салык ж. б. мөңгүлөр жатат. Райондун аймагынан Аламүдүн, Ала-Арча суулары агып өтөт. Кыртышы негизинен боз, кара күрөң ж-а кара топурактуу. Райондун талаалуу бөлүгү бүт дээрлик айдоо аянтына айланган. Тоолорунда тоолуу талаа ж-а тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү, арча ж-а бир аз карагай өсөт. Жаныбарлары: тоо эчки, аркар, элик, илбирс, карышкыр, түлкү, суур, кемирүүчүлөр ж. б. Калкынын көбү - кыргыз; орус ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт: 1 км2 жерге 7 киши туура келет. А. р-нда ө. ж. ишканаларынан: ремзавод, Аламүдүн байпак ф-касы, Ала-Тоо ж-а Ленин атн. винсовхоз комбинаттары, Аламүдүн тери ө. ж. бирикмеси, Мамл. балык чарбасы, Трикотаж бирикмесинин № 3 филиалы, Аламүдүн ГЭСинин каскады бар (6 ГЭС). Жер фондусу 144 миң (1974), айдоо жери 35,3 миң, жемиш багы 5,1 миң, чабындысы 3,0 миң, жайыты 41,1 миң га. Айдоо аяттарында сугат иштери кеңири пайдаланып (Жогорку Ала-Арча, Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтары, БЧК) дан эгиндери, кызылча, картошка, жашылча ж. б. эгилет. 1974-ж-кы маалымат б-ча 5,9 миң уй, 23,2 миң кой-эчки, жылкы ж. б. болгон. Райондо элди турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү комбинат, 34 мектеп, айылдык профтех, окуу жайы, 38 клуб, 42 китепкана, 7 оорукана, поликлиника, 6 аптека, Воронцовка кыштагында балдар санаторийи (сөөк-туберкулёз), Кыргызстандын 25 жылдыгы атн. эс алуу үйү, Чоң-Таш спорт базасы бар. Шоссе жолунун мааниси чоң. Райондун аймагынан Фрунзе - Рыбачье темир жолу өтөт.

АЛАМҮДҮН ЧОКУСУ -Кыргыз АлаТоосундагы эң бийик чоку. Бийикт. 4875 м. Ала-Арча м-н Аламүдүн капчыгайларынын баш жагын бөлүп турган Кыргыз Ала-Тоосунун түн.-батышты көздөй кеткен тармагынан орун алган. Тик капталдуу, үстү тайпак келип, дайыма кар, мөңгү каптап жатат.

АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ - Нарын багытындагы археол. эстелик. АлаМышык тоосунун этегинде, Нарын ш-нан 6 км бат. тарапта. Тянь-Шанда жашап өткөн байыркы көчмөн урууларга (сак, усун, турк ж. б.) таандык. Көрустөндүн мүрзөлөрү дөбөчөлөнүп (бийикт. 25-50 см) турат, төрт бурчтуу, топурак, шагыл, таш м-н толтурулган. Күн батыш баштантып, чалкасынан коюлган сөөктөрдүн жан-жактарынан жумуру түп карапа, темир, коло бычак, шуру мончок өңдүү буюмдар табылган. Көрүстөн б. з. ч. 1-3-к-га тиешелүү.

АЛА-МЫШЫК ТООСУ -Ички ТяньШандагы Нарын кырка тоосунун бат. тарабы. Нарын м-н Ат-Башы өрөөндөрүнүн ортосунда. Уз. 35 км, туурасы 6-10 км, басымдуу бийикт. 3000-3300 м, эң бийик жери 3399 м. Ала-Мышык негизинен девон, карбон мезгилдеринин аки таш тегинен турат. Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна бел баскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат, борб. бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаңдап (периклиналь), Жан-Булак коктусунан баштап түздүккө "чөгүп" кетет. Тектоникалык түзүлүшү б-ча - горст-антиклиналъ. Түн. беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал, түштүгүндө жарым чөлдүү, кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында ж-а бийик бөлүктөрүндө субальпы тулаңы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт-чиймелер, аки таштуу жерлеринде үңкүрлөр бар. Ала-Мышык жайлоо катары пайдаланылат. Анын эң бийик чокусуна ретрансляциялык теле көрсөтүү станциясы курулат. АЛАНД АР АЛДАРЫ, Ахвенанма - Балтика деңизиндеги Ботния булуңунун түштүгүндөгү архипелаг. 6,5 миң майда аралдан турат. Финляндияга таандык. Аянты 1481 км2. Калкы 22 миң (1968). Климаты мелүүн, салкын, январдын орточо темпрасы -4°С, июлдуку 15°С, жылдык жаан-чачын 550 мм. Админ. борбору - Марианхамина ш. Жери токойлуу ж-а шалбаалуу. Балык уулоо, дан (кара буудай, арпа) ж-а мал чарбасы өнүккөн.

АЛАНД КОНГРЕССЕ - 1700-21-ждагы Тундук согуш мезгилинде Россия м-н Швециянын ортосунда тынчтык ж-дө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн конгресс. Сүйлөшүүлөр 1718-1719ж-да Аланд архипелагында өткөн. Петр I орус аскерлери ээлеген Ингрияны, Карелияны, Лифляндияны (Рига м-н кошо), Эстляндияны (Ревель м-н кошо) ж-а Выборгду Россияга өткөзүүнү талап кылып, жеңип алынган Финляндияны Швецияга кайтарууга макул болгон. Бирок бул маселе б-ча Франция м-н Англиянын мүдөөсү кайчы келгенден пайдаланып, шведдер орустардын талаптарына макул болбой коёт. Эки тарап келише албагандыктан, сүйлөшүүлөр токтотулган.

АЛАНДАР, и р о н д о р-иран тилинде сүйлөгөн көчмөн уруулар. Алар Түн. Каспий, Дон, Кавказга жакын жерде жашаган жарым көчмөн сармат элинен б. з. ч. 1-к-да бөлүнүп чыгышкан рим ж-а Византия маалыматтары -ча). А. Азов боюна ж-а Кавказга жакын көчүп келишип, Крымга, Закавказьем, К. Азияга, Мидияга жортуулдарды жасашкан. Мал чарбачылыгы А-дын негизги тиричилиги болгон. А. гунндар тарабынан талкалангандан кийин (372-ж.), алардын бир бөлүгү Гунндар м-н Галлия, Испания аркылуу Түн. Африкага, экинчи бир бөлүгү Кавказ кырка тоолоруна тарап кетишкен. Азыркы иран тилинде сүйлөгөн осетиндер А-дын тукумдары болуп саналат.

АЛАСТОО - отко сыйынуудан чыккан ырым-жырым: от ар нерседен тазартат, жин-шайтандан алыс кылат деген түшүнүккө таянып, эмчи-домчулар арчаны түтөтүп, ооруну эмдеген, ырымдаган, баланын бешигин, төшөнчү, кийимин ыштаган. Жыл ажырашта да айылдын ортосуна арча жагып, А. өткөрүшкөн. Айылдагылар бүт чогулуп, кийимдерин отко силкип, бири бирине "эски жыл кетти, жаңы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололук, алас-алас ар балээден калас" деген жакшы тилеккаалоолорун айтышкан. Мындай ырым-жырым 0. Азия ж-а Иран элдеринде кеңири таралган. Азыр элдин маданий деңгээлинин өсүшүнө байланыштуу башка диний ырымдар сыяктуу эле А. да жоюлуп баратат. АЛА-ТОО - жүзүм сорту. Жүзүмдүн катта-курган ж-а карабурну сортторун чаңдаштыруу жолу м-н Кыргызстан дыйканчылык ил. из. ин-тунун кызматкерлери чыгарган, 1962-ж-дан бери мамл. сыноодо. Түшүмдүү, гектарынан ЗОО ц ге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8%. Шиңгилинин салм. 350-600 г. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү болот.

"АЛА-ТОО" БАСМАСЫ-Кыргызстандагы газета-журналдарды басып чыгаруучу мекеме. Ал адегенде Кырг. АССР ЭКСтин 1934-ж. 23-октябрдагы токтомунун негизинде "Кызыл Кыргызстан" басмасы болуп түзүлгөн. 1956-ж-дан "Советтик Кыргызстан"; 1964-ж-дан "Ала-Тоо" басмасы деп

