Издание книг за счет автора: очень дешево!
Кыргызская Советская Энциклопедия
  
WebMoney
Z189154646502
R429713653063
E189812731763
   Здесь находится аттестат нашего WM идентификатора 114912175470
www.megastock.ru
Самое дешевое издание книги за счет автора!  •  Китепти эң арзан чыгарабыз!
ggle_h

Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
oh_kaptal
• Интернет-китептер:
Кыргыз-китеп >>

КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

АРХИМЕД СПИРАЛЫ -өз чекиттеринин биринин тегерегинде айлануучу түз сызык б-ча бир калыпта кыймылдаган чекит сызган ийри сызык. Каралып жаткан түз сызыктын ар кандай О чекитин уюл деп алып, берилген түз сызыктын тандалып алынган багытын уюлдук огу катарында карасак, анда А. с-нын теңдемеси уюлдук координаталар системасында р=аф түрдө болот: а - турактуу сан, к. Сызык.

АРХИМИЦЕТТЕР (Archimycetes) - жөнөкөй түзүлүштүү козу карындардын классы. А-дин мицелийи жок же начар өнүккөн. Көпчүлүгү - балырлардын, гулдуу өсумдуктөрдун мителери, кээси-сапрофиттер. Бул класс миксохитридиялуу ж-а микохитридиялуу козу карын болуп бөлүнөт. А. зооспоралары м-н көбөйөт, айрымдары цисталуу. А-дин 400 түрү бар, алардын кээси балыктарды, кээ бири а. ч. өсүмдүктөрүн илдетке чалдыктырып, текши кырылууга дуушар кылат. Кырг-нда А. жакшы изилдене элек.

АРХИПЕЛАГ - бири бирине жакын жайгашкан, жалпысынан бирдиктүү аралдардын тобу. А-га кирген аралдардын пайда болуу шарттары бирдей, геол. түзүлүшү окшош. Ушуга байланыштуу материк (Жаңы-Жер), коралл (Маршалл а-дары), вулкан (Гавайи а.) А-дары болуп бөлүнөт.

АРХИПОВ Василий Сергеевич [9(22). 12. 1906-ж. т., азыркы Челябинск обл., Тютняры с] - танкалык аскерлердин ген. полковниги, эки жолу Сов. Союз. Баатыры (21.3. 1940 ж-а 23.9. 1944). 1931-жылдан КПССтин мүчөсү. 1928жылдан Сов. Армияда. Комсоставдын билим тереңдетүү курстарын (1938 ж-а 1943) ж-а Гөнштабдын академиясын (1950) бүтүргөн. 1940-ж. Советфин согушунда душман коргонуусун талкалаган; Перемышель ш-ын алууда, Висла д-нан өтүүдө (1944) танкалык бригадага мыкты жетекчилик кылган. 3 Ленин ордени, 5 Кызыл Туу, 2-дараж. Кутузов, Кызыл Жылдыз ордендери, Польша, Чехословакиянын ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Согуштан кийин Сов. Армиянын жетекчи кызматтарында иштеди.

АРХИТЕКТОНИКА (гр. architektonike - курулуш өнөрү) - архитектурадан эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги ж-а ага байланыштуу курулуштардын көлөмү м-н кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Курулуш материалдары эстет, жактан кооздолгон түрдө архит. формада анын инженердик-тех. (тектон.) негизине көпчүлүк учурда үндөшүп турушу керек. Курулуштун тектон. негизи эстет, жагынан А-лык мүнөзгө ээ болот.

АРХИТЕКТУРА (гр. architekton - куруучу) - элдин жашоосу м-н жумуш кызматына ылайыкталган имараттарды ж-а курулуштарды салуу ж-а көркөмдөө өнөрү. А-нын пайда болушу ж-а өнүгүшү өндүргүч күчтөрдүн деңгээли, коомдун социалдыкматериалдык керектөөсү, бийликте турган таптардын идеологиясы, улуттук, жаратылыштын ж-а климаттык өзгөчөлүк ж-а ил.-тех. прогресс сыяктуу факторлорго, шарттарга байланыштуу. А. өз кезегинде илим м-н техниканын бир катар тармактарынын практикалык жактан ийгиликтүү өсүшүнө (курулуш механикасы, курулуш материалдарынын түзүлүшү ж-дөгү окуу, курулуштун жылуулук, санитардык техникасы, акустика ж-а социология) түрткү берди. А-нын тигил же бул коомдук формациядагы социалдык маанисин айтканыбызда таптык антагонисттик коомдогу А. элдин, көпчүлүктүн турмуштук мүдөөсүн алымсындырбай, эң башкысы башкаруучу таптардын мүдөөсү үчүн кызмат кылган. А-нын милдетине: 1) жалпы пландаштырылган композициянын максаттуулук; 2) конструкпиянын бекем ж-а туруктуу болушу; 3) курулуштун А-лык формасынын ылайыктуулугу; 4) имаратты курууда экон. чыгымдын сарпталышы ж. б. кирет. А. турак жай имараттарынын, коомдук (гражд.) ж-а админ. имараттардын, ө. ж., инженердик, а. ч. курулуштарынын ж-а бак-парк А-сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А-нын өнүгүшүндө төмөнкүдөй этаптар пайда болгон. 1. Египет А-сы (пирамида ж-а храмдар); 2. Грек А-сы (туташ системада курулган храм, театр, мамл. мекемелер, мектеп, стадион ж. б.). Байыркы кул ээлеөчүлүк Грециядагы А. архаикалык, классикалык ж-а эллиндик болуп үчкө бөлүнөт. 3. Рим А-сы (шаардык дворец, храм, чиркөө, собор, монументтер, амфитеатр ж-а триумфалдык аркалар). Римдин ошол кездеги эң көрүнүктүү курулуштары Пантеон ж-а Колизей ж. б. 4. Феод. А. эки багытта: романдын ж-а готикалык багытта өнүгөт (4-14-к.). 5. Кайра жаралуу (Возрождение же Ренессанс, 14-к.) доорунун А-на Флоренция собору (арх. Брунеллески), Римдеги Петрдун собору (арх. Браманте) кирет. 6. Барокко А-сы (16к-дын 2-жарымы). 7. Рококо А-сы 18к-дын башында түзүлгөн (Рококо стили). 8. Классицизм А-сы 18-к-дын орто ченинде пайда болгон. 9. Азыркы А. (20-к-дын башталышы) стилистикалык багытта эмес, чыг-лык: академиялык, классикалык, модернисттик багытта өнүгүп же функциялууструктуралуу жаңы методдор м-н байыды. Бул багыттын өкүлдөрү: архитекторлор Ле Корбюзье, В. Гропиус, Ф. Л. Райт, Л. Мис вай дер Роэ, Нейтра, Леонидов ж. б.

Сов. А. Улуу Окт. соң. рев-ясынын жеңипганен кийин соң. коомду куруунун жылдарында пайда болду. Жумушчулар клубдары, мад-т дворецтери сыяктуу коомдук жаңы типтеги көп имараттар курулду. Москва, Ленинград, Киев, Баку, Тешкен ж. б. ш-ларда массалык түрдө турак жай ж-а коомдук курулуштарды куруу кеңири кулач жайды. Москвадагы Кызыл Аянтта Улуу Лениндин Мавзолейи курулду. 30жылдардын башында Харьковдогу Госпром үйү, Москвадагы Лихачев атн. з-ддун маданий двореци, "Правда" газетасынын полигр. комбинаты, Москва метрополитени сыяктуу курулуштар пайда болду. 40-жылдардын аягынан имараттарды декоративдик "кооздоо" иштери биздин өлкөбүздүн ири шаарларында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттарда кеңири колдонулууда. Курулуштук индустриянын түзүлүшү курулуш иштерин кеңири жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Союздук респ-каларда жаңы турак жайр-ндору, Өзб-нда Навои, Казнда Шевченко атн. ш-лар өсүп чыкты. Кийинки жылдарда Москвадагы Съезддер двореци (1961), Москвадагы СЭВдин имаратынын комплекси ж-а Калинин проспектиси (1967), Ташкендеги Иск-во дворепи (1964), Тбилисидеги Никелешүү двореци (1964), Еревандагы драма театр (1966), Фрунзеде Фрунзенин музейүйү (1967), Кыргыз ж-а Орус драма театрлары (1970-72) курулду. Азыр Кырг-нда ири курулуштар көбөйүп, А-лык сейрек кездешүүчү комплекстер пайда болууда. Ошентип, сов. А-нын өтө жакшы чыг-лары мамлекетибиздин жарым кылымдан ашуун убакыттан берки өсүшүн чагылдырып турат.

Ад.: Айзенберг И. П., Рабинович В. И., Некоторые вопросы строительства и архитектуры в произведениях К. Маркса, Ф. Энгельса и В. И. Ленина, М., 1957; Всеобщая история архитектуры. Краткий курс, т. 1-2, М., 1958-? 63; История советской архитектуры, 1917- 1958, М., 1962.

АРХИТЕКТУРА АКУСТИКАСЫ - акустиканын бир бөлүгү. Ал имараттын ичинде үн толкунунун таралышын, чагылышын, жутулушун ж-а чагылган үндөрдүн сөз же музыканын даана угулушуна тийгизген таасирин изилдейт. А. а-нын милдети - ар түрдүү чоң залдарды долбоорлогондо, сөздүн ж-а музыканын жакшы угулуу шартын алдын-ала аныктоо. Жабык имаратта чагылган үн түздөн-түз угулган үнгө караганда, канча көп кечиксе, ошончо начарлап, үндүн энергиясы толук жутулганга чейин азая берет. Үндүн бул барабара басаңдашы реверберация деп аталат. Реверберациянын узактыгы - залдын акустикалык сапатын аныктоочу эң негизги фактор. Чоң залдарда үндүн ж-а музыканын жакшы угулушун камсыз кылуу ү-чүн электр акустика күчөткүч системалары колдонулат.

Ад.: Гану с К., Архитектурная акустика, пер. с нем., М., 1963.

АРХИТЕКТУРАЛЫК ОРДЕР-имараттарды ж-а курулуштарды тургузууда колдонула турган түркүк конструкцияларынын кооздолгон системасы. А. о-ди Египет, Ассирия-Вавилония, байыркы Персия зодчествосу пайдаланган. Б. з. ч. 5-к-да А. о. (байыркы грек архитектурасына) өнүгүшүндө классикалык бийиктикке жетишкен. Дория, иония, коринф ордерлери классикалык грек ордерлери катары эсептелип, өз пропорциялары, декорациялык кооздугунун мүнөзү ж. б. м-н айырмаланган. А. о. Кайра жаралуу доорунда өнүгүп, 20-к-дын ортосуна чейин архитектурада кеңири колдонулуп келген.

АРХИТРАВ (архи... ж-а лат. trabs - устун) - антаблементтин узунунан кеткен үч бөлүгүнүн эң төмөнкүсү. Ал негизги конструкциялуу элементтин маанисине ээ болуп, колонналардын капителдеринде жатат. АРХОНТ (гр. archon - башкаруучу, бийлөөчү) - байыркы Грециянын полистериндеги жог. бийликтеги адам. Б. з. ч. 11-к-дын башында Афины да жог. өкмөттүк коллегия. А-тук бийликтин мөөнөтү адегенде өмүр бою белгиленген; б. з. ч. 8-к-дын ортосунда - 10 жылга, б. з. ч. 7-к-дын 1-жарымынан тартып бир жылга чейин кыскартылган.

АРЦИМОВИЧ Лев Андреевич [12(25). 2. 1908-1. 3. 1973] - сов. физик, СССР ИАнын акад. (1953), СССР ИА Президиумуна мүчө (1957), Соң. Эмг. Баатыры (1969). Минскидеги Белорус ун-тин бүткөн (1928). 1930-44-ж. СССР ИАнын Физика-тех. ин-тунда, 1944-ж. СССР ИАнын Атом энергиясы ин-тунда иштеген. Негизги эмгектери атомдук ж-а ядролук физиканын проблемаларына арналган. А. физика б-ча тез электрондорго эксперименттик изилдөө жүргүзгөн. Электрондук оптика б-ча негизги эмгектер А-ке таандык. А-тин жетекчилиги м-н изотопторду бөлүүнүн электромагниттик методу СССРде 1-иштелген. А. электрондук ылдамдаткычтарда нурлануунун жүрүшүн теориялык жактан изилдеген. Америка илим ж-а иск-во академиясына мүчө (1966). А. СССР Мамл. сыйд. (1953), Лениндик

сыйл. (1958) лауреаты, 4 Ленин ордени, дагы башка орден-медалдар м-н сыйланган.

АРЧА (Iuniperus) -арчалар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көбүнчө эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү, дайыма көгөрүп туруучу дарак же бадал өсүмдүк. Дарагынын бийикт. 5-20 м. Жалбырактары майда, ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчөлөр түрүндө болот. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Уруктары тегерек келген тобурчактардын ичине жайланышат да, эки жылда өөрчүп жетилет. Кырг-ндын аймагында А-нын 5 түрү кеңири таралган. Алардын ичинен сары А., кара А., өрүк А. көбүнчө дарак түрүндө өсүп, А. токойлорун түзөт. Бадал А. м-н жапалак А. бадалча түрүндө өсөт. А. башка дарактар өспөгөн тоо беттеринде өскөндүктөн, А. токойлору жаан-чачын сууларын токтотуп, топуракты селден, кыяндай сактоого көмөктөш болот. Кырг-ндагы Алай, Чаткал, Талас, Түркстан тоолору А-луу токойлорго бай келет. Респ-кадагы А. токойлорунун жалпы аянты 318,6 миң га, запасы 4,64 млн. м3. А. токойлору деңиз деңг. 1000-3600 м. бийиктиктеги жерлерде жайланышат. Токойду түзүүчү А. түрлөрүнө жараша тоонун белгилүү климаттык алкагында өсөт. Баарынан көбүрөөк таралган сары А. суукка ж-а кургакчылыкка чыдамдуу келип, көбүнчө тоонун ортоңку алкагынан орун алган. Кара А. жылуураак келген төмөнкү алкакты ээлейт. Жакшы шартта жайланышкандыктан, кай бир дарактар дүпүйүп жайылып өсөт, аларды бай А-лар деп коюшат. Түз келип, бийик өскөндөрүн мырза А. дешет. Өрүк А. суукка байымдуу келгендиктен, тоонун эң бийик алкагында өсөт. Токойлордон 800-1000 жаштагы А. дарактарын кезиктирүүгө болот. Зыянкечтеринин көбүнөн уруктарынын өнүмгө жарамдуулугу 10-30% тен ашпайт. Ошондуктан А. токойлорун калыбына келтирүү иштери кыйынчылыкты туудурат.

АРЧА МОМОЛОЮ (Microtus Сагruthersi) - кемирүүчүлөрдүн бир түрү. Түсү кара күрөң, боор жагы боз, жүнү жумшак, калың, кулагы кыска, көзү кичине, арткы буттарынын таманы такыр. Денесинин уз. 110 мм ге чейин, куйругу 40-45 мм. Памир, Алай, Талас, Түркстан, Зеравшан кырка тоолорундагы токойлордо, шагыл таштарда, ачык шалбааларда жашайт. Алар Кырг-ндын түштүгүндө көп: бир га жерге 2,5 миңден ашык ийин туура келет. Бир жылда 4-5 жолу (ар биринде 5-7гө чейин) тууйт. Жайлоо чөбүнө залал келтирет, кыян жүргөндө ийиндери тез желип кетип, жердин бетинин бузулушуна себеп болот.

АРЧАГУЛ - Киров р-нундагы КөкСай сельсоветине караштуу кыштак. "Россия" к-зунун аймагында. Р-ндун борбору Кировдон 51 км түш.-бат. тарапта, Маймак т. ж. станциясынан 22 км. Калкы 617 (1970). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, медпункт бар.

АРЧАЛЫ КЕНИ - Нарын обл-дагы марганец рудасы чыгуучу жер. Нарын ш-нан 50-60 км түн.-чыг. тарапта, Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээгинен орун алган. 1956-ж. геологдор В. Г. Королёв м-н Ю. В. Жуков ачышкан, бирок кен жаткан жерде байыркы казындылар табылган. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон аки таш теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма ж-а палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Марганец рудасы Л. Д. Медведевдин ою б-ча-чөкмө, ал эми К. С Сагындыковдуку б-ча, жанар тоо-чөкмө түрүндө пайда болгон. Руда браунит, гаусманит, псиломелан-вад, гематит, лимонит ж. б. минералдардан түзүлүп, линза, тарам, уячалар түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец ж-а яшмадан турган тоо тек катмарларынын арасында. Руда кабатчаларынын калыңд. 30-40 м, уз. 100- 150 м ге жетет. Рудадагы марганец орто эсеп м-н 15,4%. А. к-де геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлө элек.