аталат. Басма уюшулганынан бери "Кызыл Кыргызстан", "Советская Киргизия", "Дун хошир", "Ленинчил жаш", "Комсомолец Киргизии", "Кыргызстан пионери" газеталары м-н "Ала-Тоо" ж. б. журналдарда! чыгарып келген. 1972-ж. май айында "Кыргызстан КП БКнын басмасы" түэүлгөндүгүн байланыштуу, "А.-Т." б-сы "Мугалимдер газетасы", "Кыргызстан маданияты" жумалыгы, "Ала-Тоо", "Литературный Киргизстан", "Кыргызстандын айыл чарбасы", "Эл агартуу", "Советское здравоохранение Киргизии", "Ден соолук" журналдарын чыгарып калды. "АЛА-ТОО ЖАЗЫ" - Кыргызстанда өткөрүлүп келе жаткан музыкалык иск-вонун фестивалы. Ал 1-жолу 1966-ж. июнь айында өткөрүлгөн. Кийин ал салтка айланып, 1967-69-74ж-да "Элдердин достугу" деген ураан м-н өттү. "А.-Т. ж." фестивалы өлкөдөгү "Орус кышы", "Москванын жылдыздары", "Буурул түндөр", "Киевдеги жаз" аттуу кеңири белгилүү фестивалдар м-н бир катарда турат. Кыргызстандын эмгекчилери фестиваль күндөрүндө Мамл. академиялык симфониялык оркестр, Бүткүл союздук радио м-н Борб. теле көрсөтүүнүн симф. чоң оркестри, Ленинград ж-а Горький филармонияларынын симф. оркестрлери, М. Пятницкий атн. мамл. хор, ГССРдин, Дагстан АССРинин мамл. бий ансамблдери, Сибирь бийлеринин Красноярски деги мамл. ансамбли сыяктуу чыгармачыл чоң коллективдердин өнөрүн көрүшкөн. Көрүнүктүү композиторлор: Т. Н. Хренников, В. П. Соловьёв-Седой; дирижёрлор - Е. Светланов, К. Иванов, Б. Хайкин, Ю. Темирканов, О. Дмитриади; аткаруучулар И. Архипова, А. Огнивцев, Ю. Мазурок, Р. Стручкова, В. Бовт, Г. Гаспарян, Т. Куузик, Р. Жаманова, М. Сабирова, Т. Чебан, П. Серебряков, А. Бабакулов, М. Эсембаев, М. Магомаев, Б. Бенцианов фестивалдарга катышкан. Алар Кыргызстандын эмгекчилери м-н көп сандаган чыгармачылык жолугушуу өткөрүшкөн. 1966-74-жда да фестивалдарда 800 гө жакын концерт коюлуп, аны 800 миңден ашык адам көргөн. "А.-Т. ж." фестивалы СССР элдеринин достугун чыңдоого, улуттук маданияттарды жакындаштырууга кызмат кылат. Фестивалдын активдүү катышуучулары Е. Светланов м-н М. Эсембаевге "Кыргыз ССР ЭЛ артисти", Р. Тихомировго "Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер", Б. Бруновго ж-а Б. Бенциановго "Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамдар берилген. Бул фестиваль мындан ары да өткөрүлүп турат.

"АЛА-ТОО ЖАҢЫРЫГЫ" - кыргыз радиосунун а. ч. кызматкерлерине арналган радиопрограммасы. Ал 1963ж-дан тартып эфирден жумасына 4 жолу, 1968-ж-дан баштап күнүнө 2 жолу 2 сааттан берилет. "А.-Т. ж-нын" а. ч-сындагы илим м-н техниканын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны а. ч. эмгекчилерине жайылтууда ролу зор.

"АЛА-ТОО" ЖУРНАЛЫ - айына чыгуучу адабий-көркөм, коомдук-саясий журнал. Кыргызстан жазуучулар союзу м-н маданият мин-восунун органы. Журнал адегенде (1931) "Чабуул" деген ат м-н чыгып, биринчи редактору А. Токомбаев болгон. 1933ж-дан журнал "Кыргызстан кеңеш адабияты", 1935-ж. "Кыргыз совет адабияты", 1938-ж. "Ала-Тоо", 1939- 42-ж-да "Советтик адабият жана искусство", 1942-56-ж-да "Советтик Кыргызстан" деп аталып, 1956-ж-дан тартып кайра "Ала-Тоо" деген ат м-н чыга баштады. Тиражы 47000 (1976). Журнал кыргыз совет адабиятынын калыптанышына ж-а өнүгүшүнө зор көмөк берди. Кыргыз адабиятындагы бардык көрүнүктүү чыгармалар алгач ирет ушул журналга жарыяланган. Ал өз окуучуларын орустун ж-а дүйнөлүк классиктердин чыгармалары м-н да тааныштырып турат. "А.Т." журналы кыргыз совет адабиятынын чечилбеген актуалдуу маселелерине арналган адабий сын макалаларын, а. ч-дагы, ө. ж-дагы өндүрүштүн алдыңкыларынын күжүрмөн эмгегин чагылдырган очерктерди, публицистикага! үзбөй жарыялап келе жатат. Журналда "Адабий сын", "Жаш калем", "Жаңы котормо", "Адабият таануу", "Достор үнү", "Биздин календарь" деген рубрикалардын алдында ар түркүн макалалар жарыяланат.

АЛА-ТОО УЮ - сүт-эт берчү уй. Тоо шартына көнүккөн, сүттүү-эттүү уй алуу максатында жерг. инектерди швиц ж-а Кострома букалары м-н аргындаштырып, Кырг. ж-а Каз. ССРинин асыл тукум к-з, совхоздорунда чыгарылган. 1950-ж. порода болуп бекитилген. А.-т. уюнун өңү күрөң, денеси чымыр, башы чоң, кең көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, орто желиндүү, эмчеги узун. Өркөчүнө чейинки бийикт. 129 см, тулку боюнун уз. 171 см, көкүрөк курчай өлчөмү 197 см. Салм. инегиники-500-550 кг, букасыныкы - 700-800 кг; жаңы туулган музоосу 37-42 кг, 18-20 айлык кунажыны - 380-420 кг. Саан уйдан 4000-5000, мыктыларынан 10 222 кг сүт алынат. Сүттүн майлуулугу 3,8-3,9% кай бири 5%). Эти даамдуу. Ноопастар жайытта багылганда, күнүнө 800-1000 г салмак кошот. А-т. ую Кырг. ССРинин Ильич ж-а Стрельникова атн. асыл тукум уй з-дунда, Каз. ССРинин "Алматы" ж-а Ленин атн. асыл тукум уй с-здорунда өстүрүлөт. Уйларды асылдандыруу ж-а колдон уруктандыруу б-ча Кырг. респ-калык ж-а "Алматы" станциялары уюштурулган. Бул порода түзүлгөндөн бери, Кыргызстандын чарбаларында 55 миңге жакын А.-т. ую өстүрүлүп, анын ичинен 9,6 миңи өлкөбүздүн чарбаларына, 2368 башы Монголияга, Корея Эл Респ-касына ж. б. чет мамл-терге сатылды. 1970-ж-дагы маалыматка караганда Кыргызстанда 356200, Казакстанда 500 миң, Өзбекстанда 35 миң, Тажикстанда 16 миң, Түркмөнстанда 12 миң А.-т. ую болгон. Бул уйду Кыргызстандын бардык р-ндорунда (Киров ж-а Талас р-ндорунан башка) өстүрүү пландаштырылган. Азыркы кезде респ-кадагы бардык уйдун 98% ушул породага кирет. А.-т. ую көбүнчө (58,4%) Ысык-Көл ж-а Чүй өрөөндөрүндө асыралат. Бул породаны чыгаргандыгы үчүн А. С. Всяких, Н. И. Захарьев, П. Т. Щелоков, Г. Н. Чашкин, Ф. А. Стрельникова, И. Бектембаев, П. И. Мельников, Ч. Алтыкеев СССР Мамл. сыйлыгын алууга татыктуу болушкан.

Ад.: Всяких А. С, П а к Д. Н., Алатауская порода крупного рогатого скота, М., 1954.

АЛАЧЫК - Көчмөнчүлүктө баш калкалаган өтө жупуну турак жай. А-тын: чөп алачык, жапма алачык, буума алачык, сайма алачык деген түрлөрү бар. Түндүккө сайылган керегесиз ууктардын үстүнө эле үзүк жаба салынганды жапма А. дейт. Сайма алачык эң алгачкысы болуп саналат. Аны уукка окшогон бир нече узун таякчаларды жерге сайып, баштарын жип м-н бириктирип түндүккө тешик калтыра байлап, үстүнө кийиз (кыргыз, казак ж. б. элдер), айбандардын терилерин (памирдик кыргыздар), кайыңдын кабыктарын (алтайлыктар) жабышкан. Бир нече жыгачтардын учун бууп, анын үстүн кийиз, тери ж. о-лар м-н жапса буума алачык, чөп м-н жапса чөп алачык аталат. А. негизинен көчмөн элдин кул-күңдөрүнүн, кедей-кембагалдарынын турак жайы болгон. Рев-ядан кийин , А. негизинен тарыхтын энчисине өттү.

"АЛАШ" ПАРТИЯСЫ - Казакстанда, Кыргызстанда болгон контррев-чыл, бурж. улутчул уюм (1917-20). Байлардын, манаптардын ж-а жаңыдан калыптанып келе жаткан казак буржуазиясынын таламдарын жактаган. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-ж. пайда болду. 1912-ж. мартта Кыргызстандын Пишпек уездинде жерг. бурж-чыл улутчулдардан либералдык мусулман тобу уюштурулуп, ага болочоктогу "алаш" ж-а эсер уюмдарынын жетекчилери А. Серкибаев, Н. Тулин ж. блар кирген. 1917-ж. 19-апрелде Верныйда (Алматы) казак улутчулдарынын демилгеси м-н "Кыргыз съезди" ("Казак съезди") чакырылып, ага Кыргызстандын түн. уезддеринен да делегаттар катышкан. Съезд Убактылуу өкмөттүн импер. согушту "жеңишке чейин" улантуу саясатын колдогон. 1917-ж. жайында Кыргызстандын шаарларында, айрым кыштактарында да улутчул бурж-чыл уюм (Пишпекте-"Алаш") түзүлгөн. 21-26-июнда (3-8-авг.) Оренбургда өткөн "Бүткүл кыргыз" ("Бүткүл казак") съездинде "А." п. уюшулуп, өзүнүн жетекчи органдарын шайлады. Анын программасы панисламизм идеясын жарыялады, казак ж-а кыргыз элин рев-чыл Россиядан, орус пролетариатынан ажыратып кетүүнү көздөдү. 5-13-(18-26)-декабрда "Алаш Ордо өкмөтү" курулуп, куралдуу отряддары түзүлдү. Алар ак гвардиячылар м-н бирдикте Совет бийлигине каршы согушту. "А." п. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу облтарында бөлүмдөрүн түзүп, контрревчыл "Кокон автономиясы" ж-а башкьгрт улутчулдары м-н тыгыз байланышта болду. 1918-ж. апрелде ЖетиСуу ревкому "А." п-нын обл., уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарды. Пишпектеги "Алаш" уюму бул токтомго баш ийбестен, аны "законсуз" деп, Пишпек советинин аткомуна кайрылды. Уюмду "Кыргыз революциячыл совети" деп атап, ага жамынуу м-н өзүнүн контррев-чыл иштерин уланта берген. 20-июлда Элдик депутаттар совети "Кыргыз революциячыл советин" жоюу ж-дө токтом кабыл алды. "А." п-сын эмгекчилер колдобогондуктан, ал толук ойрон болду.

Ад.: Очерки истории Компартии Казакстана, А.-А., 1963; Кыргызстан компартиясынын тарыхынын очерктери, Фр., 1967; Семенков В. Н., Борьба большевиков Киргизии за власть Советов, Фр., 1962; Зима А. Г., Победа Октябрьской революции в Киргизии, Фр., 1966.

АЛАШ СЫМАП КЕНИ -Ош обл-дагы сымап рудасы чыгуучу жер. Жалал-Абад ш-нан 150 км аралыкта. 1954-ж. Кырг. ССР геол. башкармасынын геол. издөө партиясы (В. М. Рожанең ж. б.) тарабынан ачылган. Кендин аймагында девон мезгилинде пайда болгон түрдүү калыңдыктагы аки таш теги жатат. Аки таш тегинин арасынан тектоникалык жаракалар өтөт. Сымап рудасы ошол жарандардын кесилишкен жериндеги зоналарда жайгашкан. Руда киновардан турган ж-а чар тарапка кеткен ичке (1 см ге чейин) тарамчалардан ж-а өтө майда бүртүкчөлөрдөн түзүлүп, бардык жерде бирдей өлчөмдө тараган эмес. Ал батыштан чыгышты карай азая берет. Кендин уз. 470 м, мында калыңд. 40 см ден 1,5 м ге чейин жеткен линзага окшош 4 руда түйүнү табылган. Сымап алынуучу негизги минерал - киноварь. Андан башка куприт, азурит, малахит кездешет. Руда герцин металлогениялык доордо гидротермалык жол м-н пайда болгон. Кенде геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлө элек.

АЛАШАН-Ош обл-нын Ноокат р-нундагы Кызыл Октябрь сельсоветинө караштуу кыштак. Көк-Жар өрөөнүндө жайгашкан. "Көк-Жар" с-зунун аймагында, райондун борбору ЭскиНоокаттан 25 км. Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 28 км. Калкы 725 (1971).

АЛАШАНЬ - Борб. Азиядагы чөл. Түн. Кытайда. Чыгышынан Алашань (Хэланыпань) кырка тоосу ж-а Хуанхэ д-сы, батышынан Жошуй (ЭдзинГол) суусу, түндүгүнөн Наныпань тайпак тоолору, түштүгүнөн Гоби тектоникалык депрессиясы м-н чектешет. Аянты 1 млн. км2 ге жакын. Бийикт. түн.-батышында 820 м, түштүгүндө 1660 м. Салышт. бийикт. 180-200 м ден ашпаган кырка дөңсөөлөр (Баян-Ула, Хара-Ула ж. б.) ж-а байыркы гнейс, гранулит, амфиболит, кварцит тоо тектеринен турат. Жай айларында муссондук жамгырдан куралган убактылуу агуучу сууларга бай. Ири суулары: Жошуй, Шуйхэ. Ири көлдөрү: Сого-Нур, Шара-Бурду. Жери таштак келип, өсүмдүктөрү сейрек. Кумдуу, бархандуу жерлерде чекенди, алтыгана, шыбак; жер алдындагы суулар кыртышка жакын жаткан жерлерде камыш, чий ж. б. өсөт. Жаныбарлары: бөкөн, коён, сары чычкан, таш бака, кескелдирик ж. б. Кээде жапайы эшек (киянги) учурайт.

АЛБАН ТИЛИ - негизинен Албан Эл Респ-касында жашаган албандардын тили. А. т-де 3 млн-го жакын адам сүйлөйт. Индоевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол м-н палеобалкан тилдеринин бирөөнөн (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эң эскилери 15-к-га таандык. Негизги диалектилери: гег (түн.) ж-а тоск (түш.). 19к-дын аягында түзүлгөн азыркы албан адабий тилинде диалектилик айырмачылыктар сакталган. Адабий тили көбүнчө тоск диалектисинин негизинде түзүлгөн. Жазуу системасы латын алфавитинде. Граммат. түзүлүшү - флективдүү. А. т-де аналит. түзүлүш басымдуулук кылат. Лексикасында роман, славян, жаңы грек ж-а түрк тилдеринен кирген сөздөр көп.

АЛБАНДАР (өздөрүн шкиптар деп аташат) - Албаниянын негизги калкы. Албаниядагы А-дын саны 2330 миң (1973), млн-го жакыны Югославияда, бир канча миңи Грецияда, 100-150 миңи Италияда, Турцияда, Болгарияда, Румынияда, 5 миңи СССРде жашайт. 71% мусулмандар, 19% православие ж-а 10% католик дининде. А-дын келип чыгышы ж-дө ар кыл пикирлер бар. Кээ бир окумуштуулар А. иллириялыктардан келип чыккан дешсе, айрымдары фракиялыктардан дешет. Б. з. ч. 2- ж-а 4-к-дагы Римдин Иллириядагы устөмдүгү А-дын тили м-н мад-тында кээ бир таасирин калтырган. 15-к-дын аягынан 1912-жылга чейинки түрктөрдүн үстөмдүгу Албаниянын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Албанияда түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы күрөштө, айрыкча 19-к-дын ортосунда капит. мамилелер пайда боло баштаган кезде улуттук биригүү, өз алдынчалык үчүн күрөш курчуган. 1944-ж. Алб. элдик рев-ясынын жеңиши ж-а социализмди курууга өтүшү улуттук биригүүгө шарт түздү.

АЛБАНИЯ, Албания Эл Республикасы Жалпы маалымат. А.- Балкан ж. а-нын бат. бөлүгүндөгү Адрия ж-а Иония деңиздеринин жээгиндеги мамлекет. Түндүгүнөн ж-а чыгышынан Югославия, түш.-чыгышыная Греция м-н чектешет. Аянты 28,7 миң км2. Калкы 2,3 млн (1973). Борбору - Тирана (калкы 200 миңге жакын). Админ. жактан терр-ясы 26 р-нго бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү. Албания - соң. мамлекет, элдик респ-ка. Анын азыркы конституциясы 1946ж. 14-мартта (жаңы редакциясы - 1950-ж. 4-июлда) кабыл алынган. Мамл. жогорку бийлик органы-Элдик чогулуш; аны жалпы түз, тең шайлоо укугу негизинде, жашырын добуш берүү м-н 8 миң адамдан 1 депутат 4 жылдык мөөнөткө шайланат. 18 жашка толгон бардык граждандар шайлоо ж-а шайлануу укугунан пайдаланышат. Мамл. бийликтин жерг. органдары - селолордун, локалиттердин, шаарлардын ж-а райондордун 3 жылдык мөөнөткө калк шайлай турган элдик советтери; алардын аткаруучу ж-а тескөөчү органдары - аткаруу комитеттери.

Албаниянын сот системасына: Албаниянын Жог. соту, райондук соттору, шаардык, селолук, шаардын райондук соттору ж-а аскердик трибуналдары кирет.

Табияты. Адрия деңизинин жээктери жапыз келип, булуңдары кургактыкка анчалык терең кирген эмес. Адрия деңизинин жээктерин бойлой кеңд. 40-45 км келген адырлуу ойдуңдар созулуп жатат, бул ойдуңдар түштүгүнөн, чыгышынан, түндүгүнөн альпы катталыш тоо кыркапары ж-а Түн. Албан, Альпы, Томори, Кораби массивдери м-н курчалган. Климаты жер ортолук деңиздин, субтропиктик. Түздуктөрдө жайкысын аба ырайы абдан ысык, кургак; кышкысын - жумшак, нымдуу (январдын өрт. темп-расы 8-9°С). Тоолордо бир кыйла салкын ж-а нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1000 мм. Суулары тоолордон башталып, кууш терең капчыгайлар аркылуу агып түшөт. А-нын аймагында Шкодер, Охрид ж-а Пресна көлдөрүнүн жарым-жартылай бөлүгү жатат. Жери токойлуу, бадалдуу ж-а шалбаалуу келип, өсүмдүк ж-а топурагына карай 3 алкакка бөлүнөт: 1) төмөнкү, дайыма көгөрүп туруучу бадалдар алкагы (300-600 м бийиктикке чейин); 2) токойлуу ж-а күрөң топурактуу алкак (2000 м ге чейин); 3) альпы-шалбаа алкагы o (2000 м ден жогору).