АРЧАЛЫ - Аламүдүн р-нундагы Орто-Алыш сельсоветине караштуу кыштак. "Аламүдүн" с-зунун аймагында. Р-ндун борбору Аламүдүндөн 28 км. туш.-бат. тарапта, Пишпек т. ж. станциясынан 20 км. Калкы 1280 (1974). Орто мектеп, клуб, китепкана, медпункт бар.

АРЧАЛЫ - Ысык-Көл обл-нын Тоң р-нундагы Күн-Чыгыш сельсоветине караштуу кыштак. Ленин атн. к-здун аймагында, р-ндун борбору Бөкөнбаевден 270 км түш. тарапта, Балгарт өрөөнүндөгү Арчалы суусунун боюнда. Рыбачье т. ж. станциясынан 253 км. Калкы 424 (1974). Китепканага! ж-а оорук&насы бар.

АРЧАЛЫ - Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Уз. 47 км. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, кууш, терең капчыгайлар м-н адегенде түндүккө, анан батышты көздөй агат. 87 майда куймасы бар, эң ириси - Борду. Жылдык орт. чыгымы 1,36 м31сек. Май айында кирип, октябрда тартылат. А. мөңгү ж-а кар сууларынан куралат.

АРЧАЛЫ ТООСУ-Кичи Нарын суусунун алабында, Балгарт өрөөнүнүн түштүгүндөгү тоо. Орт. бийикт. 4000-4200 м, эң бийик жери 4412 м, уз. 28-30 км, туурасы 6-8 км. Негизинен гранит ж-а кумдук, аки таш тектеринен турат. Тоо бети аскалуу, чыг. жагы (Ай-Көл, Жаман-Эчки) бийик, батышы жапыз, структурасы б-ча Капка-Таш тоо кыркасы м-н кошулат. Генет. тиби б-ча антиклиналъгорст. Түн. бети мөңгүлүү. Ландшафттык алкактар А. т-на анча мүнөздүү эмес, тоо капталында негизинен талаа чөптөрү өсөт.

АРШАКИЛЕР (Аршакундар), армяндар - падышалар династиясы (62-428). Бул династия Парфян падышалыгындагы Аршакилер династиясы м-н тектеш болгон. Армяндардын А. династиясын Тиридат I негиздеген (62-80). Бул кезде Арменияда феод. мамилелер калыптана баштаган. Улуу Тиридат Шнүн тушунда (287-332) христиан дини өлкөдөгү мамлекеттик динге айланды. А. феод. бытырандылыкка каршы ж-а Армениянын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, бирок андан натыйжа чыккан эмес. Улуу Армения өлкөсүн Иран м-н Рим бөлүп алып (387), А. көз каранды жерг. бийлөөчүлөр болуп калат. А. династиясы 428-ж. кулайт.

АРЫК -табигый же жасалма суу нугу. Сууну бөлүштүрүү ж-а керектүү жерге жеткирүү үчүн пайдаланылат. Кийин жасалма чоң арык канал, чарба ичиндеги майда сугат тармактары А. деп аталып калды. Алар туруктуу ж-а убактылуу А. болуп бөлүнөт. Убактылуу А. сугат убагында салынат да, сугат аралыгында ж-а кышкысын түзөтүлүп ташталат.

АРЫК КАЗГЫЧ - сугат аянтына арык салуучу, саздак жерлерди кургатуу, канализация, дренаж ж. б. түтүктөрүн жайгаштыруу үчүн траншеяларды казуучу, өзү жүрүүчү ж-а асма же чиркелме машина. Конструкциясы б-ча фрезерлүү, көп чөмүчтүү ж-а соко түрүндөгү А. к. болуп бөлүнөт. Мындан тышкары гусеницалуу, дөңгөлөктүү ж-а чийне түрүндөгүсү да болот. А. к. эл чарбачылыгында кеңири колдонулат.

АРЫК-БОЮ - Ош обл-нын Ноокат р-нундагы Ак-Булак сельсоветине караштуу кыштак. "Кызыл-Кыя" с-зунун аймагында. Р-ндун борбору Эски-Ноокаттан 60 км бат. тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 12 км. Калкы 467 (1974).

АРЫКТОО, дистрофия (дне...ж-а гр. trophe-тамактануу) - организмдө зат алмашуунун бузулушунан келип чыккан патологиялык процесс. А. организмдин тынымсыз иштешинен, сапатсыз тамактануусунан ж-а ар кандай оорулардан пайда болот. Адамдын организминде зат алмашуунун негизинде көп энергия пайда болуп, анын бир бөлүгү тиричилик үчүн пайдаланылса, калган бөлүгү запаста сакталат. Бул запас энергия фосфор к-тасынын кошулмасы АТФ (аденозинтрифосфор к-та) түрүндө болот. Организмде АТФтын запасы өз убагында толукталбай, азайып отурушунан органдардын кызматы начарлап, адам арыктайт.

АРЫС - Казак ССРинин түштүгүндөгү дарыя, Сыр-Дарыянын оң куймасы. Уз. 378 км, алабынын аянты 14900 км2. Жылдык орт. чыгымы (Арыс ш-нын жанында) 46,6 м3/сек. А. Талас Ала-Тоосу м-н Кара-Тоонун ортосундагы мойноктон башталат. Дарыя кар, жамгыр сууларынан куралат, декабрдын аягында тоңуп, марттын башында ачылат. Ири куймалары: Машат, Ак-Суу, Боролдой, Бадам. А. ж-а анын куймалары сугатка пайдаланылат. АРЫС (1956-жылга чейин поселок) - Казак ССРинин Чымкен обл-дагы шаар. Ташкенден 155 км, Чымкенден 79 км. Арыс д-нын (Сыр-Дарыянын куймасы) сол жээгинде жайгашкан. Алматы - Ташкен - Оренбург т. жнун тоому. Калкы 26,4 миң (1970). Т. ж. транспортторун тейлөө ишканалары бар.

АРЫС (Mustela erminea) - суусар сымалдар тукумундагы жырткыч айбан. Жылына 2 жолу түлөйт. Териси баалуу, жүнү кыска, калың, кышкысын тула бою ак келип, куйругунун учу гана кара болот. Денесинин уз. 20-25 см. А-тын эркеги ургаачысынан 1-2 эсе чоң. А. Европада, Азияда, Түн. Америкада, Түндүк Муз океанынан О. Азиянын чөлдөрүнө чейин кеңири таралган. Кырг-ндын бардык р-ндорунун шагыл таштуу, бадал токойлуу жерлеринде жашайт. А.- өтө чапчаң, сууда сүзүүчү ж-а бактарга жармашып чыга алуучу жаныбар. А-тын азыгы - көбүнчө чычкан сыяктуу кемирүүчүлөр ж-а майда канаттуулар. А. майда кемирүүчүлөрдү кырып, а. ч-сына чоң пайда келтирет.

АРЫС ЧЫЧКАН (Mustela nivalis) - суусарлар (Mustelidae) тукумундагы жырткыч жаныбар. Денеси ичке, ийилчээк, уз. 18-20 см, саям. 100 г. Башы кичирээк, кулагы кичине, буту кыска, тырмагы курч, жүнү жыш, жылына 2 жолу түлөйт. Жыл мезгилине жараша жайында сары күрөң, кышында ак болуп өзгөрүп турат. Эркеги чоңураак. А. ч. жер шарынын көп жеринде: токойлордо, талааларда, чөлдөрдө жашайт. Кырг-ндын тоо кыркаларында кездешет. А. ч. жылына 2-3 миң чычканды жок кылып, а. ч-сына чоң пайда келтирет. АРЬЕРСЦЕНА - спенанын түп жак бөлүгү, негизги сцена бөлүгүнүн уландысы ж-а декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр пмараттарында А. кеңири жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылыш, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлган. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөрү ж-а жарык берүүчү аппаратура орнотулган колосниктер бар.

АСА-МУСА (Abelia) - шилбилер тукумундагы уруу, бадал өсүмдүк. Бийикт. 1-5 м болот. Топ гүлү капканча сымал. Жыгачы катуу. Ашы август-сентябрда бышат. Аса-муса деңиз деңг. 1000-2000 м бийиктиктеги жерлерде өсөт. СССРде 2, Кырг-нда бир түрү бар. Ал Алай, Фергана, Чаткал тоо кыркаларында ж-а ТогузТородо кезигет, парктарда кооздук үчүн өстүрүлүп, уругу медицинада o пайдаланылат.

АСАН КАЙГЫ -уламыш б-ча, ойчул, акылман, сынчы адам. Өмүр бою элдин муңун муңдан, зарын зардап жүргөндүктөн, А. К. аталган. Ал ж-дө айрым түрк (каракалпак, казак) элдеринде да айтылат. А. К-нын өмүр баяны тууралуу так маалымат жок, фольклордук материалдарга караганда, ал 15-к-да жашап өткөн. Караөзгөй Жаныбек ханды сындап, ырайымсыздыгын ашкерелеген. Ч. Валиханов аны "көчмөн элдердин философу" деп атаган. А. К. элдин камын ойлоп, "кой үстүндө торгой уялаган" жер издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Ак-Сай, Ат-Башыга чейин барган. Оюндагыдай конушту, адамга сыйлуу, малга жайлуу жер таппай, кайгыда жүрүп каза тапкан. Уламада анын табыты Ысык-Көлдүн боюнда делет.

АСАНАЛИЕВ Жумаш (1923, ЫсыкКөл обл., Ак-Суу р-ну, Отуз-Уул кыш.- 1944) - Сов. Союз. Баатыры (1944). 1942-жылдан ВЛКСМ мүчөсү. Кызыл Армиянын катарына 1942-ж. чакырылган. Улуу Ата Мек. согушта 67-гвард. аткычтар дивизиясынын 199-гвард. аткычтар полкунда пулемётчу болгон. 1944-ж. 24-июнда Бат. Двина д-нан совет жоокерлери чабуул коюп, Лобейка кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, А. өз пулемёту м-н душман ээлеген жээкке Гболуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы салгылашкан. Станоктуу пулемётунун бүткүл расчёту катардан чыккан соң, А. жалгыз калып, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон.

АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы (1934-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Шалба кыш.) - сов. геолог, геология-минералогия илимд. доктору (1971). 1966-жылдан КПССтин мүчөсү. Фрунзе политех, ин-тунун тоо-геол. ф-төтин бүтүргөн (1957). Кыргыз ССР геол. башкармасынын геол. чалгындоо партиясында геолог, андан кийин Кыргыз ССР ИА Геол. ин-тунуя ил. кызматкери (1959), лаборат. башчысы (1972), ФПИнин илим б-ча проректору (1974) болуп иштейт. А.- түстүү металлдардын жер кыртышында чөкмө түрүндө пайда болгон кендерин изилдөөчү ил. багыттын өкүлү. 30га жакын ил. эмгеги бар. Алар ТяньШандын девон ж-а карбон мезгилиндеги чөкмө тоо тектердин литологиялык составын, фациясын, палеогеографиясын, пайда болуш шарттарын, алардын өзгөрүштөрүн ж-а чөкмө тоо тектердин арасында жайгашкан коргошун, жез, цинк кендеринин пайда болушун изилдөөгө арналган. А. кийинки жылдары сымаптын пайда болуу ж-а таралуу маселелерин изилдеп жүрөт.

Чыг.: Особенности формирования полиметаллических руд в карбонатных породах девона Сумсар-Бозбутооекого района. Сб. Рудоносные осадочные формации и рудная зональность артезианских бассейнов Средней Азии, Л., 1964; Литология, фации и оруденение (свинец, цинк, медь) девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Сб. Состояние и задачи советской литологии, М., 1970 (Г. И. Давыдов ж-а В. М. Попов м-н бирге); Литология и рудоносность девонских и нижнекаменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня, Фр., 1974.

АСАНБЕКОВ Төлөнбай (1925-ж. т.) - Нарын обл-нын Ак-Талаа р-нундагы Ленин атн. к-здун жылкы фермасынын башчысы (1945). Соц. Эмг. Баатыры (1948). 1951-жылдан КПССтин мүчөсү. Улуу Ата Мек. согушка катышкан. 1947-ж. А. жетекчилик кылган ферма 84 бээден 84 кулун алып, аман өстүргөн. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

АСАНКУЛОВ Жумабек (15.2. 1927ж. т., Москва р-ну, Кепер-Арык кыш.)-сов. ген.-майор (1968), 1947жылдан КПССтин мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1945-ж. мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1946-ж. Мамл. коопсуздук органына иштөөгө жиберилген. 1955-ж. Москвада Аскердик-юристтик жог. окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин Кыргыз ССР МИН. Советинин алдындагы Мамл. коопсуздук комитетинде жооптуу кызматкер. 1961-ж. ушул комитеттин Ош областы б-ча башкармасынын начальниги, Кырг-н КП Ош обкомунун мүчөсү ж-а бюро мүчөсү (1961-1966). Кырг-н КП БКнын админ. органдар бөлүмүнүн башчысы (1966). 1967-жылдан Квшгыз ССР Мин. Советинин алдындагы Мамл. коопсуздук комитетинин пред-ли. КПССтин 24-съездинин делегаты. 1966- 71-ж. Кырг-н КП Борб. текшерүү комиссиясынын мүчөсү. 1971жылдан Кырг-н КП БКнын мүчөсү ж-а Кырг-н КП БКнын Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат. СССР Жог. Советинин 9-шайл., Кыргыз ССР Жог. Советинин 6-8-шайл. депутаты. Эки Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

АСАНОВ Дайыр (30. 5. 1922-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, БашКайыңды с.) - Сов. Союз. Баатыры (1943), полковник (1971), 1943-жылдан КПССтин мүчөсү. 1941-ж. Ат-Башыдагы В. И. Ленин атн. орто мектепти бүтүрүп, С. М. Киров атн. к-здо эсепчи болуп иштеп турган. А. 1941-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мек. согушта Түш.-Бат., Воронеж, Дон, Сталинград, Степь, 2-Украина фронтторунда болгон. 1944-45-ж. Ульянов ш-дагы 1-Гвард. В. И. Ленин атн. танкалык окуу жайын бүтүрүп, танка взводунун, ротасынын командири болгон. 1947-ж. Ташкендеги танкисттердин жог. окуу жайын, 1953-56-ж. Москвадагы В. И. Ленин атн. аскердиксаясий академияны бүтүрүп, аскердик бөлүктүн командиринин саясий бөлүмүнүн орун басары, 1958-62-ж. Кыргыз ССР Аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист, 1963жылдан Токмок ш-нын, кийин Фрунзе ш-нын Ленин р-ндук аскер комиссары болуп иштеп келе жатат. Кыргыз ССР Жог. Советине (3-шайл.) депутат. Ленин ордени, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз, "Ардак Белгиси" ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. '

АСАНОВ Жамактап (1918-ж. т.) - Ош обл. Өзгөн р-нундагы "ЭркинТоо" к-зунун звено башчысы (1945). Соң. Э.мг. Баатыры (1949). Улуу Ата Мек. согуштун катышуучусу. 1948-ж. А. башкарган звено 30,3 га жаздык буудайдын ар гектарынан 29,1 ц ден түшүм алган. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

АСАНОВ Үсөн (1934-ж. т., Нарын обл., "Эмгекчил" к-зу) - сов. физ. химик, химия илимд. доктору (1976). 1970-жылдан КПССтин мүчөсү. Москвадагы Менделеев атн. хим.-технол. ин-тту бүтүргөн (1956). 1956-59-ж. Кыргыз ССР ИАНЫН Орг. эмес ж-а физ. химия ин-тунда кенже ил. кызматкер, 1963-жылдан лаборатория башчысы. 1959-62-ж. СССР ИАнын Физ. химия ин-тунда аспирант. Негизги ил. багыты - электр разрядындагы хим. процесстерди изилдөө. А. 100дөй ил. макаланын, 18 ойлоп табуунун автору. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.