Калкы. Калкынын көбү - албандар (96%тен ашыгы). Мамл. тили-албан тили. Динге ишенген калкынын 70% бөлүгүнө жакыны - мусулмандар, калгандары - католиктер м-н православный. Калкынын табигый өсүшү абдан жогору (1000 кишиге 25-30). Калкынын '/з бөлүгүнө жакыны шаарда жашайт. Маанилүү шаарлары: Тирана, Дурес, Шкодер, Влёра ж. б.

Тарыхый очерки. А-нын терр-ясында адам ортоңку палеолитте эле жашай баштаганы белгилүү. Б. з. ч. 7-3-к-да гректер А-да бир катар колонияларды негиздеген. Б. з. ч. 4-к-да иллириялык уруулардын адепки мамлекеттери түзүлө баштаган. Б. з. ч. 2-к-да азыркы А-нын террясын Рим каратып алган. Рим империясы кыйраган кезде (4-5-к.), А. Византияга караган. 6-к-дыя аягынан тартып А-ны славян уруулары мекендейт. 8-к-да А-да феод. мамилелер түзүлө баштаган. А. 9-кдын ортосунан 11-к-дын башына чейин биринчи Болгар падышалыгына караган. 11-к-да Шкумбин өзөнүнүн жогору жагында көз каранды эмес Арванон обл. түзүлгөн болуу керек. Бул биринчи көз каранды эмес А. мамлекетинин уюткусу болду. Ал Арберий принципаты деп аталган (12-к-дын аягы). 13-к-дын 2-жарымында Арберий принципаты ж-а А-нын башка бөлүгү Эпир падышачылыгынын составына кирген.- 14-к-да бүткүл А-ны Серб королу Стефан Душан басып алган. 15-к-дын башында А-га түрктөр басып кирет. 1443-жылдан тартып албан элинин күрөшүнө Сканвербег (Георгий Кастриоти) жетекчилик кылат, анын кол башчылыгы астында 24 жыл бою түрк аскерлеринин жортуулуна ийгиликтүү каршылык көрсөтүлөт. 1479-ж. түрктөр А-нын бүткүл терр-ясын дээрлик ээлеп алышат. Түрктөрдүн эзүүсү А-нын экон., саясий ж-а маданий жактан өнүгүшүнө абдан оор таасир тийгизет. Дыйкандар казнага ж-а феодалдарга оор алыксалыктарды төлөп турган. Түрктөрдүн кысымы астында ислам дини тарала баштаган. 19-к-дын соңку чейрегинде улуттукбошт. кыймылына албан эмигранттары түзгөн улуттук .коомдор жетекчилик кылышкан, бул коомдордун иш-аракеттери маданий-агартуучулук мүнөздө болуп, эл массасынын кеңири колдоосуна ээ болгон. 1905-07-ж. Россияда боягон рев-яга, жаш түрктөр революциясына (1908) байланыштуу бул кыймыл өЗГөЧө кулач жайган. Түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы нааразылык көрсөтүү кыймылы куралдуу көтөрүлүшкө (1910-12) айланып, Турция 1-Балкан согушунда жеңилгенден кийин, 1913-ж. А. көз каранды эмес мамлекет деп таанытат, бирок улуу мамлекеттердин контролуна өтөт. 1-дүйн. согуш учурунда (1914-18) А. согуш аракеттеринин майданына айланат ж-а согуштун аягында аны итал., сербиялык ж-а грециялык аскерлер басып алат. Улуу Окт. соң. рев-ясынын таасири астында А-нын көз каранды эместиги ж-а демократиялуулугу үчүн жүргүзүлгөн күрөш куралдуу күрөшкө өтүп, баскынчылар кууп чыгарылат. 1920-ж. январда албандыктардын улуттук конгресси А-нын көз каранды эместигин жарыялап, Тирана өлкөнүн борбору болот. Бат-бат алмашылып турган өкмөт маанилүү экон. ж-а саясий реформаларды жүргүзгөн эмес. Эл массаларынын нааразылыгы күчөп, 1924-ж. Июнь рев-ясы чыккан. Бийликке Ф. Нолинин өкмөтү келип, ал бурж.-демокр. кайра түзүүлөрдүн программасын коёт ж-а СССР м-н дипл. мамиле түзөт. 1924-ж. декабрда А. Зогу башында болгон феод, клика чет мамлекеттердин аскердик ж-а материалдык жардамына таянып, Ф. Нолинин өкмөтүн кулатат да, аскердик диктатура режимин орнотуу м-н А-ны фаш. Италиянын агрардык-сырьёлук коштондусуна айландырууга көмөк көрсөтөт. 1939-ж. 7-апрелде Италия А-ны басып алат. 12-апрелде А. Италияга карап, итал. король А-нын да королу деп жарыяланат. Фаш. баскынчыларга каршы улуттук-бошт. күрөшү башталат. 1941-ж. ноябрда түзүлгөн Албаниянын коммунисттик партиясы (АКП) бул күрөштүн уюштуруучусу болот. АКПнин демилгеси б-ча 1942-ж. Пезеде А-нын Улуттук-бошт. фронту түзүлөт. 1943-жылдан тартып регулярдык Улуттук-бошт. армиясын түзүү башталат. Италия капитуляцияланган соң (1943), А-ны гитлердик Германия басып алат. Сов. Армиянын жеңиштеринен ж-а албан элинин улуттук-бошт. күрөшүнүн жогорулашынан улам Балкандагы согуш кырдаалы өзгөрөт. 1944-ж. 17-ноябрда А-нын Улуттук-бошт. армиясы Тирананы. 24-ноябрда А-ны биротоло бошотот. Фаш. баскынчылардан бошотулган соң, өлкөдө агрардык реформа жүргүзүлөт, чет өлкөлүктөрдүн менчиктери ж-а банктар мамлекеттештирилет, ө. ж. ишканаларына мамл. контроль коюлат. 1947-жылдын башында ө. ж-дагы жекелик сектор жоюлат. А. 1946-ж. 11-январда Албания Эл Респкасы болуп жарыяланат. СССР м-н башка соң. өлкөлөрдүн ар тараптуу жардамына таянып, А. өнүккөн капит. стадияны аттап өтүп социализм курууга киришет. 60-жылдардын башында улуттук ө. ж-дын базасы түзүлүп, а. ч-нын деңгээли ж-а эффективдүүлүгү жогорулайт, кооперативдик ж-а мамл. а. ч. ишканалары негизги роль ойной баштайт. 1949-ж. февралда А. Экон. оз ара жардамдашуу советине (СЭВ) кабыл алынат. 1955-ж. майда Варшава договоруна кол коёт, ошол эле жылы декабрда ООНго кабыл алынат. 1960жылдан кийин албандык жетекчилер Сов. Союзу ж. б. соц. өлкөлөр м-н болгон мамилелерди кескин түрдө начарлатуу жолуна түшүшөт. . 1961-ж. декабрда сов. посольствонун ж-а соода өкүлдүгүнүн персоналы А-дан чакыртылып алынат, о. эле А-нын посольствосу м-н соода окүлдүгүнун персоналы да Сов. Союзунан чакыртылып кетет. 1962-жылдан бери Албания СЭВдин ишине катышканын аныгына келгенде токтотот. 1968-ж. сентябрда албандык жетекчилер Варшава договору уюмунан өз бетинче чыгып кеткенин билдирет, алар бул уюмга чындыгында 1961-ж-дан бери катышпайт.

Саясий партиялары, профсоюздары жана башка коомдук уюмдары. А лбаниянын Эмгек партиясы (АЭП) 1941-ж. 8-ноябрда негизделген (1948-жылга чейин - Албаниянын Коммунисттик партиясы). 1973-ж. анын 95 миңдей мүчөсү ж-а мүчөлүгүнө кандидаты болгон. Албаниянын демокр. фронту 1942-ж. сентябрда түзүлгөн (1945-жылдын августуна чейин-улуттук-бошт. фронт), Албаниянын профсоюздары н ы н жалпы бирикмеси 1945-ж. октябрда негизделген. 550 миңден ашык мүчөсү бар (1973). Ал ПБДФге кирет. Албаниянын эмгекчи жаштар союзу- Коммунисттик жаштар союзун (1941-ж. негизделген) ж-а Элдик жаштар союзун (1943-ж. негизделген) бириктирүүнүн натыйжасында 1949-ж. февралда түзүлгөн. ЗОО миңден ашык мүчөсү бар (1973). Албандык аялдар союзу 1943-ж. негизделген, Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясына кирет.