АСАФЬЕВ Борис Владимирович [ (нсевдоними-Игорь Глебов), 1884, Петербург - 1949, Москва] - сов. исквовед, композитор, СССР ИАнын акад. (1943), СССР эл артисти (1946). Петербург ун-тинин тарых-филол. ф-тетин (1908), Петербург консерваториясын (А. К. Лядовдун классы б-ча, 1910) бүтүргөн. 1919-30-ж. Ленинград иск-во тарыхы ин-тунда иштейт. Ленинград консерваториясынын проф. (1925). Москвада 1943-жылдан тартып эмгектенет. Сов. композиторлордун бүткүл союздук 1-съездинде (1948) СССР композиторлор союзунун башкармасынын пред-лдигине шайланат. А.- орус ж-а чет өлкөлөрдүн муз. мад-ты, музыка теориясынын маселелери б-ча ил. эмгектердин ж-а сын макалалардын автору. 11 опера. 28 балет, 4 симф., бир нече романс, камералык-аспаптык ж. б. чыг-лар жазган. Алардын белгилүүлөрү: "Париж жалыны" (1932), "Бахчисарай фонтаны" (1934), "Кавказ туткуну" (1938) ж. б. А. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1948). Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

АСБЕСТ (гр. asbestos - өчпөс, талкаланбас) - силикаттар классындагы серпентин ж-а амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал х р и з о т и л-а с б е с т деп аталат. Хим. формуласы Mge[Si4Oii] (ОН)з. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жылтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2-2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, уз. 1-2 мм ден 50 мм ге жетет. Кендери гидротерм эриндилердин магнийге бай ультра негиздүү тоо тектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Баженов, Киембай), Казакстанда (Жетикара), Тува АССРинде (Ак-Довурак) ж. б. жерлерде табылган. А м ф и б о л-а с б е с т амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, уз. 5 см ге жетет. Кендери метаморфизмделген тоо тектер орун алган жерлерде жолугат. Уралда (Сысерт) ири кени табылган. А. кислоталарга, гцёлочторго туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөечү буюмдарды жасоодо, пластмасса м-н асбест цементин ж. б. даярдоодо ж-а химия ө. ж-да кеңири колдонулат.

АСБЕСТОЦЕМЕНТ - асбест м-н цементтин аралашмасына суу кошулуп даярдалган курулуш материалы. 500 ж-а андан жог. маркадагы 100 бөлүк портландцементке 12-20 бөлүк асбест кошулганда, анын булалары арматуранын, цемент болсо чапташтыруучу заттардын ролун аткарып, суукка ж-а отко чыдамдуу, чирибес, бекем, суу өткөрбөөчү материал пайда болот. А. материалдары дубалдын бетине чапталуучу плита, панель, суу жүрүүчү түтүк, архит. кооз буюм катары колдонулат. Жасалгалоо үчүн колдонулуучу А. плиталары асбест м-н цементтин кургак аралашмасы нымдалып, прессте ныкталып, керектүү өлчөмдө кесилип даярдалат. Мындай материалдардын көпчүлүгү өз өңү б-ча, айрым учурларда бети боелуп же плёнка м-н капталат.

АСЕПТИКА (а... ж-а septicos - ириңдөө) - операция жасоодо, жараттарды дарылоодо колдонуучу бардык материалдарды зыянсыздандырып, жаратка микроб түшүрбөй, аны ириңдөөдөн сактоо чаралары. Жаратка микроб 2 жол м-н: абадан, шилекей чачырандыларынан ж-а жаратты тацуучу материалдардан, оорулуунун денесиндеги ириңдей кан, лимфа аркылуу жугат. 1867-ж. англ. хирург Ж. Листер А-лык максатка карбол к-тасын сунуш кылган. Азыркы хирургиялык практикада зыянсыздандыруу жог. темп-pa (кайнатуу, күйгүзүү) ж-а аны жог. басымга, кызгылт көгүш нурларга айкалыштыруу м-н ишке ашырылат. А-ны сактоо үчүн керексиз буюмдар турбаган жарык, дубалы оңой жуула турган атайын операциялык бөлмө жабдылып, андагы аба бактерияларын өлтүрүүчү лампанын кызгылт көгүш нурлары м-н зыянсыздандырылат. Халат, дакиден жасалган маска, башка ж-а бутка кийилүүчү чүпүрөк кийимдер, сүлгү, шейшеп, жаратты таңууга колдонулуучу материалдар автоклавда, ал эми металлдан жасалган аспап, тар кайнатылып, кайнаганда, мокой турган кесүүчү аспаптар, жибектен, ичегидей, капрондон, нейлондон жасалган жиптер 96 спирт м-н чайкалып, зыянсыздандырылат. Ичегилердин ичин ачуу же ириң толгон жерди жарууга байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн атайын операция ж-а таңуу бөлүмдөрүнүн уюштурулушу А-га толук жетишүүгө мүмкүндүк берет.

АСИКАГА - Япониянын о. кылымдагы аскер-феодалдык акимдери - сёгундардын 2-династиясы [1335(1338) - 1573]. Жерг. княздар (даймё) күч алган сайын А-нын бийлиги бошоңдой берген. 15-к-дын орто ченинде өз ара феод. согуштар башталып, ошонун айынан өлкө өз алдынча айрым княздыктарга бөлүнүп, А-нын бийлиги жармач тарткан. А-нын акыркы акимин Нобунага Ода кулаткан.

АСИМОВ Мухамед Сайфитдинович (1. 9. 1920-ж. т.) - сов. философ, СССР ИАнын мүчө-корр. (1974), Тажик ССР ИАнын акад. (1965), ошол эле жылдан анын президенти. 1945жылдан КПССтин мүчөсү. 1941-ж. Алишер Навои атн. Өзбек ун-тин бүтүргөн. 1946-52-ж. Ленинабад пед. ин-тунун директорунун орун басары, 1956-62-ж. Дүйшөмбү политех, интунун ректору. 1962-65-ж. Тажик ССРинин элге билим берүү министри. Таж-н КП БКнын секретары. Тажик ССР Мин. Советинин пред-лишга орун басары. Таж-н КП БКнын мүчөсү. Тажик ССР Жог. Советинин 6, СССР Жог. Советинин 7-9-шайл. депутаты. Тажик Совет Энциклопедиясынын Баш редактору. Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

АСИМПТОТА (гр. asymptotos - дал келбөөчү)- координаталар башталмасынан чексиз алыстаган сайын ийри сызыкка чексиз жакындай берген түз сызык. Мис, гипербола ху = 1 теңдемеси түрүндө берилсе, анда анын А-сы - х = 0 ж-а у = 0 болгон координата октору (к. сүрөт). Ийри сызык өзүнүн А-сы м-н кесилиши да мүмкүн (мис, өчүүчү термелүүнүн графиги). Матем. анализде А. Түшүнүгү Sinx2 түчоң мааниге ээ. Мис, у =-------- рүндө берилген функциянын А-сы - у - 0 түз сызыгы.

АСИМПТОТА КАТАРЫ - функцияны катарга ажыраткандагы абдан кичине салыштырмалуу каталык, ага жакындатылган туюнтма, к. Катар.

АСИМПТОТА СЫЗЫГЫ - чекиттеринде жанышуучу тегиздиги жаныма тегиздиги м-н дал келген беттеги ийри сызык, к. Дифференциалдык геометрия.

АСИМПТОТАЛЫК АЖЫРАТУУ - берилген функциянын жыйналбоочу катар түрүнө келтирилиши. f(x) функциясынын х-^-а кезиндеги (же а^оо оо ж. б.) катары 2 Фк(^) = фо(ж) + к=0 + qpifzj + ... +фк (х) + ... А. а. болот. Толук А. а-ну табуу кыйын болгон учурда бир нече мүчө м-н чектелген А. а-лар алынат. Мис, п -> оо кезиндеги гармоникалык катардын биринчи п мүчөсүнүн суммасын Qn=l + 1 1 1 я

грЖ-о^..--!-- табууга мүмкүндүк берүүчү А. а-нун мисалы(2~1ппШС+ Ж! 1 - J9 2+--' формуласы боло алат; мында С - Эйлер турактуу саны. "А. а." деген түшүнүк көбүнчө комплекстик өзгөрүлмөлүү функцияларга, өзгөчө А. а-нун айрым типтерине колдонулат.

АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ - электр энергиясын мех. энергияга айландыруучу асинхрондуу электр машинасы. Статордун орому б-ча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган ток м-н статордун магнит талааларынын өз ара аракеттенишинин натыйжасында ротор магнит талаасын ээрчип айлана баштайт да, ал талаага салыштырганда айлануу саны аз болот. А. 3. к-ын электр тармагына туташтыРУУ үчүн анын статорунун орому жылдызча же үч бурчтук түрүндө бириктирилет. Роторлорунун түзүлүшү б-ча А. э. к. чукул туюкталган ж-а фаза роторлуу болуп бөлүнөт. Үч фазалуу А. э. к-тан башка да бир фазалуу кыймылдаткыч бар. Башка кыймылдаткычтарга салыштырганда А. э. к-тын п. а. к-ти жогору болот да, ө. ж. тармактарында кеңири пайдаланылат.

АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР МАШИНАСЫ (а... ж-а synchronos - бир убакта) - статордун магнит талаасынын айлануу жыштыгы м-н ротоңдун айлануу жыштыгы барабар болбогон (синхрондуу эмес) өзгөрмө токтун электр машинасы. А. э. м. негизинен кыймылдаткыч, айрым учурларда генератор катары колдонулат. Эгер А. э. м-нын ротору магнит талаасынын айлануу багытына карама-каршы айландырылса, ал тормоздоо режиминде 'иштейт, к. Асинхрондуу электр кыймылдаткыч.

Ад.: Костенко М. П., Пиотровский Л. М., Электрические машины, 4. 1-2, М.-Л., 1958.

АСИНХРОНДУУ ЭСЕПТЕГИЧ МАШИНА - ар бир эсептөөсүнүн башталышы мурдагы эсептөөнүн бүткөндүгүн баяндаган кабар б-ча аныкталуучу цифралуу эсептегич машина (ЦЭМ). Бир эсептөөнү аткаруу үчүн машинанын бир нече түзүлүшү ж-а блоктору ишке катышат. Ар бир түзүлүш өзүнө таандык эсептөөлөрдү белгилүү убакытта аткарып, кезекти кийинки түзүлүшкө берет. Узак убакытты талап кылуучу көбөйтүү, бөлүү ж. б. чоң эсептөөлөрдү аткаруу үчүн асинхрондуу принцип колдонулат да, кыска мөөнөттө аткарылуучу эсептөөлөр машинанын туруктуу такты (кадамы) аркылуу аткарылат. Кемитүү, кошуу ж. б. кыска эсептөөлөр көп колдонулган маселелерди чыгарууда машинанын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж-а машина өзүн өзү текшергендиктен, бир эсептөө бүтмөйүнчө 2-эсептөө башталбайт.

АСКАЛАРДАГЫ ЖАЗУУ-ЧИЙМЕЛЕР (петроглифтер, жазуулар) - үңкүрлөрдүн боорлорунда, аскаларда, айрым таштарда тартылган байыркы сүрөттөр. А. ж.-ч.- палеолит доорунан адепки о. кылымга чейинки адамзат коомунун тарыхынын ар түрдүү доорлоруна тиешелүү эстеликтер. 1-палеотикалык сүрөттөр Түн. Испаниядан, Франциянын түш. жагындагы үңкүрлөрдөн, биздин өлкөбүздө Урал, Кавказ тоолорунан, Ч. Сибирден табылган. Алгачкы сүрөттөрдө, көп окумуштуулар белгилегендей, сыйкырдуу мааниде берилген айбандардын: өгүз, жылкы, мамонт, бугу, бизон, аюу ж. б-лардын турпаттары тартылган. Кырг-ндын тоолорундагы бул сыяктуу көп сандаган сүрөттөрдүн кээ бир түрлөрү (Ак-Чуңкур үңкүрүндөтү, Саймалы-Таш тоолорундагы жазуу-чиймелердин бир тобу) байыркы неолит дооруна таандык. Аскалардагы сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы адамдардын чарб. ж-а рухий турмуштиричилигин изилдөөдө өтө баалуу материал катарында пайдаланылат.

АСКАЛУУ КЫРКА ТООСУ - Чоң Кавказдын бат. ж-а борб. бөлүгүндөгү (түн. капталындагы) кырка тоо. Уз. 330 км, бийикт. батышында 1200- 1700 м, чыгышында 3000 м ге чейин. Бийик чокусу (Каракан) 3610 м. Аки таш тектеринен түзүлгөн. Түш. капталы тик, түндүгү айдөшүрөөк. Байыркы муз каптоонун белгилери байкалат. Карст формалары кезигет. Түн. капталында жазы жалбырактуу токой өсөт, түштүгүндө токой тилкесинен жогору тоолуу талаа ж-а шалбаа жатат.

АСКАЛУУ ТООЛОРУ (Rocky Mountains) - Түн. Америка Кордильерлериндеги ири тоо тизмек, к. Кордильер тоолору.

АСКАЛЫ - Ош обл-нын Алай р-нундагы "Алай" сельсоветине караштуу кыштак. "Алай" с-зунун аймагында. Р-ндун борбору Гүлчөдөн 37 км туш,чыг. тарапта, Ош т. ж. станциясынан 119 км. Калкы 400 (1972). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, медпункт бар.

АСКАНИЯ КОЮ -уяң жүндүү кой. Аскания меринос соолуктарын Американын рамбулье кочкорлору м-н аргындаштыруу аркылуу 1934-ж. акад. М. Ф. Иванов "Аскания-Новада" чыгарган. Жүнү коюу, эти сапаттуу. Кочкорунун тирүүлөй салм. 110- 140 кг, соолугунуку 60-70 кг. Кочкорунан 10-12 кг, соолугунан 5,5-6 кг жүн алынат. Таза жүндүн чыгышы 40-45%. Жүн берүү б-ча А. к. дүйнөдө 1-орунда. Мис, Херсон обл-нын "Красный чабан" с-зунун № 40 кочкору 30,6 кг жүн берген. А. к. климаты кургак жерге жакшы көнүккөн. Көбүнчө УССРдин ж-а РСФСРдин түш. жагында өстүрүлөт. Жүн берүүчү койлорду көбөйтүү үчүн Кырг-нда аргындаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

АСКАНИЯ-НОВА - Түш. Украинадагы мамл. корук. Каховка ш-нын түш.чыг. жагынан 60 км аралыкта Чоң Чапель ойдуңунан орун алган. Ал бетегелүү, шыбактуу дың жерди сактан калуу максатында түзүлгөн. Аймагы 11 миң га (1967), анын ичинен 1560 'га накта корук. А. 1919-ж. Украина Совнаркомунун декрети м-н элдик корук паркка, 1921-ж. мамл. корукка, 1932-ж. жаныбарларды байыр алдыруу ж-а аргындаштыруу б-ча Бүткүл союздук ил. из. ин-туна, 1956-ж. М. Ф. Иванов атн. Украина талаа райондорунун мал чарба ил. из. ин-туна айландырылган. А-нын зоол. бөлүмүндө дүйнө өлкөлөрүнөн алынып келинген жапайы айбанаттар: антилопа, бизон, зубр, зебра, лама, бугу, Пржевальский жылкысы; канаттуулардан^ афр. төө куш, нанду, эму, ак куу,,каркыра багылып, анын ботан. багында дарак м-н бадалдын 120дан ашык түрү өстүрүлөт.

АСКАРИДАЛАР - жумуру курттардын тукуму, адамдын ж-а омурткалуу жаныбарлардын ичегисиндеги мителер. Киши А-лары (Iumbricoides) ж-а чочко А-лары (Ascaris smim) кеңири таралган. Ургаачыларынын уз. 25-40, эркектериники 15-20 см. Ургаачы А. суткасына 250 миңге чейин жумуртка тууп, личинкасы сырткы чөйрөдө 10-12 күндө жетилет. Тамак же суу аркылуу кишинин ичегисине кирген жумурткалардай личинка чыгып, ичегинин былжырлуу чел кабын көзөп, вена канына өтүп, боорго барат. Кан айлануу системасынын татаал тармактарынан өтүп, жүрөккө, андан өпкө ж-а кекиртек аркылуу 2-жолу оозго барып, тамак сиңирүү системасына өтөт. Личинка ичке ичегиде чоң митеге айланып, 2-2,5 айдан кийин жумурткалай баштайт. Кишиде бир жө бир нече жүзгө чейин А. болушу мүмкүн. А-дын мителик кылуусунан пайда болуучу оору аскаридоз деп аталат.

АСКАРИДИОЗ - канаттуулардын жумуру мите курттар - аскаридиялардын кесепетинен чыккан ылаңы. Андан көбүнчө тоок, күрп ж-а көгүчкөн жабыр тартат. Ылаң аскаридиянын сиркеси м-н булганган жем, чөп, суу аркылуу жугат. Тоок аскаридияларынын уз. 70-120 мм болот. Мында жөжөлөр жүдөйт, арыктайт, кансырайт, чычкактат; ичегиси түйнөк болушу мүмкүн. Диагнозу канаттуулардын кыгынан аскаридияны табуу, ичегидеги патологиялык-анат. өзгөрүүлөрдүн ж. б. негизинде коюлат. Дарылоодо фенотиазин, пиперазин сульфаты колдонулат. Хлорофос 50- 80 мг/кг, гигромицин-Б тоют м-н берилет. Профилактика: жөжөлөрдү чоң канаттуулардан бөлүп, таза бөлмөдө асыроо, кыгындагы митени убагында жок кылуу.