Экономика-географиялык очерки. Элдик-демокр. рев-я жеңгенден кийин, өлкөнү итал.-герм. фаш. оккупациядан куткарып (1944), Сов. Союзунун ж-а башка соң. өлкөлөрдүн жардамы м-н чарбаны (1944-46) тез калыбына келтиргенден кийин, А. соң. өнүгүүнүн жолуна түшөт. 1960-ж. ө. ж. продукциясын чыгаруу 1938жылга салыштырганда 25 эсе, ал эми а. ч. продукциясын чыгаруу 1,7 эсе көбөйгөн. Албаниядагы соң. курулуштун ийгиликтери анын Сов. Союзу ж. б. соң. өлкөлөр м-н кызматтапгуусуна тыгыз байланышкан. Бирок, 1962-жылдан бери Албания иш жүзүндө СЭВдин ишине катышуудан четтеп кеткен; СССР м-н болгон экон. байланышын токтоткон. Улуттук доходдун түзүлүшүндө ө. ж. м-н а. чнын үлүшү бирдей (болжол м-н 2/в) десе болот. Ө. ж. структурасында тамак-аш ж-а кездеме токуу тармактарынын үлүшү жогору. Соң. курулуштун -жылдары ичинде жеңил, тоо-кен, иефтини кайра иштөө ж-а жыгачтан буюм жасоо ө. ж. өнүккөн. Металлургия, машина жасоо ж-а химия ө. ж. (көбүнчө минералдык жер семирткичтердин өндүрүшүн) түзүү б-ча алгачкы кадамдар жасалды. Ө. ж-дын негизги бөлүгү Тирана, Дуррес, Шкодер, Влёра, Корча ж-а Эльбасан ш-ларында топтолгон. Отун-энергетика ө. ж. нефтини ж-а гидроэнергет. ресурстарды пайдаланат. Мати, Бистрица, Дрина ж. б. өзөндөрдө ГЭСтер курулган. Нефть промысели (1,5 млн. т га жакын нефть чыгарылат) Семани өзөнүнүн алабында; битум казылып алынат. Хромиттерди өндүрүү б-ча Албания Европада 1-орунду ээлейт (СССРди кошпогондо). Эльбасанда кара металлургия з-ду курулган. А. ч. шаймандарынын, авто-трактордук запас бөлүктөрүн чыгаруучу ишканалары бар. Жыгачтан буюм жасоо ө. ж. өлкөнүн түндүгүндөгү ж-а борборундагы карагай даярдоочу р-ндордо. Тиранада ж-а Бератта- кездеме токуу комбинаттары, Фиериде, Рогожинде пахта тазалоочу з-ддор бар. Булгаарыдан бут кийим жасоочу ишканалар курулган. Тамак-аш ө. ж. тармактарынан: тамеки, кант, олива (зайтун) майы, балык ж-а жемишконсерва, вино жасоо өнүккөн.

Өлкөнүн а. ч-да эмгекке жарактуу калктын жарымынан көбү иштейт. Эгин эгиле турган жерлердин бардыгы мамл. чарбалар м-н өндүрүштүк кооперативдерге тиешелүү. А. ч-нын дүң продукциясынын 2/3 бөлүгүнөн көбүрөөгү дыйканчылыктын үлүшүнө туура келет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай) басымдуу; тех. (тамеки, кант кызылчасы), жашылча ж-а тоют өсүмдүктөрү айдалат. Мөмө бактары ж-а жүзүм өстүрүлөт. Мал чарбачылыгында кой-эчки арбын багылат.

Транспортунун негизги түрү - автомобиль. 1947-ж. Дуррес портун Тирана ж-а Эльбасан м-н байланыштырган биринчи т. ж. курулган. Негизги деңиз порттору: Дуррес, Влёра. Экс'портто тоо-кен ө. ж-нын продукциясы (ошонун ичинде хром ж-а темирникель рудалары, жез, нефть ж-а табигый битум) биринчи орунда турат, о. эле. а. ч. сырьёлору м-н полуфабрикаттар (тамеки, тери-жүн), жаңы бышкан ж-а консерваланган жемиштер м-н жашылчалар, карагай материалдары чыгарылат. Сырттан машиналар м-н жасалгалар, прокат, трансп. каражаттары, медикаменттер, химикаттар, кеңири керектелүүчү товарлар алынып келет. 1960-жылга чейин тышкы соода жүгүртүүсүн-үн теңинен көбү Сов. Союзуна туура келген. 1961-жылдан кийин соода-сатыгы Кытай м-н күчөтүлдү, европ. капит. өлкөлөр м-н да товар жүгүртүүсү көбөйдү. Акча бирдиги -лөк. СССР мамл. банкынын курсу б-ча (1974-ж. апр.) албандык 100 лек 18 сомго барабар.

Медицина-географиялык мүнөздөмөсү. 1969-ж. А-да ар миң адамга эсептегенде, төрөлгөндөр 35,3, өлгөндөр 7,5, табигый өсүш 27,8, балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 86,8ди түзгөн (1965), адамдын орт. өмүрү 66,1 жаш (1966) болгон. Инфекциялык патология басымдуулук кылат. Элдик-демокр. рев-я жеңгенге чейин безгек, туберкулёз ж-а ичегикарын оорулары көп таралган. 1958жылдан тартып безгек оорусун жоюу программасы иш жүзүнө ашырылып, полиомиелит (балдардын шал оорусу), дифтерия, о. эле ич келте, туберкулёз ж. б. жугуштуу ооруларга каршы күрөш жүргүзүлүп жатат. 1969-ж. А-да 13,4 миң койкалуу (1000 адамга 6,4 койка) 215 дарылоо мекемеси болгон; 1968-ж. 1255 врач (1607 адамга 1 врач) иштеген. Врачтарды Тирана ун-тинин мед. ф-тети даярдайт. 1969-ж. саламаттыкты сактоонун ассигнованиеси 239 млн лекти, б. а. жалпы мамл. бюджеттин 5,3%ин түзгөн. А-нын терр-ясында Албан Ривьерасы, Дуррес, Уйет-э-Фтохта, Поградең, Лиджа деген курорттор бар.

Элге билим берүү, маданий-агартуу жана илимий мекемелери. Элдик-демокр. түзүлүш орногонго чейин элдин 85-90% сабатсыз болгон. Фаш. оккупанттардан (1944) бошотулгандан кийин, сабатсыздыкты жоюу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Милдеттүү түрдө 8 жылдык билим алуу киргизилди. Элге билим берүү (1969) системасына: балдар бакчалары, 4 жылдык баштооч, 8 жылдык толук эмес, орто ж-а 12 жылдык орто мектептер кирет. 1969-ж. мектепке чейинки мекемелерде 40 миңден ашык бала тарбияланган. 1969-70-окуу жылында баштооч мектептерде 506,7 миң, орто мектептерде 22,4 миң бала окуган. Профтех. билимди профтех, мектептер м-н техникумдардан алышат. 1969-70-окуу жылында профтех, окуу жайларында 36,5 миң окуучу окуган, Жог. окуу жайларынан Тирана мамл. ун-ти, 2 мугалимдер ин-ту, а. ч., зоотехния ин-ту бар. 1969-70-окуу жылында вуздарда 23 миндзн ашык студент окуган.

А-да элдик-демокр. бийлик орногондон кийин ачылган биринчи ил. мекеме - Илимдер ин-ту (1947). Ал тил, ад-т; тарых, социол. ж-а экон.; табият илими бөлүмдөрүнөн турат. 1957-ж. пед., политех., экон., мед., укук ин-ттары ж-а Илим ин-тунун ордуна Тирана мамл. ун-ти уюштурулду. Ал окутуунун ж-а илимдердин борборуна айланды. Тармактык ил. из. ин-ттары ж-а мекемелери тийиштүү мин-волорго берилген. А-да ил. из. жумуштарын өнүктүрүүдө СССР ж-а соң. мамлекеттерден чоң жардам болду. Бирок 1961-63-жылдан баштап албан илимпоздору Европа соц. өлкөлөрүнүн илимпоздору м-н өз ара кызматташуусун токтотту.

Басма сөз, радио уктуруу, теле көрсөтүү. 1972-ж. А-да тиражы 59,1 млн нускада 22 газета, тиражы 4,6 млн нуска 43 журнал чыгарылган. Негизги газеталары: "Зери и популлит" ("Элдин үнү", 1942) - Албания Эмгек партиясынын (АЭП) БК органы; "Башкими" ("Биримдик", 1943) - А. демокр. фронтунун Генсоветинин органы; "Зери и ринисё" ("Жаштардын үнү", 1952) - А. эмгекчи жаштар союзунун органы; "Пуна" ("Эмгек", 1945) - А. профсоюздарынын Борб. Советинин органы. Журналдары: "Руга э партисе" ("Партиялык жол", 1954) - АЭП БКнын теориялык органы; "Проблеме экономике" ("Экономикалык проблемалар")-Албан Эл Респ-касынын Экономика изилдөө интунун органы; А-нын телеграф агентствосу (АТА) 1944-ж. негизделген. Мамл. "Албан радио уктуруу ж-а теле көрсөтүү" уюму бар. Уктуруулар албан ж-а чет тилдерде берилет. Теле көрсөтүү 1960-жылдан бери иштейт.