АСКАРИДОЗ - адам ж-а чочконун организминде мителик кылуучу жумуру курттардан (аскариддерден) пайда боло турган мите курт оорулары. А. жер шарынын бардык зоналарында (чөл ж-а дайыма муз кетпес жерлерден башка) таралган. А. көбүнчө оору адамдын заңы түшкөн жер кыртышынан, аскаридалардын личинкалары м-н булганган колдон, жуулбаган жер-жемиштерден ж-а чымын аркылуу жугат. А., оорусу личинкалардын миграциясы ж-а аскаридалардын ичегиде мителик кылуусу болуп эки фазадан турат: 1-фазада өпкө ж-а боордо өзгөрүүлөр болгондуктан, жөтөл, ал тургай кээде бронхит, өпкөнун сезгениши, беру жатыш оорулары, экинчисинде ичеги-карындын бузулушу, баш оору, урушчаактык, уйкунун качышы ж-а акыл ишинин төмөндөшү байкалат. Аскаридалар ичегинин өткөөлсуздугунө ж. б. кабылдап кетүүлөргө дуушар кылат. Оорулуунун заңынан аскаридалардын жумурткасы табылганда гана А. аныкталат. Ооруну айыктыруу үчүн митеге каршы дарылар, кычкылтек ж. б. колдонулат.

АСКАРОВ Теңдик (1937-ж. т., Кызыл Өзгөрүш кыш., Токтогул р-ну) - кыргыз совет сынчысы, философ, коомдук ишмер. Кыргыз ж-а орус тилинде жазат. Кырг-н мамл. ун-тин (1960), Кыргыз ССР ИАнын алдындагы аспирантураны (1963) бүтүргөн; 1964-ж. философия илимд. кандидаты деген ил. даража алган. 1963-66-ж. Кыргыз ССР ИАнын Филос. ж-а укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, окумуштуу секретарь, 1967-ж. "Кыргызстан маданияты" газетасынын редакторуна орун басар, андан кийин Кырг-н КП БКнын аппаратында жооптуу кызматта иштейт. 1971-ж. Кырг-н ЖСтин башкармасы нын биринчи секретарлыгына, СССР ЖСтин башкармасынын мүчөлүгүнө ж-а секретарлыгына шайланат. А. чыг-лык ишин 1957-ж. сынчы катары баштаган. Ал - кыргыз ад-тынын теориялык маселелерине байланыштуу макалалардын, китептердин, о. эле "Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык табияты" деген философ, эмгектин автору. Кыргыз ССР Жог. Советинин 8-9-шайл. депутаты.

Чыг.: Көркөм образдар дүйнөсүндө, Фр., 1967; Высокое призвание критики, Фр., 1972.

АСКЕР БӨЛҮГҮ - куралдуу күчтөрдүн бардык аскерлеринин ар кандай түрлөрүндөгү өз алдынча күжүрмөн, админ.-чарб. бирдик. А. б. өзүнүн башкаруу органынан, күжүрмөн, атайын ж-а тылдык бөлүкчөлөрдөн турат. Анын аты, номери, туусу болот. Тынчтык күндөрүндө А. б.- жеке составдагыларга күжүрмөн тапшырмаларды берүүгө, теориялык окууларды өткөрүүгө ылайыкталган тактикалык Ж-а өз алдынча уюмдашкан аскерлердин бир тобу. А. б. болгон полк батальондордон (дивизион, эскадрильялардан) түзүлүп, аскердик бирикмеге же Башкы командачыга баш иет.

АСКЕР БӨЛҮКЧӨСҮ -аскердик бирдик; армиянын ар бир түрүндөгү бирдей составдуу туруктуу уюм. Ал ири бөлүкчөлөр м-н бөлүктөрдүн составына кирет [мис, моторлоштурулган аткычтар ротасы (батарея) - батальонго (дивизионго), батальон (дивизион) - полкко]. Ар бир бөлүкчө майда бөлүктөргө [мис, ротада (батареяда) 3-4 взводго] бөлүнөт. Аскер-аба ж-а аскер-деңиз күчтөрүндө да А. б. бар. Сов. А. б. жаңы согуш куралдары м-н куралданган; жылдын ар кандай мезгилине, климаттын катаал шарттарына карабастан, аябаган тез ылдамдыкта ар түрдүү согуш аракеттерин жүргүзө алат.

АСКЕР ИНСПЕКЦИЯСЫ - аскер түрлөрүн түздөн-түз башкаруу жө жог. органдардын тапшыруусу б-ча контролдукту ж-а текшерүүнү жүргүзүү үчүн дайындалган аскер башкармасынын атайын органы. Россияда А. и-н 1-жолу Петр I уюштурган. Капит. өлкөлөрдө жог. полномочиеге ээ болгон жог. аскер башкармасынын аппаратынын составына кирүүчү А. и. органы ж-а генерал-инспекторлору болот. Сов. куралдуу күчтөрдө А. и. аскерлерди башкарууну, аскер чарбаларын, согуштук техникаларды ж-а аскердик даярдыктарды контролдукка алуу милдетин аткарат. Инспеклдялаө ишин начальниктер, о. эле атайын түзүлгөн комиссиялар, группалар берилген тапшырмалар б-ча жүргүзөт.

АСКЕР КЕМЕДЕГИ - мамлекеттин АДФына тийиштүү ж-а белгилүү күжүрмөн же атайын милдеттерди орундатууга ылайыкталган кемелер. А. к-ндө кайсы мамлекетке таандык экендиги ж-дө белги ж-а АДФтын офицерлеринин тизмесинде жазылган офицер командири болгон экипаж болууга тийиш. Алгачкы А. к. ар кандай формадагы ж-а өлчөмдөгү кичине кайык болгон. Бирок улам барган сайын өркүндөтүлүү м-н 19-к-дын башында биринчи буу кемеси түзүлгөн. 1950-жылда суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар ж-а атом энергиялык жасалгалар, ракета-ядролук куралдар орнотулган атомдук кемелер курулду. Азыркы А. к-не буу, дизель, газ турбиналуу же атом кыймылдаткычтары орнотулган. Аткарган ишине жараша алар ракеталык, авиац., артилл., торпедалык же миналык куралдар м-н жабдылган. Аларды башкаруу, абадагы, суу астындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн радиоэлектрондук ж-а эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр м-н камсыз кылынган. Кеменин экипажы каюталарда жайланышат. Бардык АДФтарда, анын ичинде Сов. Союзунда да А. к. согуштук милдеттери, куралданышы ж-а сууга сыйымдуулугу б-ча бири биринен айырмаланган негизги класстарга (суу астындагы кайык, крейсер, эскадралык миноносец, десант кемеси ж. б.) бөлүнөт.

Ад.: Крылов А. Н., Собрание трудов, т. 9-Теория корабля, ч. 1-2, М.-Л., 1948-49.

АСКЕР КИЙИМДЕРИ ЖАНА БУЮМДАРЫ- аскер кызматкерлеринин бирдей формада тигилген кийимдери ж-а буюмдары. Аларга китель, гимнастерка, шым, шинель, баш кийим ж. б. кирет. Сов. Армиянын А. к. ж-а б. 1922-ж. киргизилген, 1924, 1940, 1943, 1958-жылдарда айрымдары өзгөрүлгөн. СССР МИН. Советинин 1969-ж. июлдагы токтому б-ча, аскер кийимдеринин жаңы үлгүсү бекитилди. Катардагы аскер м-н сержанттарга, аскердик окуу жайлардын курсанттарына ж-а аскердик курулушчуларга параддык форма: лавсан м-н жүн кошулган кездемеден тигилген кайырма жакалуу китель, жашыл көйнөк, галстук ж-а ботинка м-н кийе турган шым бериле баштады. Авиадесант аскерлери кайырма жакалуу китель, ак-көк сызыгы бар токума чыптама ж-а баштарына көк берет кийишет. Офицерлер м-н мөөнөттөн ашык кызматка калган аскер кызматкерлеринин параддык-майрамдык жаңы формасы - көк жашыл (кургактагы аскерлерге) ж-а көк (авиация, авиадесант аскерине) китель, ак көйнөк, кара же көк галстук, ботинка м-н шым. Маршал, генералдардыкы - жээги саймалапган кайырма жакалуу, эки жагы тең топчулама боз шлет^ китель, ак көйнөк м-н кара галстук, көгүш шинель. АДФтын офицерлери м-н мөөнөттөн ашык кызматка калган аскердик кызматкерлер үчүн ак кездемеден тигилген тужурка, кайырма жакалуу куртка ж-а алтын түстүү параддык кур берилет. Сов. куралдуу күчтөрдүн катарындагылар аскердик формасын жоокердик арнамыс м-н тыкандыктын символу катарында өзгөчө барыктан кийишет.

АСКЕР КОЛЛЕГИЯСЫ -СССР Жог. Сотунун коллегияларының бири. Ал 1924-ж. СССР ж-а союздук рееп-калардын Жог. Сотторунун составында түзүлгөн. А. к-нын мүчөлөрү СССР Жог. Сотунун мүчөлөрү сыяктуу эле СССР Жог. Совети тарабынан шайланат. А. к. аскер трибуналдарынын иштерине соттук көзөмөлдөө жүргүзөт, тийиштүү уголовный иштерди өздөрү да карай алышат. А. к. өтө маанилүү уголовный ж-а жог. чиндеги офицерлердин кылмыш иштерин карайт. Ага соттук көзөмөлдөөнү СССР ЖОГ. Соту жүргүзөт. А. к-нын иш-аракети СССР Жог. Соту ж-а Аскер трибуналдары ж-дөгү жоболор аркылуу жөнгө салынат.

АСКЕР КОМИССАРИАТЫ - СССРде аскердик мобилизациялоо, аскерге чакыруу, учетко алуу ишин жүргүзчү жерг. аскер башкармасынын органы. А. к. СССР коргоо мин-восунун аскердик мекемеси, о. эле тиешелүү союздук респ-калардын, АССРдин Мин. Советинин, эмгекчилер депутаттарынын обл., шаардык, округдук, райондук Советтеринин бөлүмү да болуп саналат. А. к-нын ишине СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Генштабы ж-а А. к. жайгашкан терр-ядагы аскер округунун командачысы жетекчилик кылат. А. к-нын негизги милдети: аскерге чакырууну даярдоо ж-а жүргүзүү, адам ж-а эл чарба ресурстарын эсепке алуу, жаштарды аскердик милдетти аткарууга даярдоо, граждандарды чыныгы аскер кызматына ж-а окутуу жыйынына чакырууну уюштуруу ж. б. коргонуу чараларын ишке ашыруу.

АСКЕР КОМИССАРЛАРЫ - 1. Куралдуу күчтөрдүн бирикмелериндеги, бөлүктөрүндөгү, мекемелериндеги Коммунисттик партиянын ж-а Совет өкмөтүнүн өкүлдөрү (1918-42). А. к-нын ин-ту Гражд. согуш убагында түзүлгөн. 1918-ж. 31-мартта БКнын Пленумунда А. к-нын ролу ж-дө маселе каралып, ал "Совет бийлигинин армиядагы саясий органы" деп белгиленген. Армия м-н фронтто А. к. ревчыл аскер Советинин мүчөлөрү болушкан. А. к. командалык состав м-н тыгыз байланышта иштеп, күжүрмөн армияны түзүүдө зор эмгек сиңирген. Аскерлерди саясий жактан тарбиялап, парт., комсомолдук ишке жетекчилик кылган. А. к. ин-ту армияга, флотко жеке башчылык кылуу биротоло киришилгенден кийин, 1942-ж. 9-октябрда жоюлган. 2. СССРдеги аскердик башкаруунун жерЛ органдарынын жетекчилери, к. Аскер ^комиссариаты,

АСКЕР КЫЗМАТЫ (СССРде).?-куралдуу күчтөрдүн, катарында граж^ дандардын өз милдетин өтөшү. СССРде аскер жашындагы адамдардын ар түрдүү аскер бөлүктөрүндө кызмат кылуу тартиби, мөөнөтү 1967^жылдаг гы "Жалпыга бирдей аскердик милдет жөнүндөгү Законго" ылайык ишке ашырылууда. СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат кылуу - Мекенибиздин граждандары үчүн ардактуу милдет (к. Аскерге милдеттуулөр). Катардагы аскер, сержанттын еоставдагылар үчүн А. к. 1-3 жылдык мөөнөт. Офицерлер, генералдар ж-а адмиралдардын А. к-н өтөөсү ж-а запаста болуусу өзгөчө шарттын негизинде жүргүзүлөт. А. к-н өтөп жатышкан Сов. Союзунун ар бир гражданини саясий укукка толук ээ болуп, аскердик бардык талапка баш ийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары А. к-н өтөөдө өз чеберчилигин, саясий билимин, моралдык туруктуулугун арттырууга тийиш.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ - аскер наамдарын, куралдуу күчтөрдүн түрлөрүн ж-а кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, эмблемалар, кант ж-а лампастар, о. эле баш кийимге, петлицага, погонго, көкүрөккө ж-а жеңге тагылуучу белгилер кирет. Аларды СССР Жог. Советинин Президиуму белгилейт. Россияда биринчи белгилер турактуу куралдуу күчтөр түзүлгөндө (16-17-к.) киргизилип, 1-дүйн. согушка чейин ар түрдүү элементтер м-н толукталып (гаЛун, шарф, погон, эполет, жылдыз, аксельбант) келген. Кызыл Армияда биринчи ажыратуу белгилери 1918-ж. бекилип, падышалык армиядагы наамдар ж-а белгилер жоюлган. 1922-ж. аскер кийиминин жаңы формасы м-н кошо жаңы белгилер, кабыл алынган. Алар сол жеңге, атайын клапанга тагылып, түсү ж-а формасы куралдуу күчтөрдүн түрүнө ж-а аткарган кызматына жараша болгон. 1935-ж. персоналдык аскердик ' наамдар кабыл алынган соң, ажыратып таануу белгилери ошол наамдарта карата белгиленет да, сол жеңге ж5-я петлицага тагылат. 1943-ж. ; Кызыл Армиянын өздүк составы үчүн погондор киргизилген, 1970-ж. катардагы ж-а сержанттын состав үчүн жеңге тагылуучу белгилер кабыл алынган. Чет өлкөлүк армиялардын көпчүлүгүндө ажыратып таануу белгилери погондордон ж-а андагы ийри-буйру же туурасынан кеткен кыйыктардан, жылдызчалардан ж-а эмблемалардан турат.

АСКЕР ОКРУГУ-СССРдеги аскердик бөлүктөрдүн, аскер окуу жайларынын ж-а ар кандай жерг. Аскердик мекемелердин аймак б-ча жалпы аскердик бирикмеси. А. о-н аскер командачысы башкарат, ал коргоо министрине баш ийет. Ар бир А. о-нун Аскердик совети болот. Мамл. террянын А. о-дарына бөлүнүшү аскерлерди башкарууга, оперативдүү, күжүрмөн, саясий даярдык жүргүзүүгө, өлкөнү коргоону даярдоого байланышкан чараларды ишке ашырууга ыңгайлаштырылган. Россияда А. о. 1862-64-ж., СССРде Гражд. согуш мезгилинде (1918-20) уюшулган. Куралдуу күчтөрдүн өнүгүшүнө, Сов. Союзун коргоонун милдетине жараша А. о-дары өзгөрүп турат. А. о. айрым соң. (ГДР, ЧССР ж. б.) ж-а кашат, өлкөлөрдө (АКШ, Франция, Бельгия ж. б.) да бар.

АСКЕР ПРОКУРАТУРАСЫ - СССРде аскер кызматкерлери тарабынан закондордун туура ж-а так аткарылышын көзөмөлдөөчү мамл. атайын орган. Ал 1922-ж. уюштурулган. А. п. аскер трибуналына берилүүчү уголовный иштерди тергейт. Аскер мекемелеринде ж-а бардык аскер бөлүктөрүндө соц. закондуулук жүзөгө бирдей ашырылышына көз салат. А. п. адегенде аскер трибуналдарынын алдында; 1926-Жылдан баштап бардык аскердик округдарда, корпустарда, дивизияларда уюштурулган. 1933-ж. декабрда Башкы А. п. түзүлгөн. 1946-жылдан СССР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы А. п. деп аталын, кийин 1950-ж. Сов. Армиянын Башкы А. п. ж-а АДФтын Башкы А. п. болуп башка-башка аталды. СССРде А. п. аскер жетекчилерине баш ийбейт, СССР Прокуратурасынын бирдиктүү системасына кирет. Аскер прокурору кабыл алган чечимге нааразы тарап А. п-нын жог. органына даттанууга акылуу.

АСКЕР СҮРӨТЧҮЛӨР СТУДИЯСЫ М. Б. Греков атындагы (1965жылдан М. В. Греков атн. Кызыл Жылдыз ордендүү аскер сүрөтчүлөрүнүн студиясы) -? сов. аскер сүретчүлөрүнүн коллективи. Бул 1934-35-ж. түзүлүп, М. Б. Грековдун ысмына коюлган. 1943-жылдан Сов. Армиянын ж-а АДФтын Башкы саясий башкармасына карайт. Студия адегенде Кызыл Армиянын өз демилгелүү чыглыгын өркүндөтүү үчүн уюштурулун* 1940-жылдан профессионал сүрөтчүлөр м-н толукталат 'баштаган. Негизги милдети - аскерлерди маданий-саясий жактан тарбиялоо я-г-а Сов. Армиянын баатырдык иштерин ж-а азыркы турмушун чагылдырып көрсөтүү.

АСКЕР ТАРТИБИ - аскердик закондо ж-а уставда белгиленген тартип м-н эрежени бардык аскер кызматындагылардын бузбай так сакташы. Сов. Куралдуу Күчтөрдүн А. т. зордукка же опузага таянбай, ал ар бир аскер кызматкери өзүнүн соц. Мекенин коргоону жоокердик ыйык милдетим деп сезгендигине таянат. А. т. ж-догү Куралдуу. Күчтөрдүн уставы СССР Жог. Советинин Указы м-н бекитилет. А. т. ар бир жоокерден законду, аскердик антты, уставдын талаптарды, начальниктердин приказдарын так аткаруусун талан кылат. Куралдуу Күчтөрдө А. т-н аңсезимдүү сактоодо жоокерлерди саясий жактан тарбиялоонун мааниси зор.

"АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ" ЧОКУСУ - Борб. Тянь-Шанда, Боз-Кыр (Какшаал тоо системасынын түн.чыг. учу), Ак-Тоо кырка тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 ж. Сланец, аки таш теги, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Түн. ж-а түн.-чыг. капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабынан) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары ачып, бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августта Каз-н альшшисттер клубунун мүчөлөрү чыгышкан.

АСКЕР ТРИБУНАЛДАРЫ - СССР Куралдуу Күчтөрүндо сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу соттор. А. т. сот органдары ж-дөгү жоболор негизинде түзүлүп, СССРдин бирдиктүү сот системасына кирет. Ал өз ишин 1958-ж. 28-декабрда СССР Жог. Совети кабыл алган А. т. ж-дөгү жобого ылайык жүргүзөт. А. т. СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн согушка дайыма жөндөмдүүлүгү, аскердик тартиптин сакталышы ж-а аскердик кызматтын талаптагыдай аткарылышы үчүн күрөшөт. А. т. аскер кызматкерлеринин, OJ эле укугу б-ча аларга теңештирилген кишилердин ж-а тыңчылык (шпиондук) кылгандардын иштерин (кылмыштал ким жасаганына карабастан) карайт. Согуш кырдаалында өзгөчө абалга байланыштуу айрым жерлерде жалпы сот органдары иштебей калышы мүмкүн. Анда А. т. уголовный ж-а гражд. иштердин бардыгын карай берүүгө укуктуу. А. т-нын мүчөлөрү СССР Жог. Советинин Президиуму тарабынан 5 жылга шайланат. А. т-нын жог. органы - СССР Жог. Соту.

АСКЕР ТУУСУ - аскердик ар-намыстын, эрдиктин ж-а даңктын символу. Ал - учунда кыма ашталган узун каскакка (танкка) бекитилген белгилүү өлчөмдөгү ж-а түстөгү кездеме. А. т. байыркы заманда эле колдонулган. Байыркы славяндарда ал желек деп аталуучу. Аны көтөрүү согушка аттанууну билдирген. А. т. Россияда 15-к-дьщ аягында киргизилген. Кызыл Армиянын бөлүктөрүндө 1918-я?. пайда болгон. СССР Жог. Советинин Президиуму 1942-ж. 21-декабрда Кызыл Армиянын аскердик бөлүктөрүнүн; 1943-ж. 11-июнда Гвардиялык армия м-н Гвардиялык корпустун; 1944-ж. 5-февралда АДФтын бөлүктөрү м-н бирикмелеринин Кызыл Тууларынын жаңы үлгулөрүн ж-а алар ж-дөгү жоболорду бекиткен. Аскердик Кызыл Туу аскердик бөлүк түзүлгөн соң СССР Жог. Советинин Президиумунун атынан Грамота м-н кошо тапшырылат ж-а ал бөлүктө түбөлүк сакталат. А. т. бөлүктүн наамы ж-а номери өзгөрсө да, ошол бөлүктө дайыма кала берет. Эгерде А. т. жоголсо, бөлүк таркатылат да, ал бөлүктүн командири ж-а күнөөлүү адамдар аскер трибуналынын сотуна берилет. Сов. Армиянын бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин А. т. эки Жагы тең кызыл түстөгү кездемеден, каскактан ж-а түпөгү бар боодон турат. А. т-нун бир жак бетинин ортосуна орок ж-а балка, анын жог. ж-а төмөнкү четтерине "Биздин Советтик Родина үчүн!" деген сөздөр түстүү жип м-н, экинчи бетинин дал ортосунда жип м-н жылдыз саймаланып, анын алдына алтын түстүү жибек м-н бөлүктүн номери, наамы жазылат.

АСКЕР ТҮРЛӨРҮНҮН БАШКЫ МАРШАЛЫ - Сов. Куралдуу Күчтөрдөгү аскердик жог. наам. Ал аскер түрлөрүнүн ж-а атайын аскерлердин маршалдарына (артиллериянын, авиациянын, брондуу танк аскерлеринин, инженердик, байланыш аскерлеринин) жекече берилет ж-а Сов. Союз. Маршалы деген наамга барабар; 1943-ж. 9-октябрда киргизилген. Улуу Британиядада авиациянын башкы маршалы деген наам бар.

АСКЕР УКУГУ - куралдуу күчтөрдүн түзүлүш принциптерин ж-а формаларын чыцдоочу, аскер курулушунун турмушун ж-а иш жүргүзүү тартибин, аскер кызматкерлеринин жоопкерчилигин, укуктары м-н милдеттерин аныктоочу, аскердик курулуштагы жалпы эле укуктук мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларынын системасы. А. у-нун таасирлери согуш мезгилинде же согуштук абал жарыяланган жерлерде, согушка эң керектүү эл чарбасынын тармактарына, транспортко, коомдук тартипти сактоо ж-а мамлекеттин коопсуздугун коргоо чөйрөсүнө кеңири таркайт. Аскердик курулушту Жөнгө салуучу закондор укуктун ар кайсы тармактарынын нормаларынан түзүлгөн. Ошону м-н бирге аскер закондору - өз ара тыгыз байланыштуу укук нормаларынын системасы. А. у-нун негизги булактары - СССР Конституциясы, жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк ж-дөгү СССРдин закону (1967-ж. 12-окт.), аскердик турмушту жөнгө салуучу уставдар, СССРдин коргоо министри бекиткен колдонмо, инструкция, эрежелер, аскердик кылмыштар үчүн уголовный жоопкерчилик ж-дөгү закон, Аскер прокуратурасы ж-а Аскердик трибуналдар ж-дөгү жоболор.

АСКЕР-АБА КҮЧТӨРҮ (ААК) - мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн бир түрү. Ал оперативдүү стратегиялык милдеттерди аткарууда өз алдынча да ж-а куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү м-н биримдикте да аракеттенет. Жог. маневрдүүлүгү бар ААК душмандын авиациялык, ракеталык, кургактагы ж-а деңиздеги группировкаларына зыян келтирүүгө, анын тылдагы маанилүү согуш объектилерин кыйратууга жөндөмдүү, кургактагы аскерлердин ж-а Аскер-дециз флотунун операщшларына жардамдаша алат, куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрүнүн таламдарына жараша абадан чалгындоо жүргүзөт, чоң-чоң аба десанттарын курал-жарактары м-н кошо ташып жеткирет. СССРдин ААКы авиациянын 3 түрүнөн турат: ыраакы (стратегиялык), фронттук ж-а аскер-трансп. Деңиз авиациясы ж-а аба чабуулунан коргоочу авиация ошолордун өздөрүнүн составына кирет. ААК өтө бийиктикте ж-а алыска учуучу, үндөн тез ылдамдыктагы ар түрдүү самолеттор, о. эле вертолеттор м-н куралданган. Ири капит. өлкөлөрдүн ААКы стратегиялык, тактикалык ж-а аскер-трансп. авиациядан турат. АКШда булардан сырткары, континент аралык баллистикалык ракеталар бирикмелери ж-а аскердик космос куралдары да бар. АКШ, Улуу Британия, Франция АДФтарынын өзүнчө авиациясы бар. Көп өлкөлөрдүн ААКы уюштуруу жагынан оперативдүү авиац. бирикмелерден ж-а бөлүктөрдөн, тыл м-н байланыштыруучу ж-а радиотех. м-н камсыз кылуучу бөлүктөрдөн турат.

ААКтын тарыхы авиац. техниканын өнүгүшү м-н байланыштуу (к. Авиация). Ири капит. өлкөлөрдө аскердик самолеттор 1909-10-ж. пайда боло баштаган. Россияда самолеттор аскердик максатта 1911-ж. чалгындоо үчүн 1-жолу пайдаланылды, уруш майданында 1912-13-жылдардагы 1-Балкан согушунда колдонулду (Россия анда Болгария тарабында согушкан). 1-дүйн. согуш убагында бомбалоочу ж-а истребитель самолеттору чыгарылып, авиац. бирикмелер (эскадра, бригада) түзүлгөн.

Сов. ААК 1918-ж. курулду. Гражд. согуш мезгилинде түзүлгөн авиаотряддар санынын аздыгына карабастан Кызыл Армиянын жеңиштерине өз үлүшүн кошту. Компартия ж-а Совет өкмөтү авиация ө. ж-ын өркүндөтүү ж-а учкучтарды даярдоо б-ча маанилүү иш-чараларын жүзөгө ашырды. Ошонун натыйжасында сов. ААКтын кубатын арттыруу маселеси чечилди. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде биздин ААК зор кубаттуу күчкө айланды. Алар куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү м-н эришаркак болуп аракеттенип, күрдөлдүү согуш операцияларын жүргүзүүдө маанилүү роль ойноду. Душмандын ири группировкаларын, стратегиялык ө. ж. объектилерин талкалады. Согуштан кийинки мезгилде реактивдүү самолеттор, ракеталар ж. б. куралдар м-н жабдылган сов. ААК жоокердик аракеттер м-н операциялардын бардык түрлөрүнө ийгиликтүү катышууга мүмкүнчүлүк алды.

АЗ.; Советские Военно-Воздушные Силы, в Великой Отечественной войне 1941- 1945 гг., М.", 1968; Военно-воздушные силы, М., 1959.

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ - аскердик учётто турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же- ар түрдүү себеп м-н ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия ж-а флоттун запасындагы 18-50 , жаштагы граждандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия м-н флоттун кадрларында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, о. эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик учетко алынган 19-40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры м-н чыныгы аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.

АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК - аскерге чакырылуучу уландарга чакырылганга чейин берилчү таалим. Муну киргизүү ж-дө 1923-ж. 8-августта БАК ж-а ЭКС атайын декрет кабыл алган. Мындай даярдыкка: аскердик-патриоттук тарбия, тийиштүү программа б-ча башталгыч аскердик даярдык, ушул даярдыктын сапатын көтөрүү, чакырылуучуларга орус тилин үйрөтүү, саламаттыгын чыңдоо чаралары, дене тарбия даярдыгы, спорттук, аскердикприкладдык техниканын түрлөрүн үйрөтүү кирет. Күндүзгү окуу жайларда окубаган уландар аскердик башталгыч даярдыкты ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда ж-а колхоздордо түзүлгөн окуп-үйрөнүү пункттарынан өтүшөт.

АСКЕР-ДЕҢИЗ РЕВОЛЮЦИЯЧЫЛ КОМИТЕТИ (АДРК) Улуу Окт. ревясынын жеңиштерин коргоого флоттун күчтөрүн мобилизациялоо ж-а АДФты башкарууну кайра куруу үчүн В. И. Лениндин демилгеси б-ча 1917-ж. 26-октябрда (8-нояб.) Петроградда түзүлгөн. Ал Петроград ревчыл аскер комитетине баш ийген. 5 (18)-ноябрда комитет кайрадан уюштурулуп, ага чечүүчү добуш м-н "Он кишинин коллегиясы" жетекчилик кылган; кеңеш берүүчү добушка ээ болгон калган мүчөлөрү секцияларга бөлүштүрүлгөн. АДРК агитаторлордун отряддарын ж-а топторун уюштуруп, өлкөнүн түрдүү райондоруна жиберип турган, контррев-чыл подпольеге ж-а саботажга каршы күрөшкөн. Бүткүл росс, аскер флотунун съездинде ББАКтын деңиз секциясы түзүлгөндүктөн, комитет өз милдетин орундаткан катары 1917-ж. 26-ноябрда жоюлган.

АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУ [АДФ, айрым өлкөлөрдө Аскер-деңиз күчтөрү (АДК) деп аталат]-куралдуу күчтөрдүн түрү; ал океандар м-н деңиз дердө жүргүзүлүп жаткан согуш аракеттерин стратегиялык ж-а оперативдик жактан жүзөгө ашырат. АДФ милдеттерин өз бет алдынча ж-а куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү м-н бирге да орундатат. Азыркы учурдагы АДФ душмандын жердеги негизги объектилерин талкалоого, анын флотунун деңиздеги ж-а базалардагы күчтөрүн жок кылууга, кургакта согушкан аскерлерди колдоого, деңиз десанттарын түшүрүүгө ж-а душмандардын деңиз десанттарын түшүрүшүнө каршы аракеттенүүгө, океан, деңиздеги душмандын коммуникацияларын бузууга, өзүнүн деңиздик коммуникацияларын сактоого мүмкүнчүлүгү бар. АДФ согуштук милдеттерин деңиздик операциялар м-н чечет. Сов. АДФ төмөндөгүдөй түрлөрдөн турат: суу астында жүруучу кайыптар, аскер-дециз флотунун авиациясы, суу үстүндө жүрүүчү кемелер, жээктеги ракёта-артилл. аскерлер ж-а деңиз жөө аскерлери. Суу астында жүрүүчү кайыктар ж-а АДФтын авиациясы анын башкы күчү болуп саналат. Суу астында жүрүүчү кайыктар ракеталык ж-а торпедалык, атомдук ж-а дизелдик болуп бөлүнөт. Алар алыска атылуучу ракеталар м-н куралданып, суу астынан атууга ыңгайлуу келип, ядролук же кадимки дүрмөттөрү бар өзү мээлөөчү торпедалар м-н жабдыпат. АДФ авиациясынын карамагында деңизде ракета алып жүрүүчү, суу астындагы Кайыктарга каршы чалгындоочу авиация ж-а атайын дайындалган авиация болот. Аның негизги милдети - душмандын суу астыңда жүрүүчү кайыктарын, суу үстүндө жүрүүчү кемелерин, транспортторун жок кылуу. Суу үстүндө жүрүүчү кемелер душмандын суу астындагы кайыктарын издеп табуу ж-а кыйратуу, суу үстүндөгү кемелери м-н согушуу, жээктерге деңиз десанттарын түшүртпөө, миналарды издөө, аларды зыянсыздандыруу д. у. с. милдеттерди аткарат да, ракеталык, суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы аракеттенүүчү, артиллериялык, торпедалык, десанттык ж. б. класстарга бөлүнөт. Жээктеги ракеталык-артилл. аскерлер өлкөнүн жээктерин ж-а флоттун (фронттун) жээктеги маанилүү объектилерин душмандын деңизден кол салуусунан коргоого дайындалат. Деңиз жөө аскерлери өзүнчө ж-а деңиз десанттарынын составында, кургактагы аскерлер м-н бирге аракеттенет; өзүнүн атайын курал-жарактары ж-а ар түрдүү сүзүп жүрүүчү согуштук техникасы болот. Сов. АДФ уюштурулушу жагынан Түн. ж-а Тынч океан, Кара деңиз ж-а Балтика флотторунан, Каспий флотилиясынан, деңиз авиаңиясынан, деңиз жөө аскерлери м-н жээк артиллериясынан турат. Соц. өлкөлөрдүн АДФы түрдүү максаттагы суу үстүндө жүрүүчү кемелер ден ж-а суу астындагы казыктардын деңиз авиациясы м-н деңиз жөө аскеринин бөлүктөрүнөн турат. АКШнын, Улуу Британияңын, Франциянын АДФы сөкку уруучу, кемелерге каршы аракеттёнүүчү, амфибйялык ж. б. күчтөрдөн турат.