Адабияты жана искусствосу. А. элдик оозеки чыг-лыкка бай, өзгөчө анда баатырлар тууралу дастандар, тарыхый ырлар көп. Епископ Паль Энгелинин "Чокундуруу формуласы" (1462) алгачкы албан жазуу эстеликтерине кирет. 1555-ж. Гьон Бузукунун "Мэшари" деген китеби, 16-17-к. гуманисттер: П. Буди, Ф. Барде, П. Богдани, М. Барлетинин чыг-лары жарык көргөн. 19-к-дагы жазуучулардан: И Де Рада, Г. Дара, 3. Серембе, А. Сантори; фольклористтерден Т. Митко ж-а С Дине; публицист С Фрашери; акын В. Шкодрани (П. Баса) ж. б. белгилүү. А-нын жаңы ад-тына негиз салуучулардын бири Н. Фрашери болгон. 20-к-дын көрүпүктүү реалистакындары: А. Чаюпи, А"дрени (А. С Дренова), Ф. Широка, Л. Гуракучи, Р. Силичи; прозаиктер: М. Грамено, Ф. Постоли, Х. Стермили ж. б. чыккан. 2-дүйн. -согуштун мезгилинде А-да боштондукка чыгуу идеясын чагылдырган партизан поэзиясы күчөгөн. Алардын ичинен Ш. Мусараинин "Балы, Комбетар эпопеясы" (1944) көрүнүктүү орунду ээлейт. Оккупациядан кутулгандан кийин, А. адтында фашизмге каршы элдик күрөш тууралу чыг-лар (Ф. Гьятынын "Партизан Бенко жөнүндө ыр" поэмасы, 1950; Д. Шутеричинин "Боштондукка чыгаруучу" романы, 1952-55) жарык көрөт. Ошол эле мезгилде турмушту кайра курууга байланыштуу социалдык багыттагы чыг-лар пайда болуп, 50-60-жылдардын аягында автобиогр. повесть, романдар жазыла баштады. А-нын аймагында таш чептер ж-а иллириялыктардын колодон жасалган кооз буюмдары, байыркы гректердин (Аполлония, Бутринт) ж-а римдиктердин (Эльбасан) коргондору м-н тосулган турак жайлары, мозаика түшүрүлгөн имараттары ж. б-дын калдыктары сакталып калган. О. кылымда Византия архитектурасынын ж-а роман стилиндеги чиркөөлөр курулган; византиялык типтеги фрескалар 16-кдан тартып итал. Кайра жаралуу доорунун таасиринде өнүгөт. 17-к-дан тартып шаарларда дворец, мечит, үстү жабык базарлар салына баштайт. 19-к-дын 1-жарымында портреттик ж-а пейзаждык живопись пайда болот (С Дзега, С Рота). 20-к-да шаарлар ж-а посёлоктор курулуп, живопись, скульптура ж-а графика жанрлары өнүгөт. Эл иск-восунда күмүш зергерчилиги, жыгачка түшүрүлгөн кооз оймо-чиймелер ж-а килем жасоо айрыкча өнүккөн.

Албаниянын элдик музыкасы өлкөнүн айрым р-ндоруна мүнөздүү болгон стилдик ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Ыр-күүлөрү, кылдуу, үйлөмө аспаптардын, скрипка, кларнет ж-а чоордун коштоосу м-н үч обонго салып аткарылат. Профессионал муз. мад-ты 1944-жылдан тартып өнүгө баштаган. 1947-ж. Тиранада ачылган Й. Мисья атн. көркөм лицейдин муз. бөлүмү бар. Тиранада 1950-жылдан филармония, 1956-жылдан Мамл. опера ж-а балет театры (балет мектеби м-н бирге), 1944-жылдан тартып Элдик армиянын хору иштейт. К. Кононун "Таң" опереттасы ж-а "Борова баатыры" деген вокалдык-симф. поэмасы, Д. Лекинин албан элдик темасында жазган увертюрасы, К. Траконун ораториясы, Ч. Задеянын 1-симфониясы А-нын профессионал музыкасынын биринчи чыг-ларынан. 1968-ж. Тиранада П. Якованын "Скандербег" операсы коюлган. А-да биринчи театр оюндарын Тесторат посёлогундагы театр кружогу койгон (1874). Жазуучу-агартуучулар м-н улуттук кайра жаралуунун ишмерлери (19-к-дын 2-жарымы) С Фрашери, М. Громено, А. Чаюпи ж. б. улуттук драматургияны түзүүдө чоң роль ойногон. Алардын пьесалары А-нын азыркы кездеги театрларынын репертуарында да коюлуп келе жатат. Албаниянын улуттук көз каранды эместиги жарыялангандан кийин, ышкыбоздордун театр кыймылы кецири таралган. 1944-ж. биринчи профессионал театр - Тиранада элдик театр ачылган. Бул театр классикалык драматургияны - Шекспирдин, Шиллердин, Мольердин ж. б-дын чыгларын койгон. 60-жылдары театрлардын репертуарына А-нын улутчул ж-а кытай пьесалары киргизилет. Профессионал театрлар Шкодер (1949), Корч (1950), Дуррес (1953) шаарында түзүлгөн. А-да кинематография, А. Эл Респ-касы жарыялангандан кийин, пайда болду. 1952-ж. (Тиранада) "Жаңы Албания" киностудиясы курулган. Албан ж-а сов. кинематографисттердин "Албаниянын улуу жоокери Скандербег" фильмин тартуу ж-дөгү биргелешкен эмгеги (1954, реж. С И. Юткевич) А-дагы көркөм кинематогр. тармагындагы алгачкы кадам болгон.

Ад.: Арш Г. Л., С е н к е в и ч И. Г.,

Смирнова Н. Д., Краткая история Албании, М., 1965; В а л е в Э. Б., Албания, М., 1960; Экономика стран социализма. 1967, М., 1968; С е р к о в а Т. Ф., Поэзия итальянских арберешей и проблемы албанского романтизма. Сообщение на 1 конгрессе балканских исследователей, М., 1966; Юткевич С. И., Искусство Народной Албании, М., 1958.

АЛБАНИЯ (Кавказдагы) - Чыг. Закавказьедеги (Каспий деңизинин жээгинде) байыркы мамлекеттердин бири; калкы ар түрдүү уруудан, анын ичинде албандардан да турган. Археол. казуулардын, античный авторлордун ж-а армян летописчилеринин маалыматтары б-ча, А-нын калкы б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында жер айдап, жайытта мал багып, кол өнөрчүлүк м-н кесип кылган, ал жерде алгачкы кул ээлөөчүлүк мамлекет түзүлгөн. Б. з. ч. 1-к-да А-нын эли байыркы римдиктердин Закавказьеге жортуулуна каршы күрөшкөн. Б. з. ч. 3-5-к-да бул жерде феод. мамилелердин чыңдалышы христианчылыктын мамл. дин болуп калышын тездетет. Б. з. 5-к-да А. Сасанийлер династиясына (224-651) каршы көтөрүлүшкө активдүү катышкан. 6-к-да Сасанийлер албан падышаларынын мамлекетин жоюп салышкан, бирок А. 7-к-да кайрадан көз каранды эместикке жетишкен. Ошол кезде албан жазмасы өнүгүп, "Агван тарыхы" жазылган. 8-к-да Халифат А-нын калкынын көбүнө ислам динин кабыл алдырат. Кийинчерээк А. жеринин арбын бөлүгү азербайжандардын феод. мамлекеттеринин (Ширвана ж. б.) карамагына өтөт. Азыркы азербайжандардын айрым бөлүгү байыркы А. калкынын тукумдарынан.

АЛБАНИЯ-ИТАЛИЯ ДОГОВОРЛОРУ ЖАНА КЕЛИШИМДЕГИ (1920, 1926, 1927, 1936). 1-договорго 1920-ж. 2-августта Тиранада кол коюлган. 1914-ж. декабрдан тартып оккупацияланган Влёрадан итал. аскерлерди чыгаруу ж-а 1914-ж. октябрда Италия басып алган Сазани а-ын башкаруу укуктарынан Албаниянын баш тартуусу каралган. 2-договор 1926-ж. 27-ноябрда Тиранада 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Бул пакт б-ча Албания башка өлкөлөр м-н "Италиянын кызыкчылыгына зыян келтире турган" эч кандай союздарды түзбөөгө милдеттенип, өз алдынча саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады, Италия Албаниянын ички иштерине кийлигишүү укугун алды. 3-договор 1927-ж. 22-ноябрда Тиранада 20 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Ал б-ча Италия Албаниянын куралдуу күчтөрүнө контролдукту ж-а Албан армиясынын бардык звенолорунда, мин-волорунда итал. кеңешчилерди, инструкторлорду дайындоо укугун алган. Бул договор Албаниянын фаш. Италияга көз карандылыгын ого бетер күчөттү. Келишимге 1936-ж. 19-мартта Тиранада кол коюлган. Италия Албанияда армия кармап турууга, жаңы карыздарды (Албания Франция м-н) берип, анын мамл. ап-параттарындагы, армиясындагы чет өлкөлүк бардык советниктерди, инструкторлорду италиялыктар м-н алмаштыруу шартын койду. Албаниядагы нефть кендерин пайдаланууга, терр-ясына согуштук чыңдоолорду курууга, италия экспортуна чектөөнүн коюлбашына жетишти. Албан элинин улуттук кызыкчылыгына башкаруучу чөйрөлөрүнүн мындай чыкт.:ынчылыгы чындыгында 1939-ж. фаш. Италиянын Албанияны басып алышына алып келген. Бул договорлор ж-а келишимдер 1944-ж. Албаниянын антифаш. улуттук-боштондукка чыгаруу советинин чечими м-н жокко чыгарылган.