Ав.: Яковлев В. Д.^йбветский Военно-Морской ф.лот, 2 изд., М., 1969; История Вел. Оте4. во'йВЫ Советского Союза 1941- 45, т. 1-6, М., 1963-65; Организация и вооружение армий и флотов капит. государств, 2 изд., М., 1968.

АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУНУН АВИАЦИЯСЫ (АДФА) - Аскер-дециз флотунун деңиздерде, океандарда болуучу согуштарда өз алдынча же флоттун күчтөрүнүн башка түрлөрү м-н, о. эле өлкөнүн абадан кол салууга каршы коргонуу (ПВО), фронтко жакын истребителдик ж-а алыскы жердеги авиациясы м-н өз ара биргелешип күжүрмөн тапшырмаларды аткаруучу маневр дүү негизги күчтөрүнүн бири. Айрым учурларда АДФА деңиз жээктериндеги жөө аскерлерге жардамдашып, деңиз жээктериндеги райондорго десанттар түшүрүүнү камсыз кылат. Уюмдашуусу жагынан АДФА деңизде ракета алып жүрүүчү авиация бөлүктөрүнөн, кайыктарга каршы аскер бөлүктөрүнөн ж-а авиациянын башка түрлөрүнөн турат. Бир катар чет мамлекеттерде деңиз авиациясы АДКтын карамагына-кирет. Россияда флотчм-н .бирге - аракеттенген' авиац. бөлүктөрү 1-oкойу1912-14-JK. Балтика м-н Кара деңиз флотторунда түзүлгөн. 1-дүйн. согуш мезгилинде Кара деңиз флотунда гидросамолеттордун бөлүктөрү аба чалгындоосун жүргүзүүгө катышкан. СССРде регулярдуу деңиз авиац. бөлүктөрү 1918-ж. түзүлүп, Гражд. согушта деңиздерде, дарыяларда болгон салгылашууларда жөө аскерлер, кораблдер м-н бирге аракеттенишкен. 1920-жылдын 2-жарымында деңиз авиациясынын составы чалгынчы, бомбалоочу истребителдик самолеттор м-н толукталат. 1930жылдардын ортосунан баштап, Балтика, Кара деңиз ж-а Тынч океан флотторунда АКК түзүлгөн. 1938- 40-ж. деңиз авиациясы СССРдин Аскер-деңиз флотунун негизги бир бөлүгү болуп калды. Улуу Ата Мек. согуштун алдында АДФА сан ж-а сапат жагынан жогорулап (Тынч океан флотун кошпогондо), анын карамагында 1445 самолет болгон. Согуш жылдарында АДФтын башка күчтөрүнө салыштырганда АДФА душманга 2 эседен көп зыян келтирген. АДФтын 17 авиац. бөлүгү гвардиялык болуп кайрадан түзүлгөн. 241 адамга Сов. Союз. Баатыры деген ардактуу наам берилген (5 учкуч 2 жолу алган). Согуштан кийинки жылдарда АДФА ракета алып жүрүүчү, кемелерге каршы колдонуучу ж-а чалгындоочу самолеттордун эң жаңылары м-н толукталууда.

Ав.: Шугинин А, М., Боевой путь морской авиации, "Морской сборник", 1966, .№ 8, 9, 12.

АСКЕРДИК АНТ -СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган сов. граждандардын салтанаттуу убадасы; Мекенге, элге, Коммунисттик партияга берилгендигин билдирүү. Жоокер Мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз каранды эместигин коргоого, коммунизмдин жеңиши ж-а айкын максаты үчүн ак ниет болууга А. а. берет. Айттын текстин СССР Жог. Советинин Президиуму бекитет. Мамлекеттин аскердик күч-кубатына зыян келтирип, чыккынчылык кылып, А. а-ты бузгандар сов. закондун эң катуу жазасына тартылат. Жаш солдаттар, матростор баштапкы даярдыкты өткөндөн кийин, эки айлык мөөнөт ичинде А. а. беришет. Ант берүү бөлүктүн командиринин жетекчилиги м-н салтанаттуу өткөрүлөт.

АСКЕРДИК БАСМА СӨЗ - негизинен аскер кызматындагы окурмандарга арналган мезгилдүү басма сөз. А. б. с. -куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөрдү саясий, аскердик, маданий жактан тарбиялоонун ж-а аскердик билимди таратуунун эң маанилүү куралы. 1905-07-жылдагы рев-я учурунда болыпевикчил А. б. с. пайда болгон. Ошондогу газета м-н китептерди чыгаруу тажрыйбасы Улуу Окт. соц. рев-ясын даярдоодо пайдаланылды. 1917-ж. өтө кеңири тараган газета "Солдатская правда" (1917-18) болгон. 1918-20-жылдагы Гражд. согуш ж-а чет өлкөлүк интервенция убагында сов. А. б. с. өзүнүн беттеринде согуш маселелерин чагылдыруу м-н бирге соц. Ата Мекенди коргоо ж-дөгү лениндик идеяларды калкка ж-а армияга түшүндүргөн. 1924-ж. борб. аскер газетасы "Красная звезда" чыга баштады. Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде аскердик адтарды басып чыгаруу фронттордогу абалга ылайык кайрадан түзүлгөн. СССРде 15 борб. аскердик журнал (1971) чыгарылат, алардын ичинде аскердик-саясий ж-а адабий-көркөм "Коммунист Вооруженных Сил", "Советское военное обозрение" (англ. ж-а франц. тилдеринде), "Старшинасержант", "Советский воин" ж-а булардан башка да округдук ж-а флоттук газеталар да чыгарылат.

АСКЕРДИК ВЕТЕРИНАРИЯ КЫЗМАТЫ - Сов. Армиянын малдуу, унаалуу, көлүктүү бөлүктөрүндө вет. ишин жүргүзчү атайын кызмат. Мунун милдети: армиянын кошундарылда, бөлүктөрүндө унааны, малды, сакчы, койчу иттерди ылаңдан сактоо ж-а алардын ылаңдаганын, жарадар болгондорун айыктыруу.

АСКЕРДИК ГИГИЕНА - гигиенанын бир тармагы. Организмге түрдүү терс таасир тийгизүүчү шарттарды изилдөө, аскер ж-а аскер-деңиз кызматындагылардын ден соолугун чыңдоо м-н согушка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жолун иштеп чыгат ж-а санитардык жактан тейлөөнү камсыз кылат. А. г. аскерлердин турмуш шартын, жайгашуусун, ичүүчү суусун, тамак-ашын ж-а согуш техникасынын, курал-жарактардын аларга тийгизген таасирин изилдеп, оорулардын ж-а кокустуктардын алдын ала эскертүү чараларын так колдонууну талап кылат. Азыр ядролук, хим. ж-а бактериялык курал-жарактар жасоо, аны колдонуу коркунучу турганда, алардан коргонуу үчүн жасалган жайлардын санитардык талабын А. г. иштеп чыгарат.

АСКЕРДИК ЖАШЫРУУН СЫРЛАР1) аскер ишине тиешелүү мамл. чоң маанидеги маалыматтарды сактоо эрежелери; 2) мамлекет тарабынан атайлап жашыруун сактала турган аскер ишине тиешелүү маалыматтар. Укук регламентациялоо жагынан А. ж. с-ды белгилүү бир тартипте кармоо укугу мамл. жашыруун сырларды сактоо максатында белгиленген жалпы жоболорго негизделет ж-а аскердик закон чыгаруунун атайын нормалары м-н аныкталат.

АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР - аскер кызматында жүргөндөрдүн же аскер окуу жайында окугандардын аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. А. к. атайын закондо ж-а Кыргыз ССР УКнын тиешелүү статьяларында көрсөтүлгөн. Аскер тартибин бузуу, аскерде кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу ж-а жоготуу, кароолчулук кызматтын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу, колго түшкөн туткундарга мамиле кылуу тартибин, о. эле чек аралык кызматты аткаруу эрежелерин сактабоо өңдүү кылмыштар А. к-га кирет. А. к. үчүн тийиштүү жазалар белгиленип, оор кылмыштар үчүн кээде өлүм жазасы берилет.

АСКЕРДИК МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТ - СССР Куралдуу Күчтөрүнүн атайын кызматтарынын бири. Аскер кызматкерлеринин ден соолугун сактоону, аларды мед. жактан системалуу тейлөөнү жүзөгө ашырат. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; аскер кызматкерлеринин күжүрмөн ж-а атайын даярдыктан өтүүлөрүн уюштурат; мед. 1-жардам көрсөтүүнүн ыктарын ж. б. үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. Ac. м. к. полктун мед. пунктунан баштап уюштурулат. Полктордун ж-а дивизиянын составына кирген айрым бөлүктөрдүн мед. күчтөрү ж-а каражаттары дивизиянын Ac. м. к-ты түзөт. - Дивизияда мед.-сан. батальон же лазарет иштейт. Ac. м. к-тын стационардык мекемелеринин тармактары, поликлиникалары, дем алуу үйлөрү ж. б. болот. Анын жалпы ишине СССР коргоо мин-восунун Борб. аскердик-мед. башкармасы жетекчилик кылат.

АСКЕРДИК МУЗЫКА - атайын аскер темасында жазылган ар түрдүү жанрдагы муз. чыгармалар. А. муз. кызматтык машыгуулар өткөрүлгөндө, согуштук аракеттерге ж-а аскердик официалдуу салтанатка (парад) арналып аткарылат. Соц. өлкөлөрдө А. муз. жалпы муз. иск-во м-н тыгыз байланышта өнүгүп, элдин патриоттук демилгесин, аскерлердин каармандыгын, эрдигин чагылдырат ж-а даңазалайт. А. муз. оркестр же айрым аткаруучулар, ансамблдер (сурнайчылар ж. б.) тарабынан аткарылат. А. муз-га аспаптык чыг-лардан башка аскердик хорлор да кирет. А. муз-нын башкы жанры - марш, к. Марш.

АСКЕРДИК НААМДАР кызмат абалына, сиңирген эмгегине, атайын ж-а аскердик даярдыгына, аскерлердин тигил же бул түрүнө же аткарган кызматына ылайык армиянын ж-а флоттун эскер кызматчыларынын ар бирине жекече берилет. Азыркы кезде СССР Куралдуу Күчтөрүндө аскер кызматын өтөп жаткандарга эрежеге ылайык төмөндөгү А. н. берилет:

Старшина, мичманга чейинки наамды аскер округунун (флотунун) командиринин буйругу м-н; кенже ж-а старший офицердик наамды СССР Коргоо министринин, аскер түрлөрүнүн башкы командачысынын буйругу м-н, генерал ж-а адмирал наамдарын СССР Мин. Советинин чечими б-ча; Сов. Союз. Генералиссимусу, Сов. Союз. Маршалы м-н Сов. Союз. Флот Адмиралы, аскер түрлөрүнүн маршалы м-н Башкы маршалы, армиянын генералы деген наамдар СССР Жог. Советинин Президиумунун Указы б-ча берилет.

АСКЕРДИК ОКУУ ЖАЙЛАР куралдуу күчтөрдүн бардык түрлөрү үчүн командирлерди, саясий, инженер-техникалык ж-а атайын кадрларды даярдайт. СССРдеги А. о. ж-га аскердик академиялар, аскердик жогорку ж-а орто окуу жайлары, гражд. жогорку окуу жайлардагы аскердик ф-тет кирет; армия м-н флоттун составындагы офицерлерди даярдоочу же кайра даярдоочу курстар да болот. Россияда 18-к-дын аягында жогорку А. о. ж. академиялар түрүндө уюштурулган. СССРде А. о. ж-нын пайда болушу сов. куралдуу күчтөрдүн түзүлүшү м-н өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу. Өлкөбүздүн аскердик академияларына тиешелүү адистик берүүчү А. о. ж-ын бүтүргөн ж-а аскер бөлүктөрүндө белгиленген, жумуш стажысын өтөгөн офицерлер кабыл алынат. Аскердик жогорку окуу жайларынын башка түрлөрүнө армияда ж-а флотто кызматын өтөп жүргөндөр м-н аскерде эмес граждандар да киришет. Гражд. жогорку окуу жайларынын аскердик ф-теттерин бүтүргөндөр аскердик жогорку атайын билим м-н бирге тиешелүү адистик да алат. Аскердик атайын орто окуу жайларына 23 жашка чейинки ыктыярдуулар алынат. А. о. ж-ын бүтүргөндөргө жогорку же орто аскердик билим алганы ж-дө жалпы союздук үлгүдөгү дипломдор ж-а төшкө тагынчу белгилер тапшырылат да, офицердик наам (мурун албагандарга) берилет.

АСКЕРДИК ПСИХОЛОГИЯ - психология илиминин тармагы. Аскер турмушунун шарттарындагы адамдын жүрүш-турушун, аскер башкаруудагы аракеттерин, аскердик тарбиянын ж-а окутуунун психол. жактарын, "психол. согуштун" методдорун ж. б. изилдейт. Согуштун татаал шарттарында абалды ж-а ошол абалда эрк аракеттери м-н ойлонуу операцияларынын жүзөгө ашырылышына тийгизген таасирин үйрөнүүнүн А. п. үчүн чоң мааниси бар. Согуш техникасы улам татаалданган сайын, аны башкаруудагы адамдын факторлорун изилдеп билүү чоң роль ойноп жатат. Бул болсо А. п-ны инженердик психологияга жакындаштырат. А. п. атайын иллмдин тармагы катары 1-дүйн. согуштун алдында бөлүнүп чыккан, ал эми 2-дүйн. согуштан кийин айрыкча өнүктү.

АСКЕРДИК СОВЕТ - СССР Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүндө, аскер округдарында (флоттордо), аскердик группаларда жетекчиликтин коллективдүү органы. Булардын командачысы А. с-тин пред-ли болуп саналат. Респ-канын компартиясынын, партиянын обкомунун, крайкомунун секретарлары, командачынын 1-орун басары, штабдын начальниги ж. б. ага мүчө болуп кирет. 1918-ж. 13-июнда ЭКСтин токтомунун негизинде ревчыл А. с. (РВС) болуп түзүлгөн. Согуш жүрүп жаткан жерде аларга мамл. бийлик органдарынын бардык функциясы берилет.

АСКЕРДИК ТАЛАА ТЕРАПИЯСЫ - аскер медицинасынын бир тармагы. Аскер кызматкерлеринде учуроочу оорулууларды дарылайт. Анын негизги милдети: согуш шартында ички оорунун себептерин, белгилерин, өзгөрүүлөрүн, жарадар болуунун дартка тийгизген таасирин байкап, алдын ала өз убагында дарылоо. Мед. эвакуациянын этаптарында көрсөтүлүүчү терапиялык жардам согуш шартына, мед. эвакуация этаптарынын жайлануу өзгөчөлүктөрүнө, ага түшкөн оорулардын түрүнө ж-а санына, аба ырайына, врачтардын квалификациясына байланыштуу болот.

АСКЕРДИК ТАЛАА ХИРУРГИЯСЫ- аскер согуш иштеринин түрдүү шарттарында жараатты ж-а анын клиникалык жүрүшүн изилдөөчү, жарадарларды дарылоону уюштуруучу аскердик медицина тармагы. Мед. этаптарда дарылоо жарадарларды эвакуация (жөнөтүү) аракеттери м-н айкалыш жүргүзүлөт. Жарадар согуш талаасында 1-мед. жардам алат. Башталган дарылоо кийинки этаптарда үзгүлтүксүз улантылат. Согуш жүрүп жатканда, хирургиялык жардам берүү кыйындайт. А. т. х-да дарылоо аракеттерине караганда уюштуруу маселелери чоң мааниге ээ. Ата Мекенибиздин А. т. х-на орус хирургу Н. И. Пирогов негиз салган. А. т. х. өзүнчө өзгөчөлүгү болсо да, өз өсүшүнө жалпы медицинанын ж-а хирургиянын жетишкендиктерин кеңири пайдаланат, к. Аскердик медициналык кызмат.