АЛБАНИЯНЫН ЭМГЕК ПАРТИЯСЫ [АЭП; 1948-жылга чейин - Албаниянын Коммунисттик партиясы (АКИ) ] - 1941-ж. 8-ноябрда Тиранада негизделген. АКПнин жетекчилиги астында 1942-ж. сентябрда Албаниянын Демокр. фронту (1945-ж. августка чейин - Улуттук-боштондукка чыгаруу фронту) түзүлгөн. Сов. Союзу фаш. коалицияны талкалагандан кийин, 1944-ж. өлкө баскынчылардан толук бошотулду. АЭПнин делегациясы Коммунисттик ж-а жумушчу " партияларынын өкүлдөрүнүн Москвада болгон кеңешмелерине (1957, 1960) катышып, алардын документтерине кол койгон. Бирок АЭПнин жетекчилери 1960-жылдан кийин марксизм-ленинизмдин принциптерине каршы улутчулдук ж-а ревизионисттик жолго түшүшүп, өздөрүнүн интерн, милдеттерин орундоодон баш тартты, эл аралык коммунисттик ж-а жумушчу кыймылына чыккынчылык кылып, ырк бузуучулук жолуна түшүштү. АЭПнин жог. органы - съезд. 1973-ж. маалымат б-ча, АЭПнин 95 миңдей мүчөсү ж-а кандидаты бар. АЭПнин органы - "Зери и популлит" газетасы ж-а "Руга э партисе" журналы.

АЛБАРСТЫ - диндик демонологиялык түшүнүктөгү жин-шайтандын аял кейпинде элестетилген образы. Бул диний түшүнүк кыргыз, казак ж. б. элдерде кеңири тараган. Адам уктап жатканда, жүрөк кагышынын начарлап, деми кыстыгып кыйналган, же төрөттө каны көп кетип алсыраган аялдын оор абалын динчил адамдар А-нын басышы м-н байланыштырышкан. Мындай түшүнүктөр адамдын организминде болуучу физиол. кубулуштардын закон ченемдүүлүктөрүн билбестиктен келип чыккан. "АЛГА" - газета, Кырг-н КП Лейлек райкомунун ж-а Эмгекчилер депутаттарынын райсоветинин органы. 1947- 61-ж. "Колхоз турмушу" ж-а 1962жылдан "Алга" деген ат м-н чыгат. 1966-жылдын январынан жумасына 3 жолу чыгат, тиражы 5610 (1974). АЛГА - Ош обл-нын Өзгөн р-нундагы Кызыл Октябрь сельсоветине караштуу кыштак. Түш. Кырг-н тажрыйба станциясынын аймагында. Р-ндун борбору Өзгөндөн 23 км түш.бат. тарапта, Кара-Суу т. ж. станциясынан 34 км. Калкы 784 (1970). Сегиз жылдык мектеп бар. АЛГА - Ош обл-нын Фрунзе р-нундагы "Алга" сельсоветине караштуу кыштак. Катыраң тоосунун этегинде. 22-партсъезд атн. к-здун аймагында. Р-ндун борбору Фрунзенскийден 30 км түш. тарапта. Ванновск т. ж. станциясынан 25 км. Калкы 4604 (1974). Орто мектеп, оорукана, клуб, китепкана бар.

АЛГА ЖЫЛУУ КЫЙМЫЛЫ -катуу нерсенин ар кандай эки чекитин тутандыруучу түз сызыктын дайыма өзүнө-өзү жарыш которулушу. А. ж. к-дагы нерсенин бардык чекиттери бирдей траекторияларды сызып, убакыттын ар кандай моментинде сандык маанилери, багыттары бирдей ылдамдыкка ж-а ылдамданууга ээ болот. Катуу нерселерде А. ж. к. анын кандайдыр бир чекитинин кыймылы аркылуу мүнөздөлөт.

"АЛГА" СПОРТ КООМУ - респ-кабыздагы жумушчу жаштарды өз катарына бириктирип турган профсоюздардын ыктыярдуу спорт коому. Коом 1958-ж. уюшулган. Анын 4 физ-ралык коллективине "Спорттук клуб" деген наам берилген, Фрунзе атн. а. ч. машиналарын куруу з-дунун коллективи бул наамга өлкөбүздө 1-болун жетишип, № 1 күбөлүк алган. Коомдон өткөн мезгилде СССР спортунун 191 мастери, 3617 спорттун мастерлигине кандидат ж-а биринчи разрядчы, 82 миңден ашык массалык разряддагы спортсмен даярдалган. "А." с. к-да спорттун 26 түрү б-ча секциялар иштеп, 70 миңге жакын коомдук инструктор машыгуу өткөрөт. Коомдун мүчөсү А. Абушахметов фехтование б-ча уландар арасында дүйнөдө 2орунду ээледи (1971). Л. Дунаев, Ю. Пикуло өлкөнүн биринчиликтеринде байге алды (1973). Спорттун беш түрү ж-а фехтование б-ча "А." с. к-нун курама командалары өлкөдө эң күчтүүлөрдөн болуп эсептелет, спорттун таланттуу мастерлерин даярдагандыгы үчүн коомдун 6 тренерине "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген тренери" деген наам берилди. Азыр инженер-техник кызматкерлер, 57 миңге жакын жумушчу - коомдун мүчөлөрү.

АЛГА-БАС -Ош обл-нын Кара-Суу р-нундагы Кашкар-Кыштак сельсоветине караштуу кыштак. Карл Маркс атн. к-здун аймагында. Кара-Суу т. ж. станциясынан 71 км түш.-чыг. тарапта. Калкы 848 (1970). Орто мектеп, клуб, медпункт бар.

АЛГАЧКЫ АДАМДАРДЫН ТОБУ - адепки общиналык коомдун башталышындагы адамдардын биринчи коллективи. А. а. т. төмөнкү ж-а ортоңку палеолитте жашап, питекантроп, синантроп ж-а неандерталь адамдары пайда болгон доорго туура келет. Анда адам баласынын айбандар дүйнөсүнөн толук бөлүнүп чыгышы, азыркы адамдардын биол. түзүлүшүнүн калыптанышы иш жүзүнө ашат. Алгачкы адамдар таштан, жыгачтан, кийинчерээк сөөктөн курал жасоого өтүшөт. Аңчылык кылышып, үңкүрлөрдө жашашат. А. а. т. мезгилинде адамдардын ортосунда 1-жолу бирге эмгектенүү ж-а чогуу тамактануу ыктары пайда болот. Акырындык м-н ар бир А. а. т. өзүнчө коллективге айланып, алардын ичиндеги баш аламан никесиз мамилелерге тыюу салынып, алгачкы общиналык формациянын башталышы болгон уруу пайда болот.

АЛГАЧКЫ ГАЗ -катуу отундарды төмөнкү темп-рада (500-550°С) кургак буулантуудан пайда болгон газ. Баштапкы сырьёлорго ж-а чала кокстоо шартына жараша А. г-дын чыгышы ар түрлүү. Анын составында 50% метан, 20% суутек, 8%ке чейин каныкпаган углеводород болот. Нормалдуу шартта 1 т кургак отундай 80-100 м3 А. г. алынат. А. г. күйгөндө, жог. темп-pa чыгаргандыктан, ал башка газдарга кошуу үчүн колдонулат.

АЛГАЧКЫ КАРА МАЙ, алгачкы чайыр - катуу отундарды кургак буулантуудан (500-550°Сде) алынуучу ар түрдүү илээшкөктиктөги чайыр. Ал жог. төмп-рада (900- 1100°С) алынуучу чайырлардан "ал-, гачкы" деп аталышы м-н айырмаланат. А. к. м-дын хим. составы, физ. касиети отундун түрүнө, иштетүү жолдоруна жараша болот. А. к. м-дын составына: парафин, олефин, нафтен, карбон кислоталары, фенолдор, орг. негиздер ж. б. кирет. А. к. м-дан антисептиктер, мазут, суюк отундар, резолдук чайырлар, кир кетирүүчү заттар, курулуш битумдары, лактар, уу химикаттар ж. б. алынат.

АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО - адамзат тарыхынын байыркы учурунда таандык иск-во. Ал б. з. ч. 40-30 миңинчи жылдарында алгачкы таш доорундагы (палеолит) адамдардын коомдук эмгегинин өсүп-өнүгүшүнүн натыйжасында пайда болгон. Палеолит иск-восу бизге Испания, Нио, Фонде-Гом, Ляско ж. б. жерлерде жашаган адамдардын Альтамира үңкүрлөрунүн боорундагы таштардын бетине тарткан сүрөттөрү аркылуу белгилүү. Палеолит иск-восунун мезгилинде жаныбарлардын тулкусун сүрөткө түшүрүү кеңири орун алган. Бул сүрөттөр ошол кезде жашаган адамдардын негизги кесиби аңчылык экендигин далилдейт.