АСКЕРДИК УРМАТТОО - аскер кызматындагылар ж-а аскер бөлүктөрү тарабынан урмат (сый) көрсөтүү. СССРде А. у. СССР Жог. Советинин Президиумунун Пред-ли, СССР Мин. Советинин Пред-ли, Сов. Союзунун Генералиссимусу, СССР Коргоо Министри, Сов. Союз. Маршалдары, Сов. Союз. Флот Адмиралдары, о. эле гарнизон турган терр-ядагы респ-канын Жог. Советинин Президиумунун Предли ж-а Мин. Советинин Пред-ли м-н жолукканда көрсөтүлөт; А. у. чет мамлекеттердин өкүлдөрүн тосууда ж-а жөнөтүүдө, Мекенибизге эмгеги сиңген адамдарды акыркы сапарга узатууда уюштурулат. А. у-ну көрсөтүү үчүн взводдон ротага чейинки бөлүкчөлөрдөгү жоокерлердин баары Ардактуу кароолго дайындалат. Ардактуу кароол жалаң офицерлерден ж-а сержанттардан да түзүлүшү мүмкүн.

АСКЕРДИК УСТАВДАР - аскер (флот) бөлүктөрүнүн ж-а бөлүкчөлөрүнүн уруш майданындагы максаттарын, милдеттерин, аларды колдонуу жолдорун ж-а принциптерин аныктоочу, о. эле аскер кызматкерлеринин милдеттерин, өз ара мамилелерин, жалпы аскердик турмуш ж-а тиричилик, кызмат өтөө тартиптерин аныктоочу офиц. жетекчи документтердин жыйындысы. Куралдуу күрөштүн жаңы каражаттарынын пайда болушуна, күчүндө турган уставдарды колдонуу тажрыйбасынын көбөйүшүнө ж-а аскерлердин жоокерлик даярдыгына талаптардын күчөшүнө жараша А. у. жаңыланып турат. Алгачкы орус А. у. 16-18-к-да пайда болгон. Сов. Куралдуу Күчтөрдүн А. у-ын иштеп чыгууга Гражд. согуш жылдарында негиз салынган. 1924-25-ж. Ички кызматтын убактылуу уставы, Гарнизондук кызматтын убактылуу уставы, Кораблдик кызматтын уставы ж. б. түзүлгөн. Андан кийинки жылдарда Жөө аскерлердин жоокерлик уставы, ЖДКА артиллериясынын жоокерлик уставы д. у. с. күчүнө кирген. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында Жөө аскерлердин жоокердик уставы (1-2бөлүк, 1942), Бронетанкалуу ж-а механикалаштырылган аскерлердин жоокердик уставы (1-бөлүк, 1944), Артиллериянын жоокердик уставы (1938), Зенит артиллериясынын жоокердик уставы (1941-44)., Атчан аскерлердин жоокердик уставы (1-бөлүк, 1944) колдонулган. Коюлган милдеттерине жараша А. у. негизинен жалпы аскердик (жалпы аскердик уруштун негиздерин аныктайт) ж-а жалпы жоокерлик (булардын жоболору Куралдуу Күчтөрдүн бардык бөлүктөрүндө ж-а бөлүкчөлөрүндө кызмат өтөгөндөргө бирдей даражада тиешелүү) болуп бөлүнөт. Мындан башка аскер түрлөрүнүн уставдары да бар. Чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө да тиешелүү А. у. колдонулат.

АСКЕРДИК ЭПИДЕМИОЛОГИЯ - аскер шартында учуроочу эпидемиялык ооруларга каршы чара көрүүчү эпидемиология илиминин бөлүгү. А. э. аскер коллективиндеги өзгөчө шартка байланыштуу эпидемиялык оорулардын пайда болуу ж-а таралуу себептерин изилдеп, аларга каршы чараларды иштеп чыгат. А. э-нын өзгөчө методдоруна аскерлер жайгашкан ж-а согуш жүрүп жаткан терр-ялардагы сан.-эпидемиялык чалгындоолор м-н байкоолор кирет. Согуш мезгилинде аскердик бөлүктөрдүн тез-тез орун которуп, шартынын өзгөрүшү, эпидемиянын калдыктары бар райондордо аргасыздан туруп калышы, аскерлердин бири бири м-н дайыма аралашып турушу, бир жерден жалпы тамактанышты жугуштуу эпидемиялык оорулардын таралып! коркунучун туудурат. Азыркы кездеги А. э-нын жетишкен ийгиликтери ар кандай татаал шарттарга карабастан, жугуштуу эпидемиялык оорулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК ЭКСПЕРТИЗА - СССР Куралдуу Күчтөрүнө дене түзүлүшү ж-а акыл-эси жагынан толук жарамдуу кадрларды тандоочу, алардын ден соолугуна көз салуучу аскердик медицинанын бир бөлүгү. А.-в. э. аскерге милдеттүүлөр м-н аскер кызматындагыларды мед. жактан текшерип, согушка ж-а аскердик кызматка жарамдуулугун аныктоо, аларды аскердик бөлүктөргө бөлүүгө катышуу, дарылоо мекемелеринде жаткандардын саламаттыгын текшерип, жараксыздарды бошотуп, жарактууларынын ден соолугун чыңдоо иштерин жүргүзөт. А.-в. э-нын иши Сов. Армиянын аскердик мед. системасына баш иет.

АСКЕРЛЕРДИН БИРГЕЛЕШИП АРАКЕТТЕНҮҮСҮ - жалпы бир максатка жетүү үчүн урушка катышкан куралдуу күчтөрдүн түрлөрүнүн, аскер бирикмелеринин, курамаларынын убакыты, чек аралары ж-а багыттары б-ча макулдашып жүргүзгөн жоокердик аракети. А. б. а-нүн зарылчылыгы армия м-н кошо чыккан. Согуш куралдарынын өркүндөтүлгөндүгүнөн, аскердин жаңы түрлөрүнүн пайда болгондугунан (жөө аскер, атчан аскер, артиллерия ж. б.), армияны уюштуруу структурасы м-н жоокердик даярдыктарынын жакшыртылышынан улам А. б. а-нүн мааниси жогорулайт. Алгачкы А. б. а. согуш жүрүп жаткан аймак м-н гана чектелген. 1914-18-жылдагы 1-дүйн. Согушта авиациянын, танканын, аскердин башка жаңы түрлөрүнүн ж-а байланыштын тех. каражатынын пайда болуусу м-н куралдуу күрөш жүргүзүлгөн аймак кеңейип, ири стратегиялык операцияларды чечүү үчүн бүткүл согуштун жүрүшүндө куралдуу күчтөрдүн бир канча түрлөрү м-н оперативдик бирикмелер (армиялар, армиялар группасы, фронттор) ортосундагы биргелешип аракеттенүү зарылдыгы туулду. Азыркы кезде ар кандай согушка катышуучу бардык күчтөрдүн биргелешкен аракети гана жеңишти камсыз кылышы мүмкүн.

АСКЕРЛЕРДИН СУУДАН ӨТҮШҮ - согуш убагында душман коргоп турган дарыядан, каналдан, деңиз кысыктарынан аскердин өтүшү. Өтүү каражаттарынын ж-а өтүүнун мүнөзүнө жараша А. с. ө-нүн 3 түрү болот: 1) десанттык түрү -мында алдыңкы бөлүкчөлөр, курал-жарактары, техникасы м-н сууда сүзүүчү автомобилдер, бронетранспортерлор, танкалар, моторлуу кайыктар, пароходдор, кайыктар, убагында жасалып салынган салдар ж. б. аркылуу өткөрүлөт; 2) паромдук түрү - танкаларды, автомобилдерди ж. б. согуш техникасын паромдорго жүктөп өткөрөт; 3) көпүрөлүк түрү - аскер колонналарга курал-жарактары ж-а техникасы м-н көпүрөлөр аркылуу өткөрөт. Аскерлердин суудан өтөөр жерлери тийиштүү даражада жабдылат ж-а билинбегендей жашырылат. Суудан өтүү убагында аскерлер душмандын ар кандай кол салуусунан корголот. Улуу Ата Мек. согуштун (1941-45) убагында А. с. ө-нүн бардык түрлөрүн Сов. Армия ийгиликтүү колдонду.

АСКЕТИЗМ (гр. asketes - көнүгүү) - материалдык дүйнөнү жерүүчүлүк, турмуш жыргалчылыктарынан баш тартып, такыбаа жашоо, сопучулук. А. эзүүгө, адилетсиздикке, мүлктүн ж-а саясий теңсиздикке каршы социалдык нааразылык катарында чыккан. Бирок А. эмгекчилерди социалдык теңсиздикке каршы күрөшкө үндөбөстөн, ал күрөштөн алагды кылып, мүңкүрөөгө, жалган ишенимдерге берилүүгө, өз турмушуна ж-а айлана-чөйрөсүнө кайдыгер мамиле кылууга чакырган. Эмгекчилердин материалдык ж-а духовный талаптарын толук канааттандыруу милдетин койгон коммунисттик коомго А. жат.

АСКОРБИН КИСЛОТАСЫ, С витамин и (С6Н80б) - сууда эрий турган түссүз кристалл. Мол. салм. 176,13. Жашылчаларда, мөмө-жеыиштерде, ит мурундун ашында, көк жаңгакта, карагана, калемпирде, гүлдүү капустада ж-а аш көктө, малдын сүтүндө бир кыйла өлчөмдө болот. А. к. негизинен синтездөө жолу м-н глюкозадан алынат. С витамининин жоктугуна байланыштуу пайда болгон цинга оорусун алдын алуу ж-а дарылоо үчүн колдонулат, к. Витаминдер.

АСКОХИТОЗ - өсүмдүк илдети. А-дон айрыкча зыгыр, буурчак өсүмдүктөрү, мөмө дарагы көп зыян тартат. Илдетке чалдыккан өсүмдүктө ар түрдүү так пайда болуп, жалбырагы куурайт, ал эми буурчак өсүмдүктөрүнүн сабагы сынат. А. илдетке чалдыккан үрөн ж-а өсүмдүк аркылуу таралат. А-го каршы күрөшүү чаралары: которуштуруп айдоо системасын туура жүргүзүү; тез бышып жетилүүчү ж-а туруктуу сортторду тандоо, үрөндү дарылап, эрте жазда себүү, түшүмдү өз убагында жыйноо, өсүмдүк калдыгын жок кылуу; тоңдурма айдоо ж. б.

АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР (курулуш механикасында) - негизги элементтери чоюп көрүүчү гана күчтөрдү кабыл алуучу курулуш конструкциялары. Ал элементтер болот сым аркан, чынжыр сым, сым тор ж-а калдыркандан жасалат. А. к. аз каражат жумшалып, оңой курулуучу жеңил конструкцияларды тургузууга мүмкүндүк берет. Көпүрөлөрдү салууда, кенен имараттарды жабууда мейкиндик вант системалары, катуу калдыркан ж-а серпилме жука конструкциялар көбүрөөк колдонулат. Мей

киндик вант системасынын түрлөрү көп (к. сүрөт). Ал көбүнчө кайчылашкан сым аркандан түзүлгөн тордоп турат. Катуу калдыркандын жүк көтөргүч негизги элементтери - кайчылаш салынган болот аркандар. КуРУУ убагында тордун үстүнө бетон же темир-бетон плиталары жабылып, алардын жиктерине бетон, цемент эритмелери куюлуп бекитилет. Серпилме конструкциялар көбүнчө калдыркан элементтерден же кендир таардан жасалат. Бийик түркүктөр аркылуу капчыгайдан же дарыядан өткөрүлгөн ийилме түтүктөр да А. к-дын түрүнө кирет. Мында көрүүчү күчтөр болот тордун аркандары бекитилген темир-бетон алкактарга, түркүктөрдүн үстүнө коюлган шакектерге берилет.

АСМА КӨПҮРӨ - көрүүчү күч келе турган негизги конструкциям.! ийилчээк элементтерден (кабель, сым аркан, чынжыр ж. б.) курулган ж-а транспорт өтө турган бөлүгү ага асылып тургузулган көпүрө. Азыркы А. к-лөрдө бекемд. 2-2,5 Гн{м2 (200-250 кгк/мм2) келген өтө бекем болоттон жасалган сым кабель ж-а сым аркан кеңири пайдаланылат да, жээктердеги түркүктөрдүн анкер бекиткичтерине бекитилет. Көпүрөгө күч келгенде, ал ийилчээк элементтер деформацияланып, өтө ийилип, салаңдап калбасын үчүн көпүрөнүн транспорт өтүүчү бөлүгү-нө узун устундар же катуу ферма орнотулат. Автомобиль жүрө турган А. к-лөрдү курууда, негизинен, асма системалар пайдаланылат.

АСМА МАШИНАЛАР - тракторго же өзү жүрүүчү шассиге орнотулуп, гидравликалык механизмдин же башка жасалгалардын жардамы м-н башкарылуучу а. ч. машиналары. Алар чиркелме машиналарга караганда ЗОБОЛО жеңил ж-а кичине, оңой башкарылат, өндүрүмдүүлүгү жогору. Толук ж-а жарым асма болуп бөлүнөт. СССРде 30-жылдарда жасала баштап, кийин тракторлордун атайын гидравликалык системасы түзүглгөндө, көп чыгарылды. АКШ, Канада, Англия, ГФР, Франция, Чехословакия ж. б. өлкөлөрдө да кеңири пайдаланылууда.

АСМА СЫМ АРКАН ЖОЛ -бийик түркүктөргө (жер бетинен өйдө) жүк тартуучу сым арканы тартылган асма жол. Тартылган аркандын саны б-ча эки ж-а бир аркандуу, пайдалануу мүнөзүнө ж-а арналышына жараша жүк ж-а жүргүнчүлөр ташылуучу, стационардуу ж-а көчүрүлмө болуп айырмаланат. Вагонеткалардын кыймылына карата айланма ж-а маятниктүү кыймылдуу А. с. а. ж-дор курулат. Айланма жолдо жүк салынган ж-а бош вагонеткалар бөлөк-бөлөк асма жол м-н жүрөт, маятниктүү жолдо бир эле вагонетка жолдун аягына жетип кайра келет. Эки аркандуу айланма жолдо станциялардын ортосуна (к. сүрөт) эки аркан (1) тартылып, анын бирөөндө жүк салынган, экинчисинде бош вагонеткалар (2) жүрөт. Станциялардын аралыгында аркандар түркүк (3) м-н тирелет да, станцияга келгенде, вагонетка асма рельс (4) жолуна өтөт. Вагонеткалар жылдырылма (тарткыч) аркан (6) м-н жылдырылып, акыркы станцияга жеткенде, ал аркан кыймылга келтиргич (7) ж-а тарткыч (8) блоктордон айланып өтөт. Атайын илиништиргич түзүлүштөр аркылуу вагонеткалар автоматтык түрдө жерге түшүрүлөт ж-а кайра илинет. А. с. а. ж. эл чарбасынын көп тармагында, айрыкча тоолуу р-ндордо кеңири колдонулат.

АСМАН ГЛОБУСУ - асман сферасынын планета ж-а диффузия тумандуулуктарынын, жылдыз топтолуштарынын, метеор агымдарынын радианттарын, галактикалардын координаталарын аныктоого арналган шар формасындагы модели, к. Асман координаталары.

АСМАН КЕҢДИГИ, к. Кеңдик.

АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫ - жарык чыгаруучу л а р д ы н ж-а жардамчы чекиттердин асман сферасывдагы абалын аныктоочу сандар. Сферада координаталар жаалар же аларга тиегаелүу борб. бурчтар аркылуу аныкталат. А. к-нын системалары асман сферасынын чоң тегереги м-н берилип, анда эсептөөнүн баштапкы чекити көрсөтүлөт. Сфералык координаталардын горизонталдык ж-а экватордук системалары көбүрөөк колдонулат. Горизонталдык системада негизги тегерек катарында - матем. жө чыныгы горизонт (SWNE); уюл катарында байкоочу орундун зенити z пайдаланылат (1-еүрөт). Асман сферасындагы М чекитинин координатасы болуп азимут А ж-а бийиктик п, көп учурда бийиктиктин ордуна зөнит аралыгы (z = 90° - h) алынат, Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору (QYQ1)' уюп катары дүйн. уюл Р алынат (2гсүрөт). Экватордук системада координаталардын бири болуп жантаюу б саналат. 6 асман экваторунан жарык чыгаруучуга чейин жантаюу тегеретип бойлото өлчөнөт. Жантаюу асмандын түн. жарым шарында- оң, туш. жарым шарында терс мааниге ээ. Кээде жантаюунун ордуна уюлдук аралык Р = 90° - S, 2-коордипатасы болуп сааттык бурч t алынат; t - уюлдук бурч же ага тиешелүү болгон экватордун жаасы. Сааттык бурч меридиандын түш. бөлүгүнөн батышты карай өлчөнүп, убакытты эсептөөдө колдонулат (360°= 24 с). Жылдыз карталарын түзүүдө 1-координата иретинде жантаюу ifi, 2-болуп түз чыгыш а алынат, а экватордун жазгы кун тун теңелуу чекитинен жарык чыгаруучунун жантаюу тегерегине чейинки (2-сүрөт) жаасы б-ча алынат да, батыштан чыгышты карай, б. а. саат жебесине тескери багытта өлчөнөт.

АСМАН МЕРИДИАНЫ - дүйнө уюлу ж-а байкоо жүргүзүлүүчү орундагы зенит аркылуу өтүүчү асман сферасынын чоң тегереги. Анын тегиздиги байкоо жүргүзүлүүчү орундун геогр. меридианьшын тегиздиги м-н дал келип, матем. горизонтту түш. ж-а түн. чекиттеринен кесип өтөт.

АСМАН МЕХАНИКАСЫ-астрономиянын космос телолорунун өз ара тартышуу күчтөрүнүн натыйжасындагы кыймылын үйрөтүүчү бөлүмү. Дүйнөнүн геоборб. системасы үстөмдүк кылган доордо (16-к-га чейин) астрономияда планеталардын көрүнгөн кыймылы каралса, Н. Коперник ачкан дүйнөнүн гелиоборб. системасы Күн системасындагы телолордун чыныгы закондорун үйрөнүүгө мүмкүндүк берди. И. Кеплер бул мүмкүндүктү пайдаланып, планеталардын кыймылынын эмпирикалык законун ачкан. И. Ньютон ачкан бүткүл дүйн. тартылуу закону А. мех-нын илим катарында өнүгүшүн кеңейтип, П. Лаплас 1798-ж. чыккан "Асман механикасы жөнүндө трактат" деген эмгегинде А. мех-нын ил. маанисин көрсөтүп, А. мех. ден атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-к-да К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар м-н кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймылынын теориясын үйрөнүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылын үйрөнүүнүн атайын методу бар. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор м-н салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. А. мех-да Жер м-н Айдын кыймылы да изилденет. 20-к-да амер. астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачты. Гравитация теориясынын негизинде Уран планетасынын кыймыл закондуулугун изилдөө Нептун (1846) ж-а Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келди. А. мех жылдыздар м-н жылдыздар системасынын кыймылын салыштырып, алардын жылдыз гастрономиясы м-н катуу, суюк, газ түрүндөгү сырткы катмарынын деформациясын үйрөтүүчү геофизика м-н байланышат. А. Эйнштейндин салыштырма теориясынын ачылышына байланыштуу телолордун кыймылын үйрөнүүгө жаңы тармак - релятивисттик А. мех. өнүктү. Ал жасалма асман телолорун (Жердин спутниктерин, космос кемелерин ж. б.) билүүдө ж-а алардын кыймылын үйрөнүүдө чоң ролду ойнойт. А. мех. б-ча СССР ИАнын Теориялык астрон. ин-тунда маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Ад.: Дубошин Г. Н., Небесная механика, 2 изд., М., 1968; С м а р т У. М., Небесная механика, пер. с англ., М., 1965.

АСМАН ПАРАЛЛЕЛИ - тегиздиги асман экваторунун тегиздигине параллель болгон асман сферасынын кичине тегереги; асман сферасынын чекиттеринин (дүйнөнүн уюлдарынан башка) дүйнө отунун айланасындагы суткалык айланышынын натыйжасында өткөн жолу.

АСМАН СФЕРАСЫ - сфералык ж-а практикалык астрономиянын ар кандай маселелерин чечүүнү жеңилдетүүчү эркин түрдө алынган сфера. Асман объектилери А. с-на нроекцияланат да, геом. катыштарды жөнөкөйлөштүрүү үчүн анын радиусу бирге барабар деп алынат. А. с. б-ча асман объектилеринин жайланыштарын, көзгө көрүнгөн кыймылдарын үйрөнүүдө негизги чекиттер ж-а сызыктар, асман координаталарынын системасы колдонулат. А. с-нын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш суткалык параллель деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайланышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу ж-а батуучу, чыкпоочу ж-а чыгуучу болуп бөлүнөт.

АСМАН ТЕЛОЛОРУНУН ОРБИТАСЫ -планеталардын, алардын спутниктеринин, кометалардын ж. б. асман телолорунун кыймыл жолдору. Ал кыймылда болгон телонун жүргөн жолун, кыймыл законун ж-а асман телолорунун ар кандай убакыттагы абалын аныктоого мүмкүндүк берет. А. т. о. Кеплердин закону б-ча аныкталат.

АСМАН ТЕЛОЛОРУНУН ТЕРМЕЛИШИ - өзгөрмө жылдыздардын тышкы катмарынын жылтылдоосунан келип чыккан пульсация термелүүсүндө пайда болуучу кубулуш. Өзгөрмө жылдыздар пульсация жылдыздары деп да аталат. Фотосфералык бети радиус б-ча термелүүгө катышып, көлөмү бирде чоңоюп, бирде кичирейип тургандыктан, алардын Жылтылдоосу ж-а нурлук ылдамдыгы термелүү абалында болуп турат. Мис, Жылдыз кысылганда нурдун ылдамдык оң мааниге, кеңейгенде терс мааниге ээ болот. Мындай жылдыздардын бири б-Цефейдин термелүү мезгили 1 суткадан 60 суткага, р-Цефейдики 3 сааттан 6 саатка чейин созулат. Термелүүсү жылдыздардын көпчүлүгү цефеид өзгөрмө жылдыздар системасына кирет. Мындай термелүүлөр цефеидден башка жылдыздар системасында да болуп турат.

АСМАН УЮЛУ, к. Алтын казык.

АСМАН УЗУНДУГУ, к. Узундук.

АСМАН ЭКВАТОРУ - бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган асман сферасынын чоң тегереги. А. э-нун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш ж-а горизонттун тегиздигине 90°-<р бурч м-н жатайган, мында ф ошол жердин кеңдиги. А. э. асман сферасын түн. ж-а түш. жарым шарга бөлөт. А. э-н матем. горизонт чыг. ж-а бат. чекиттеринде кесип өтөт.

АСПАП - иштетилүүчү буюмдун формасын талапка ылайыктап өзгөртүү үчүн колдонулуучу эмгек куралы же машинанын аткаруучу механизми. А-тын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: 1) кесүүчү (кескич, бургу, фреза ж. б.); 2) басым астында иштетүүчү (штамп ж. б.); 3) чарыктоочу (чарык таш, кайрак таш, бүлөө ж. б.); 4) усталык (балка, кычкач, өгөө, тешкич Ж. б.);' 5) ченөөчү (штангенциркуль, сызгыч, индикатор, микрометр Ж. б.); 6) бекитүүчү (кыскыч, бекитуучу патрон, цанга ж. б.). Техниканын башка тармактарында ар түрдүү өлчөөлөр, медицина м-н ветерйнарияда хирургиялык операциялар үчүн колдонулуучу приборлор м-н түзүлүштөр да А. деп аталат. Кырг-нда кесүүчү, өлчөөчү А-тарды ^ж-а приборлорду жасап чыгаруучу * атайын өндүрүш тармактары ("Бургу", "Айнур", прибор з-ддору, А-тар конструктордук бюросу) түзүлгөн.

АСПАП ӨНӨР ЖАЙЫ - машина куруу ө. ж-нын бир тармагы. Ал металл кескич, өлчөө курал-жабдыгы, кыпчуур, аткуур, өгөө ж. б. жабдууларды чыгарат. Аспап чыгаруу металл иштетүү,- өзгөчө станок куруу ө. ж-нын өнүгүшү м-н бирге Өстү. Россияда негизинен кол аспаптары: өгөө, балка, көзөөч, ат тиш ж. б. жөнөкөй жол м-н даярдалып, кесүү, өлчөө аспаптары чет елкөлөрдөн сатылып алынуучу. Алгачкы аспап з-ду 1916-ж. Миасс ш-да курулат. А. ө. ж. Совет бийлигинин тушунда өркүндөп, бир канча завод пайдаланууга берилди (мис, 1-беш жылдыкта эле эки ири: "Фрезер" ж-а "Калибр" з-ддору). 1935-ж. Фрунзеде металл иштетүүчү алгачкы завод курулгандан кийин, Кырг-нда да: А. - ө. ж. өнүгө баштайт. Азыр металл иштетүү, машина жасоо шпканаларында аспап пехтери ж-а көзөөч аспаптарын чыгаруучу завод бар.

АСПАПТАШТЫРУУ (инструментовка) - муз. чыгарманы (симф., үйлөмө, эл аспаптары ж. б.) оркестрдин тигил жө бул аспаптын тобу, ТҮРДҮҮ камералык ансамблдердин (квартет, трио) аспаптары үчүн жазуу. А. өнөрү композиторлор тарабынан оркестрге кирген * аспаптардын өзгөчөлүгүн эске алуу м-н муз. чыгнын идеялык-эмоциялуу мазмунун таасирдүү чагылдыруу максатында пайдаланылат. А. иск-восу 17-18-к-да өнүгөт. Буга Ф. Листтин "Венгр рапсодиясын", К. Орозов атн. эл аспаптар оркестрине түшүрүлгөн Огинскийдин "Полонези" мисал болот. А. өнөрү окуу программасы б-ча муз. окуу жайлары м-н консерваторияларда атайын сабак катары окулат.

АСПАПТЫК БОЛОТ -ар түрдүү аспаптар даярдала турган, составы көмүртек м-н байытылган болоттун бир түрү. Составында 0,6-0,7% ке чейин көмүртек болот. А. б. көмүртектүү, легирленген ж-а тез кесүүчү болуп бөлүнөт. Көмүртектүү А. б-ко кирүүчү ар түрдүү маркадагы болоттор бир биринен составындагы көмүртектин саны м-н айырмаланат. Ал ысытуу жолу м-н иштетилгенден кийин, бургу, кескич, өгөө, балта, калибр, микрометр сыяктуу аспаптарды жасоого колдонулат. Легирленген А. б. да кесүүчү, ченөөчү аспаптар үчүн пайдаланылып, жог. темп-рада катуулугун еактайт ж-а анын составындагы күкүрт, фосфор 0,03% тен ашпайт. Тез кесүүчү А. б-ко Rg, Ris маркасындагы болоттор кирет. Мындай болоттон жасалган кескич аспап бекемдиги ж-а ылдам кесиши м-н айырмаланат.

АСПАПТЫН ДИНАМОМЕТР-металлды иштетүүдөгү кесүүчү күчтү ж-а моментти өлчөөгө арналган прибор. А. д. негизинен кабыл алуучу түзүлүштөн, билдиргичтен алынган импульстарды алдын ала күчөтүп же трансформациялап көрсөтө турган түзүлүштөн турат.

АСПАПТЫН МУЗЫКА -муз. аспаптарда гана ойноо үчүн жазылган чыгарма (адамдын үнү катышпайт). Ac. м. жеке аспапта же жеке аспапты башка аспаптардын коштоосунда, камералык ансамблдерде аткарылат.

АСПАРАГУС, к. Спаржа.

АСПЕКТ (б и о л о г и я д а) - өсүмдүктөр коомдоштугунун сырткы көрүнүшү. Ал көрүнүш өөрчүү фазаларынын алмашып турушуна жараша жыл бою өзгөрүп турат. А. демейде жыл сайын айныбай кайталанат, бирок туруктуу А. түзө аябаган айрым түрлөр да бар. Мис, монокарптык өсүмдүктөр массалык түрдө гүлдөгөн же мөмөлөгөн мезгилинде гана А. түзө алат. Жазында, дарактар жалбырак байлай электе, дүйүм чөп тез өсүп, токой арасын көрккө бөлөйт, дарактар тегиз жалбырак байлаганда, токойдун арасын көлөкө басып, ал жердеги чөптөрдүн түрдүүлүгү азаят, айрым жазгы өсүмдүктөр вегетация мезгилин аяктайт. Фитоценоздо кээ бир өсүмдүктөрдүн массалык гүлдөшүнө же мөмө байлашына жараша А. өзгөрүлөт. А-тин алмашылып турушу талаа жерлерден даана байкалат. Аспекттик түрлөрдүн түсүнө жараша А. ар кандай аталат. Мис, сары байчечөкейлер гүлдөп турган учурда, басымдуулук кылган фитоценоздор - сары А., кызгалдактар гүлдөп Турган учурда - кызыл А., бетеге, ак кылкан баш алтайдагы боздоңдор боз түстүү А. деп аталат.

АСПЕРГИЛЛЕЗ (Aspergillus) - адамда, канаттууларда ж-а кээ бир жаныбарларда учуроочу жугуштуу дарт. А-ду көбүнчө аспергилл (Aspergillus Mich) грибогу пайда кылат. Адамдын А-у терини, былжырлуу челди, ички органдарды, айрыкча өпкөнү ж-а копкону жабыркатат (к. Микоз). Канаттуулар аспергилл жуккан жем ж-а сасыткы жумуртка жесе ылаңдайт. А. айрыкча жазында Кырг-ндын бардык жеринде кездешет. А-дун негизги белгилери: ылаңдаган канаттуу алы кетип, аз кыймылдайт; канатын салбыратып, көзүн ачпай, дем алаарда мойнун созуп, оозун ачат, мурдунан ж-а оозунан көбүктүү суюктук агат; уйдун деми кыстыгып, көкүрөгү кыркырап, кургак жөткүрөт. А-дон сактануунун негизги чаралары: туура тоюттандыруу, өз убагында дезинфекциялоо ж-а сан.-гигиеналык талапты аткаруу. Аары А-ун Aspergillus flavus, A. niger грибогу пайда кылат. Дартка чалдыккан аары начарлап, тез өлөт. Өлгөн аары 1-2 күндүн ичинде саргыч тартып же карарып, катып калат. Ылайдын таралышына жаан-чачындуу аба ырайы, булганч, нымдуу уюк түрткү болот. Сактануунун негизги чаралары: өз убагында дезинфекциялоо, бал челектерди күнөс, кургак жерге жайгаштыруу, дарттуу аарыны өзүнчө бөлүп, бал же составында 17- 19% суусу бар кант сироп м-н кошумча тоюттандыруу.

АСПЕРГИЛЛОТОКСИКОЗ - малдын аспергилл грибогу пайда кылуучу уукма ылаңы. А. аспергилл м-н булганган жем, чөп аркылуу малга жугат. Көбүнчө чочко ж-а канаттуулар ылаңдайт, башка малда да жолугат. Ал чочкодо 18-24 саатка, кээде 6- 10 күнгө, канаттууларда' 2-5 күнгө созулат. Ылаңдаган малдын тарамышы түйүлөт, колу-буту, моюну Шал болот, деми кысылат, жүрөгү начарлайт; ылаң создукса, оозунан шилекей куюлат, аш казанынын иштеши начарлап, кан аралаш чычкактайт. Малдын көпчүлүгү өлүмгө учурайт. Диагнозу эпизоотология, клиника, лаборатория изилдөөлөрүнүн негизинде коюлат. А-го каршы атайын дары жок. Бул ылаңды болтурбоо үчүн бардык жем-чөпкө вет.-сан. көзөмөлдөө жүргүзүлүп, кургак Ж-а таза сакталат. Дарылоо малдын нерв системасы, өпкө, жүрөк, аш казанынын иштешин жакшыртууга, организмдеги ууну тез бөлүп чыгарууга жардам берет.

АСПИДДЕР (грекче aspis - уулуу жылан) - суу жыландардын бир түрү. А-дин үстүңкү тиштери уулуу. Уусу медицинада пайдаланылат. Алардын 41 уруусунун 181 түрү белгилүү. Көбү баласын тирүүлөй тууйт. Алар Авсралияда, Африкада, Түш. Азияда, Американын түш. ж-а борб. бөлүгүндө, СССРде (Түркмөнстанда) жашайт. Кемирүүчүлөр, кескелдириктер ж. б. м-н азыктанат.



oh_kaptal

Айылдын ээси айтылуу Жанызак:
емейл: janyzak@mail.ru
тел.: 0777329784, 0557329784, 890463
Айыл жөнүндө:
КСЭнин толук жыйнагы - интернетке чыгарууну КСДП 50000 сом берип каржылаган.
Кызым Айпери 3000 бетти сканерлеп, FineReader`ден таанытып, Word`ко чыгарды.
Уулум Жакшылык ар бир макаланы өз-өзүнчө жарыялады.
Баары-жогун балдарым жасап, аты мага калды .
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!