АЛГАЧКЫ ОБЩИНАЛЫК ТҮЗҮЛҮШ (общиналык-уруулук, алгачкы коммунисттик түзүлүш) - адамзат тарыхындагы алгачкы соңиалдык-экон. формация. Өндүрүш куралы общиналык менчикте болушу, таптардын жоктугу ж-а продуктылардын теңдештирип бөлүштүрүлүшү А. о. т-түн негизи болуп саналат. Маркстик илимде жалпы кабыл алынган түшүнүк б-ча, киши ж-а адамзат коому келип чыккандан таптардын ортосундагы мамилелер калыптагяканга чейинки доорду кучагына алат; археол. жагынан негизинен палеолит, мезолит, неолит доорлорун камтыйт. А. о. т-түн өзүнөн кийинки тапчыл формациялардан айырмасы: анда өндүргүч күчтөр өтө мажес өнүгүп, өндүрүштө ж-а керектөөдө коллективизм негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү ж-а өндүрүлгөн нерселерге тең ээлик болуу өндүрүш каражаттарын коомдоштуруудан эмес, жеке адамдын мажестигинен улам келип чыккан. А. о. т-түн тарыхы негизинен археол., антроп. ж-а этногр. маалыматтар б-ча калыбына келтирилет. Сов. изилдөөчүлөрдүн көбү бул формацияны негизги 3 мезгилге бөлүп карайт: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү ж-а анын ыдыр ашы. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду - энелик урууну (матриархат) ж-а аталык урууну (патриархат) башынан өткөргөн. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен башталып, неолиттин убагында өөрчүп-өнүккөн учуру м-н бүтөт. Мында таш, сөөк, мүйүздөн ж-а жыгачтан жасалган бычак, найза, союл колдонулган, кийинчерээк кескич, кыргыч, ийне сыяктуу эмгек куралдары пайдаланылган; чарбачылыктын негизги түрү аңчылык, балык кармоо ж-а мөмө-жемиш терүү болгон, жыныстар ортосунда эмгек бөлүштүрүү натыйжасында эркектер балык, аң уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү түйшүгүн аткарган. Өндүрүштө кескич, канжар, балта, керки, орок сыяктуу нерселер ж-а жыгач кайык колдонулган. Ошону м-н катар общиналар арасында эмгек бөлүштүрүүнүн жышанасы келип чыккан: айрымдары жер айдоо кесибине өтсө, кээ бирөөлөрү балык, аң улоо же мал асыроо м-н тиричилик өткөрө баштаган. Энелик уруунун соңку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоң-чоң үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык УРУУ мезгили коло доорун ж-а алгачкы темир доорун кучагына алат. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр күрдөөлдүү өнүгүп, жер айдоо куралы колдонула баштайт, мал асыроо жолго коюлуп, ар түрдүү металлдарды (жез, коло, темир) ысытып иштетүү м-н кол өнөрчүлүк пайда болот. Мында эмгекти коомдук бөлүштүрүүнүн 3 түрү жүзөгө ашырылган; дыйканчылыктан, мал багуудан кол өнөрчүлүк ж-а соода оз алдынча ажырап чыккан. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аял эмгегинин өнүмү төмөндөгөндүктөн, алар коомдо ж-а үй-бүлөдө 2-орунга түшүп калган. Общиналарда чоң-чоң патриарх, үй-бүлөлөр калыптанып, уруунун чарбачылыктагы бирдиктүү көрүнүшү жоголот, өндүрүш мамилелери да өзгөрөт: жайыттар ж-а сугат жерлер гана уруулардын менчигинде болуп, айдоо жерлер чоң-чоң үй-бүлөлөрдүн арасында бөлүнөт. Аталык уруунун соңку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, уруулар ортосундагы кагылыштардан колго түшкөндөр кулга айландырылган. Общинанын ичинде социалдык ж-а экон. теңсиздик келип чыккан. Мунун өзү А. о. т-түн ыдырап бузулушуна ж-а жаңы социалдыкэкон. формация - кул ээлөөчулук тузулушу м-н алмашылышына алып келген. Кырг-ндын терр-ясын А. о. т-түн баштапкы мезгилинин издери Он-Арча суусунун боюнан ж-а КожоБакырган-Сай капчыгайынап табылган таш куралдарынан улам байкалат. Ош обл-дагы Капчыгай өрөөнүнөн тиричиликтин мустьер мад-тына тиешелүү калдык табылган. Неолит ж-а коло доорунда пайдаланган курал-жарактарды Теке-Секирик ж-а Ак-Чуцкур үңкүрлөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот. Бул сыяктуу нерселер Кырг-ндын башка жерлеринен (Чүй, Алай өрөөндөрү ж. б.) да көн кездешет. А. о. т-түн тарыхын ил. негизде талдоо иштери 19-к-дын ортосунан башталган. К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин өздөрүнүн эмгектеринде бул түзүлүш б-ча ил. корутундулар чыгарышты, жеке менчик, тап ж-а бийлөө-тескөөчүлүк адамзаттын тагдырына жазылган деген бурж. реакциячыл теориянын негизсиздигин далилдешти.

Ад.: Энгельс Ф., Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин шана мамлекеттин келип чыгышы, Фр., 1970; Ленин В. И., Мамлекет жөнүндө, Чыг., кырг. i-бас, 29-т.; М о рган Л. Г., Древнее общество..., (пер. с англ.), 2 изд., Л., 1934; Кыргыз ССР тарыхы, 1-т., Фр., 1973.

АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР (Protostomia) -омурткасыз жаныбарлар тобу.. Булар: s жалпак,,,жумуру,., шакек, балык курттар; нёмёртиндёр, моллюскалар, муунак буттуулар. А. о-дын оозу денесинин алдыңкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан: арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хшин же раковина түрүндө болот. Ичегилери эктодермадан өсүп, борб. нерв системасынын ишин нерв түйүндөрү аткарат.

АЛГЕБРА - матем. илиминин негизги тармактарынын бири. А. бир типтеги арифм. маселелерди чыгаруунун жалпы методдорун изилдөөдө, коомдук практиканын муктаждыгынан улам пайда болгон.' А-да терс, ирраңионалдуу, комплекстүү сандардын системасынын касиеттери изилденет. А-да белгисиз чоңдуктар киргизилип, маселенин шарттары б-ча, аны м-н жүргүзүлгөн амалдардын негизинде тендеме түзүлүп, андан белгисиздин өзү аныкталат. А-нын өсүшүнө Чыгыштын о. кылымдагы математиктеринин арабча жазылган эмгектери чоң таасирин тийгизген. Өзбек матем. Мухаммед аль-Хорезминия (9-к.) "Алжебр ал-мукабала" деген китебинде алгебр, чоңдуктар м-н иштөө эрежеси ж-а теңдемелерди чыгаруунун теориясы иштелип чыккан. Алгебра арабдын "ал-жебр" деген сөзүнөн келип чыккан.' Ал теңдемелерди өзгөртүү ыкмаларынын бирин туюндурган. А. аль-Хорезминин убагынан бери математиканын өзүнчө тармагы катарында окулат. Квадраттык теңдемелерди чыгаруу үчүн формулалардын табылышы жог. даражалуу теңдемелер үчүн ошондой формулаларды издөөгө алып келген. Үчүнчү ж-а төртүнчү даражадагы теңдемелердин чыгарылышы үчүн формулалар 16-к-да табылган. Беш ж-а андан жог. даражалуу теңдемелер үчүн мындай формулалардын жок экендиги 19-к-дын башында аныкталган. Азыркы убакта теңдемелерди изилдөө А-нын негизги маселеси эмес. Азыр А. касиеттери б-ча алгебр, операциялар аткарылуучу жаратылыштагы объектилердин системалары ж-дөгү илим болуп калды. Атлык операциялардын мисалдары: матрицаларды, функцияларды кошуу ж-а көбөйтүү, мейкиндиктин өзгөртүүлөрү м-н амалдар, векторлор м-н болгон амалдар ж. б. Илимдин өнүгүшүндө группа, талаа, алкак, структура, сызыктуу А., топологиялык алгебра ж-а гомологиялык алгебра, категория ж. у. с. А-лык системалар пайда болду. Бул системалар топологияда, функциялык' анализде, сандар теориясында, эсептөө математикасында, теориялык механикада ж-а физикада колдонулат.

Ад.: Выгодский М. Я., Арифметика и алгебра в древнем мире, М., 1967; К урош А. Г., Курс высшей алгебры, М., 1968; Ван-д е р-В ар д е н Б. Л., Современная алгебра, пер. е нем., 2 изд., ч. 1- 2, М.-Л., 1947; Б у р б а к и Н., Алгебра, пер. с франц., М., 1962-66.



oh_kaptal

Айылдын ээси айтылуу Жанызак:
емейл: janyzak@mail.ru
тел.: 0777329784, 0557329784, 890463
Айыл жөнүндө:
КСЭнин толук жыйнагы - интернетке чыгарууну КСДП 50000 сом берип каржылаган.
Кызым Айпери 3000 бетти сканерлеп, FineReader`ден таанытып, Word`ко чыгарды.
Уулум Жакшылык ар бир макаланы өз-өзүнчө жарыялады.
Баары-жогун балдарым жасап, аты мага калды .
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!